МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ДЕГЕН КИМДЕР?
Эмнеге ишенишет?
Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылганына» жана пайдалуу экенине ишенишет (2 Тиметей 3:16). Ошондуктан Жараткан жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн жана маңыздуу жашоо өткөрүш үчүн Ыйык Китепти окушат.
Ыйык Китепте: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— делет (Забур 83:18). Андыктан биз Жахаба Кудайга гана сыйынабыз жана анын күбөлөрү катары ысмын жар салабыз (Ышая 43:10—12).
Ошондой эле биз Исанын «Кудайдын Уулу» * экенине жана ал жерге келип, Машаяк болгонуна ишенебиз (Жакан 1:34, 41; 4:25, 26). Иса өлгөндөн кийин асманга кайткан (1 Корунттуктар 15:3, 4). Бир канча убакыттан кийин болсо Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болуп дайындалган (Аян 11:15). Ал Падышалык — жерди Бейишке айландыра турган өкмөт (Даниел 2:44). Ал өкмөт башкарганда, «мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:11, 29).
«Алар Кудай Ыйык Китеп аркылуу сүйлөйт деп ишенишет, ошондуктан Ыйык Китепти окушат. Кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болгондо аны чечиш үчүн акыл-насаатты Кудайдын Сөзүнөн издешет... Алардын көз алдында Кудайдын Сөзү бүгүнкү күндө да баалуулугун эч жоготкон жок». (Бенжамин Чераят, католик дин кызматчысы, «Münsterländische Volkszeitung» гезити, Германия)
Биз Ыйык Китептеги принциптердин бүгүнкү күндө да пайдасы чоң деп эсептейбиз (Ышая 48:17, 18). Ошондуктан ошол принциптерге тыгыз карманабыз. Алсак, Ыйык Китепте акылды жана денени булгаган нерселерден алыс болушубуз керектиги эскертилгендиктен, тамеки тартпайбыз, баңгизат колдонбойбуз (2 Корунттуктар 7:1). Ошондой эле аракечтик, жыныстык адеп-ахлаксыздык, уурулук сыяктуу Кудайга жакпаган жаман иштерге барбайбыз (1 Корунттуктар 6:9—11).
^ 5-абз. Кудай Исаны гана жалгыз өзү жана эң биринчи жараткандыктан, Ыйык Китепте Иса «Кудайдын жалгыз Уулу» деп да аталат (Жакан 3:18; Колосалыктар 1:13—15).