Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Африка

Африка
  • ӨЛКӨЛӨР: 58

  • КАЛКЫ: 994 839 242

  • ЖАРЧЫЛАР: 1 421 375

  • ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨР: 3 516 524

Агайын аңдыган окуучулар

Жузе деген бир пионер Луанданын (Ангола) чет жакасында жашайт. Ал Падышалык залына жакын жайгашкан мектепте мугалим болуп иштейт. Жузе өзүн Машаяктын жолдоочусундай алып жүргөндүктөн жана мыкты мугалим болгондуктан, 86 окуучусу аны кадырлап-сыйлап, аябай жакшы көрөт. Ал жуманын ортосундагы саат 4тө башталган жыйналышка барыш үчүн жумушунан эртерээк кетүүгө суранып алган. Жумуштан чыгып, ал түз эле Падышалык залын көздөй жөнөйт.

Окуучулары агайынын жумуштан эрте кетип, каякка барарын билгиси келгендиктен, бир күнү алардын экөө анын артынан аңдып, жыйналышка барат. Анан жыйналышка дагы 3 окуучусу барат. Ошол күнү Жузе кызмат жолугушуусунан тапшырма менен чыгып калат. Бул жаңылык класска чагылгандай тез тарап кетет. Кийинки жумаларда жыйналышка барган окуучулардын саны 21ге чейин жеткен. Жарчылар аларга изилдөө сунуштаганда, көптөрү макул болгон. Ал окуучулар айрым адабияттарды мектепке алып барганда, дагы башкалар кызыгып, жыйналышка бара баштаган. Ошентип, окуу жылынын аягына чейин 86 окуучунун 54ү жыйналышка барган. Жузе 23 окуучусунун рухий жактан ийгилик жасап, жыйналышты калтырбай барып жатканын жазган.

Аймак жетишсиз беле?

Нигерия: Кызматта DVD плеерин колдонуп жаткан Жозеф менен Евези

Нигерияга дайындалган атайын пионерлер Жозеф менен Евези ал жакка барганда, адамдардын кош көңүлдүгүнөн улам көңүлү чөккөн бир нече жарчы аларга: «Бизде аймак жетишсиз, баары иштетилип бүткөн»,— деген. Бирок бир жылдан кийин Жозеф филиалга мындай деп кат жазган: «Биз аймактарды күн сайын иштетип жатабыз. Ошонун аркасында көптөрдүн терс көз карашы өзгөрүп, кабарыбызга кош көңүл карабай калды. Кызматка DVD плеерибизди алып алып, кичинекей балдарга, өспүрүмдөргө, чоң кишилерге да видеотасмаларды көрсөтүп жатабыз. Азыр аялым экөөбүз ай сайын 18 киши менен изилдейбиз. Кээде баары менен изилдегенге жетишпей калабыз. Балдар болсо сайттагы мультфильмдерди коюп беришибизди дайыма суранат».

Аралдагылардын өтүнүчү

Конго (Киншаса): Жахабанын Күбөлөрү балыкчыга кабар айтууда

2014-жылдын апрелинде Конгодогу (Киншаса) филиал Киву көлүндөгү Ибинжа аралында жашаган балыкчылардан жүрөк козгоорлук кат алган. Ал балыкчылар ошол аралдын тегерегиндеги шаарларга соода кылыш үчүн көп барышат. Бир күнү алар Букаву шаарынан Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калат. Күбөлөр аларга кабар айтып, Ыйык Китеп жана бир нече адабият берет.

Балыкчыларга окугандары аябай таасир этип, билгендерин аралдагыларга айта башташат. Көптөр кызыгып калгандыктан, балыкчылар өздөрүнүн ичинен бир кишини Жахабанын Күбөлөрүн таап, Ибинжага чакырып келиши үчүн Букавуга жөнөтөт. Ал аларды таппай коюп, филиалга мындай деп кат жазат: «Бизге Жахабанын Күбөлөрүн жиберип, Ыйык Китепти түшүнгөнгө жана түбөлүк жашаш үчүн эмне кылыш керектигин билгенге жардам беришиңерди суранабыз. Биз аларды түнөк жай менен өзүбүз камсыз кылабыз. Мен чиркөө курганга менчик жеримди бергенге даярмын. Китептериңердеги аяттардан дин кызматчылар менен пасторлордун бизге жалган нерселерди үйрөтүп келгенин билдик. Биз чыныгы динди тапканыбызга көзүбүз жетип жатат. Ибинжада Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөсү болгусу келгендер көп».

Катта ал аралда 40тай киши чындыкка кызыгып калганы жазылган. 18000ден ашык киши жашаган Ибинжада бир да Жахабанын Күбөсү жок болчу. Филиал дароо ал жакка жергиликтүү тилди билген эки атайын пионерди дайындаган.

Пастордун чындыкты табышы

«Мен Эскерүү кечесин экинчи калтырбайм». Бул сөздөрдү Түштүк Африкадагы протестант чиркөөсүнүн көрүнүктүү пастору айткан. Ага Эскерүү кечесине барганга эмне түрткү берди эле? Эки башка расадан болгон бир туугандар анын үйүнө кабар айтып барып калышат. Алар мурда пасторду билгендиктен сүйлөшкүсү келбейт болуш керек деп ойлошкон. Алардын бири Адэн мындай дейт: «Таң калыштуусу, ал бизди үйүнө киргизди. Аны менен көпкө чейин сүйлөштүк. Ал ак кишинин кара кишилер жашаган аймакта кабар айтып жүргөнүнө жана анын тилинде сүйлөп жатканына аябай таң калды. Ошондон кийин ал Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдей баштады».

Адэн сөзүн мындай деп улайт: «Ал 40тан ашуун жылдан бери миссионер жана пастор болуп келатса да, бардык суроолоруна 80 жашында гана жооп алганын айтты. Ага „Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла“ деген китеп аябай жагат. Изилдөө учурунда кээ бир ойлорду эстеп калып, чиркөөдө сөз сүйлөгөндө ошол ойлорду айтат. Бир жолу ал чиркөөгө келгендерге „Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?“ китебин көрсөтүп: „Эгер Жахабанын Күбөлөрү ушул китеп менен үйүңөргө келсе, аларды жылуу тосуп алып, айткандарын кунт коюп уккула, анткени бул китепте рухий кенч катылган“,— деп айтыптыр».

Бирок чиркөөсүндөгү диний жетекчилер ага ачууланып, чиркөөдөн экинчи Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө сөз кылбашын эскерткен. Ошондо ал эмне кыларын билбей бушайман болгон. Адэн ага 2013-жылдын «Жылдык китебине» чыккан Мьянмадагы дин кызматчы жөнүндөгү окуяны окуп бергенде, ал: «Бул мен жөнүндө турбайбы! Мен создуктурбай, тез арада олуттуу чечим чыгарышым керек экен»,— деген.

Пастор биринчи жолу Эскерүү кечесине 2014-жылы 14-апрелде барган жана аны экинчи калтырбай турганын айткан. Ошондой эле жалган динди таштоого чечкиндүү экенин билдирген.

Какао плантацияларын аралай

Гана: Какао плантациясында кабар айтып жаткан Бафю менен Эрон

Бафю менен Эрон деген атайын пионерлер Гананын батышындагы какао плантациялары бар Бокабо деген аймакта кызмат кылат. Алар аймактарына плантациялар аркылуу кууш, ийри-буйру жолдор менен гана бара алат. Эгер жолду билбесең, оңой эле адашып кетесиң. Бир күнү ал экөө күнүгө өтүп жүргөн жол менен эмес, башка жол менен барып, ага чейин бир да жолу барбаган үйлөргө туш болот. Ошол үйлөрдүн биринде жашаган Майкл менен Пейшенс деген жубайлар жакшы кабарга кызыгып, Ыйык Китепти изилдөөгө дароо макул болушат. Майкл атайын пионерлерге: «Акыркы эки жылдан бери чиркөөгө барбай калганбыз. Биз чиркөөдөгүлөрдүн Ыйык Китепке туура келбеген иштерди кылганын көрүп көңүлүбүз иренжип калган. Чиркөөгө барбасак да, аялым экөөбүз суроолорубузга жооп издеп, күнүгө кечинде Ыйык Китепти өз алдыбызча окуп-изилдечүбүз. Кудайдан да чындыкты табууга жардам беришин сурап тиленчүбүз»,— деп айткан. Плантацияларды аралап, узак жол басыш керек болсо да, алар дароо жыйналыштарга бара баштаган. Былтыр экөө тең чөмүлүп, үзгүлтүксүз пионер болушкан. Эми алар да чындыкка суусаган адамдарды табыш үчүн какао плантацияларын аралап, кабар айтып жүрүшөт.

Майкл менен Пейшенс плантацияны аралап кетип баратышат