Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ОКУРМАНДАРДЫН СУРООЛОРУ

Рождествону майрамдоонун эмнеси жаман?

Рождествону майрамдоонун эмнеси жаман?

Рождествону дүйнөдө миллиондогон адамдар майрамдашат. Алардын аны майрамдаганынын бир нече себеби бар. Мисалы, айрымдар Рождество учурунда үй-бүлөсү, достору менен чогуу убакыт өткөргөндү жакшы көрүшөт. Башкалары болсо Кудай жөнүндө көбүрөөк ой жүгүртүшөт же кедей-кембагалдарга жардам беришет. Бирок эч кандай жаман жери жок андай иштер Кудайга жакпаган нерселер менен байланыштуу.

Биринчиден, көптөр Рождествону Исанын туулган күнү деп эсептешкени менен, тарыхчылар Исанын төрөлгөн күнү белгисиз экенин айтышат. Буга байланыштуу бир китепте «Исанын алгачкы жолдоочулары анын туулган күнүн белгилешпегени» айтылат. Анын себеби китепте алардын «бутпарастардын салтына кармангысы келгенбегенинде болгон» деп түшүндүрүлөт («Christian Book of Why»). Кызыктуусу, Ыйык Китептин бир да жеринде Иса Машаяктын өзүнүн же кимдир бирөөнүн туулган күнүн белгилегени айтылбайт. Анда Исанын өзүнүн жолдоочуларына анын өлгөн күнүн белгилөөнү буйрук кылганы жазылган (Лука 22:19).

Экинчиден, көптөгөн окумуштуулар Рождествого байланыштуу жөрөлгөлөрдүн көбү, чынында, бутпарастардын салтынан келип чыкканына кошулат. Андай жөрөлгөлөргө Санта Клаустун келиши, балаты коюу, белек берүү, шам күйгүзүү жана үйдүн ичи-тышын гирляндалар менен кооздоо, ошондой эле Рождество ырын ырдоо кирет. Алардын айрымдарына байланыштуу бир китепте: «Рождестводо бири-бирибизге белек берип, үйүбүздү, чиркөөлөрүбүздү жашыл гирляндалар менен кооздогонубузда бутпарастардын салтына карманып жатканыбызды канчабыз билебиз?» — деген суроо берилген («The Externals of the Catholic Church»).

«Рождестводо бири-бирибизге белек берип, үйүбүздү, чиркөөлөрүбүздү жашыл гирляндалар менен кооздогонубузда бутпарастардын салтына карманып жатканыбызды канчабыз билебиз?» («The Externals of the Catholic Church»)

Бир караганда эч кандай зыяны жоктой көрүнгөндүктөн силер: «Андай салттарга кармануунун эмнеси жаман?» — деп ойлошуңар мүмкүн. Бул суроого жооп алыш үчүн Рождество майрамынын үчүнчү туура эмес жагына көңүл бурсаңар. Кудай өзүнө сыйынгандардын бутпарастардын салттарына карманышын каалабайт. Ал байыркы убакта түз жолдон чыгып кеткен ысрайылдыктарга Амос деген пайгамбары аркылуу: «Мен силердин майрамдарыңарды четке кагам, жек көрөм... Кулактын кужурун алган ырыңарды мага угузбагыла»,— деген (Амос 5:21, 23).

Кудай эмне себептен ушинтип катуу айткан? Келгиле, байыркы Ысрайылдын түндүк падышалыгында жашагандар кандай иштерди кылганын карап көрөлү. Алардын биринчи падышасы Жеробам Дан жана Бейтел деген шаарларга алтын музоолорду орнотуп, элди аларга сыйынууга үндөгөн. Ошонун айынан ысрайыл эли Иерусалимдеги ибадатканага барып Жахаба Кудайга сыйынбай, ошол музоолорго сыйынып калган. Ошондой эле Жеробам падыша ушундай сыйынууга байланышкан майрамды киргизип, дин кызматчыларды дайындаган (1 Падышалар 12:26—33).

Ысрайылдыктардын кылгандары жакшы ниет менен жасалгандай көрүнгөн. Себеп дегенде алар анын баарын Кудайга сыйыныш үчүн жана ага жагыш үчүн кылып жатабыз дешкен. Бирок Кудайдын аларга Амос жана башка пайгамбарлар аркылуу айттыргандарынан алардын кылгандары Кудайга жакпаганы көрүнүп турган. Ошондой эле Малаки деген пайгамбар аркылуу Кудай: «Мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм»,— деп айткан (Малаки 3:6). Мындан бүгүнкү күндө көптөр белгилеген Рождество майрамына карата Кудай кандай көз карашта экенин билүүгө болот.

Жогоруда айтылган фактыларды билген соң миллиондогон адамдар Рождество майрамын белгилебей калышкан. Алар азыр белгилүү бир күндөрү эле эмес, каалаган учурунда үй-бүлөсү, достору менен чогуу убакыт өткөрүп, бей-бечараларга жардам берип, чындап канааттануу алууда.