ДОМИНИКАН РЕСПУБЛИКАСЫ
«Бир күнү аларга сөзсүз жолугабыз!»
«Бир күнү аларга сөзсүз жолугабыз!»
Болжол менен 1935-жылы Сибао өрөөнүндө жашаган Пабло Гонсалес деген киши Ыйык Китепти окуй баштаган. Ал бир канча убакыт бою протестанттардын чиркөөсүнө барып жүрүп, бирок алардын жүрүм-туруму Ыйык Китепке каршы келерин көргөндө ал жактан кетип калган. Анткен менен Кудайдын Сөзүн өз алдынча окуп-изилдей берген. Ал тургай билгендерин башкаларга айта баштаган. Адегенде үйүндөгүлөрүнө, кошуналарына, андан соң коңшу айылдарда жашагандарга айткан. Кийинчерээк фермасын, малын сатып, башка жерлерди да кыдыра баштаган.
1942-жылы Пабло ошол аймактардагы 200дөй үй-бүлөнү кыдырган. Жахабанын Күбөлөрү менен жолуга элек болсо да, жолугушууларды өткөрө баштаган. Ал адамдарды Ыйык Китепти изилдөөгө, анда жазылгандарга ылайык жашаганга үндөй турган. Көптөр анын айткандарына кулак кагып, тамекисин таштаган, башкалары көп аял алганын токтоткон.
Паблодон Ыйык Китептеги кабарды уккандардын бири Селеста Росарио болгон. Ал мындай деп эскерет: «Мен анда 17де болчумун. Таякемдин баласы Негро
Жименез Пабло Гонсалес жетектеген топтордун биринде болчу. Бир жолу ал биздикине келип, Ыйык Китептен бир нече аят окуп берди. Ошондо көзүм ачылгандай эле болду, мен дароо эле католик чиркөөсүнөн кетүүнү чечтим. Чиркөөдө айтылгандар латын тилинде болгондуктан, эч нерсе түшүнчү эмеспиз. Кийинчерээк биздикине Пабло Гонсалес келип, ишенимибизди ого бетер бекемдеди. Анын ошондо: „Биз азыркы диндердин эч бирине таандык эмеспиз, бирок дүйнө жүзүндө бир туугандарыбыз бар. Биз алардын ким экенин же кантип аталарын азырынча билбейбиз, бирок бир күнү аларга сөзсүз жолугабыз!“ — деп айтканы эсимде».Пабло Лос Какаос Салседодо, Монте Адентродо, Салседодо жана Вилла Тенаресте Ыйык Китепти изилдеген адамдардын топторун түзгөн. 1948-жылы ал башка автобуска отурмакчы болуп Сантьягого токтогондо көчөдөн эки Жахабанын Күбөсүнө жолугуп калган. Алар ага «Күзөт мунарасы» журналын беришкен. Дагы башка жолу бир эже ага эки китеп берип, аны Сантьягодо өткөрүлгөн Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине чакырган. Ал жактан уккандарына аябай таасирленип,
чындыкты тапканына жана алардын өзү издеп жүргөн адамдар экенине көзү жеткен.Көп өтпөй миссионерлер Пабло изилдөө өткөрүп жүргөн кишилерге барган. Алар Пабло жолугушуу өткөргөн жерлердин биринде аларды чыдамсыздык менен күтүп жаткан 27 кишиге жолуккан. Айрымдары 25 километрди жөө басып келишсе, башкалары ат минип 50 километр жол арытып келишкен экен. Кийинки жерге 78 киши, дагы башка жерге 69 киши чогулуптур.
Пабло миссионерлерге чындыкка кызыккан 150дөй кишинин тизмесин берген. Момун, Кудай жөнүндө билимге суусаган ал адамдар ага чейин эле Ыйык Китепти изилдеп, андагы принциптерди колдонуп жүрүшкөн. Аларга уюм жана жетекчилик гана керек болчу. Селеста мындай деп эскерет: «Биздикине миссионерлер келип, жолугушуу өткөрүштү. Анан даяр болгондорду чөмүлтүштү. Үйдөгүлөрдөн биринчилерден болуп мен чөмүлдүм. Кийинчерээк апам Фиделия Жименез менен Кармен эжем чөмүлдү».
Сантьяго шаарында 1949-жылы 23—25-сентябрда өткөрүлгөн биринчи райондук жыйынга катышкандар жакшы кабарды таратууга ого бетер түрткү алышкан. Жыйындын жекшемби күнкү жалпыга арналган баяндамасына 260 киши катышып, 28 киши чөмүлгөн. Үч күндүк жыйынга биринчи жолу баргандар Кудай өзүнүн эркин аткарыш үчүн дал ошол уюмду колдонуп жатканына ынанышкан.