МУКАБАДАГЫ ТЕМА
Санааркаткан тар заман
«Бир күнү дүкөнгө барсам, таттуу токочтон башка эч нерсе жок экен. Анысы да 10 000 эсеге кымбаттап кетиптир! Эртеси болсо такыр эле эч нерсе калбай калыптыр» (Пол, Зимбабве).
«Бир күнү күйөөм менден кетип жатканын айтты. Ошондо: „Эми кантем? Балдар эмне болот?“ — деп санаам санга бөлүндү» (Жанет, АКШ).
«Сиренанын үнү угулганда, баш калкалай турган жакка чуркап барып, снаряд жарылганда, жерге жата калдым. Ошондон кийин колумдун калчылдаганы көпкө чейин басылган жок» (Алона, Израиль).
Биз тынчсызданбай коё албай турган «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Көптөр каржы каатчылыгынан, үй-бүлөнүн бузулушунан, согуштан, айыккыс оорудан, адамдын айынан болгон же табигый кырсыктан улам кыйналууда. Ал аз келгенсип, ар кимдин жеке кыйынчылыгы да бар. Алсак, денесинде шишиги барлар: «Ракка айланып кетпейби?» — деп тынчсызданса, башкалар: «Балдардын келечеги кандай болот?» — деп кабатырланат.
Кээде тынчсыздануу табигый нерсе. Мисалы, сынактан өтөрдө, жумуш берүүчү менен сүйлөшөрдө же ден соолукту ойлогондо тынчсызданбай коё албайбыз. Бирок өтө эле же дайыма тынчсыздана берүү зыяндуу. Атүгүл жөндүү болгондо да, тынчсыздана берүү мезгилсиз өлүмгө дуушар болуу ыктымалдыгын жогорулатары 68 000 киши катышкан бир изилдөөдөн айкын болгон. Иса пайгамбар бекеринен: «Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» — деп айткан эмес. Ооба, убайым тартып, өмүрүн узарткан бир да киши жок. Ошондуктан ал: «Тынчсызданганыңарды токтоткула»,— деп кеңеш берген. (Матай 6:25, 27). Бирок убайым тарттырган ойлордон кантип арылса болот?
Ан үчүн акыл-эстүүлүк, Кудайга болгон күчтүү ишеним жана келечекке карата бекем үмүт керек. Балким, азыр санааркаткан кыйынчылыгыбыз деле жоктур, бирок эртеңкини айтып болбойт. Келгиле, ушул нерселер Полго, Жанетке, Алонага кандайча жардам бергенин карап көрөлү.