1-СУРОО
Кудай деген ким?
«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»
«Жахабанын Кудай экенин билгиле. Бизди ал жараткан, өзүбүздү өзүбүз жараткан эмеспиз»
«Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм»
«Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»
«Ар бир үйдү кимдир бирөө курат, ал эми бардыгын курган — Кудай»
«Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла. Мунун баарын ким жараткан? Ал жылдыздардын кошуунун эсеби боюнча чыгарат, ар бирин атынан атайт. Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор болгондуктан, ар бири өз ордунда турат»