1-БӨЛҮМ
Бактылуу болуш үчүн Кудайдан жардам издегиле
«Жараткан... эң башында адамдарды эркек-аял кылып жараткан» (Матай 19:4).
Эң алгачкы үй-бүлөнү Жахаба * Кудай негиздеген. Ыйык Китепте анын аялды жаратып, «адамга алып келгени» айтылат. Адам ата ошондо абдан сүйүнгөндүктөн: «Мына, бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, денемден алынган дене»,— деп айткан (Башталыш 2:22, 23). Жахаба азыр да үй-бүлөлөрдүн бактылуу болушун каалайт.
Баш кошордо болочок жубайлар үй-бүлөлүк жашоосун жомоктогудай элестетип алышы мүмкүн. Бирок алар бири-бирин жанынан артык көрүшсө да, кыйынчылыктар болбой койбойт (1 Корунттуктар 7:28). Бул китепчеде Ыйык Китептеги айрым принциптер талкууланат. Аларды турмушуңарда колдонсоңор, бактылуу үй-бүлөлөрдөн боло аласыңар (Забур 19:8—11).
1 ЖАХАБА БЕРГЕН МИЛДЕТТЕРИҢЕРДИ АТКАРГЫЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Күйөө — үй-бүлөнүн башчысы (Эфестиктер 5:23).
Аялың бар болсо, Жахаба ага назиктик менен кам көрүшүңдү күтөт (1 Петир 3:7). Ал жубайыңды сени толуктап тура турган жардамчы катары жараткан жана аны кадырлап-сыйлап, сүйүшүңдү каалайт (Башталыш 2:18). Жубайыңды абдан жакшы көрсөң, анын кызыкчылыктарын өзүңдүкүнөн жогору коюуга даяр болосуң (Эфестиктер 5:25—29).
Эгер сен зайып болсоң, Жахаба жолдошуңду терең урматташыңды, ага милдеттерин аткарууга жардам беришиңди күтөт (1 Корунттуктар 11:3; Эфестиктер 5:33). Күйөөңдүн чыгарган чечимдерин колдоп, аны менен чын жүрөктөн кызматташ (Колосалыктар 3:18). Ошондо анын да, Жахабанын да көз алдында сулуу болосуң (1 Петир 3:1—6).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Жакшы жар болуш үчүн дагы эмне кылышыңар керектигин түгөйүңөрдөн сурап көргүлө. Анан кунт коюп угуп, жакшырганга аракет кылгыла
-
Чыдамдуу болгула. Бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуу үчүн убакыт керек
2 ЖАРЫҢАРДЫН СЕЗИМДЕРИН ЭСКЕ АЛГЫЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Түгөйүңөрдүн «кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:3, 4). Жахабанын өз кызматчыларынан «баарына жумшак мамиле кылышын» талап кыларын унутпай, жарыңарга назик мамиле жасагыла (2 Тиметей 2:24). Кудайдын Сөзүндө: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат»,— делет. Андыктан бир нерсе айтарда жакшылап ойлонгула (Накыл сөздөр 12:18). Жахабанын ыйык руху жарыңар менен сүйлөшкөндө ага боорукердик, сүйүү менен мамиле кылууга жардам берет (Галатиялыктар 5:22, 23; Колосалыктар 4:6).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Олуттуу нерселер тууралуу сүйлөшөрдө Кудайдан сабырдуу болууга жана жарыңардын оюн уга билүүгө жардам беришин сурагыла
-
Эмнени жана кантип айтарыңарды жакшылап ойлонгула
3 БИР ОЙДО БОЛГУЛА
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Үйлөнгөндөн кийин жарыңар менен «бир дене» болуп каласыңар (Матай 19:5). Ошентсе да экөөңөр дагы деле эки башка инсансыңар жана оюңар дайыма эле окшош боло бербеши мүмкүн. Андыктан бир ойдо, бир пикирде болууга умтулушуңар керек (Филипиликтер 2:2). Чечим чыгарып жатканда биримдүү болгонуңар абдан маанилүү. Анткени Ыйык Китепте: «Ой-максат кеңеш менен ишке ашат»,— делет (Накыл сөздөр 20:18). Маанилүү чечимдерди чыгарганда дайыма Ыйык Китептеги принциптерге жетектелгиле (Накыл сөздөр 8:32, 33).
ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?
-
Жарыңарга ой-пикириңерди эле эмес, сезимдериңерди да айткыла
-
Кайсы бир нерсеге байланыштуу милдеттенме аларда аны менен кеңешкиле
^ 4-абз. Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын ысымы — Жахаба.