131-БӨЛҮМ
Бейкүнөө Падышанын устунга кадалышы
МАТАЙ 27:33—44; МАРК 15:22—32; ЛУКА 23:32—43; ЖАКАН 19:17—24
-
ИСА МАШАЯК ЖАЗА УСТУНУНА КАДАЛАТ
-
УСТУНДАГЫ ЖАЗУУНУ КӨРҮП, ШЫЛДЫҢДАШАТ
-
МАШАЯК КЫЛМЫШКЕРГЕ БЕЙИШТЕ ЖАШААРЫН АЙТАТ
Иса Машаякты Голгота (Баш-Сөөк) деп аталган жерге алып барышат, аны менен 2 каракчы да жазага тартылмак. Ал жер «алыстан» эле көрүнүп турчу (Марк 15:40).
Жазага тартыла турган үч кишинин сырткы кийимдерин чечишет. Анан мирра менен ачуу зат кошулган шарап беришет. Ооруну басаңдаткан мындай шарапты иерусалимдик аялдар жасашкан көрүнөт, ал эми римдиктер шараптын өлүм жазасына тартыла тургандарга берилишине каршы болушкан эмес. Бирок Машаяк татып көрүп, ичпей коёт. Анткени ал ушундай оор сыноодо акылын тунук сактап, бардыгын айкын түшүнүүнү, өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактоону каалаган.
Ошентип, Машаякты устунга кадашат (Марк 15:25). Колу-бутуна кагылган мыктар этин, тарамыштарын жиреп, пайгамбардын жанын сыздатат. Устунду өйдө көтөрүшкөндө, денесинин салмагынан улам мык кагылган жерлер жырылып, жаны көзүнө көрүнөт. Бирок жоокерлерге ачууланбастан: «Ата, буларды кечире көр, анткени эмне кылып жатышканын билишпейт»,— деп тиленет (Лука 23:34).
Адатта, римдиктер кишинин эмне кылмыш кылганын тактайчага жазып, устунга кагып коюшчу. Пилат Иса Машаяк кадалган устунга «Назареттик Иса, жүйүттөрдүн Падышасы» деген жазууну илдиртип коёт. Баары окуй алышы үчүн, аны еврейче, латынча, грекче жаздыртат. Бул Пилаттын Машаякты өлтүргүсү келгендерди жек көрөрүн көрсөтүп турган. Жинденген жогорку дин кызматчылар: «„Жүйүттөрдүн Падышасы“ деп эмес, өзү айтып жүргөндөй, „Мен жүйүттөрдүн Падышасымын“»,— деп жазылышын талап кылышат. Бирок Пилат: «Эмнени жазсам, ошону жаздым»,— деп коёт. Анткени жүйүттөрдүн ага эмне кылышты үйрөтүшүн каалаган эмес (Жакан 19:19—22).
Кыжырданган дин кызматчылар Синедриондун сотунда пайгамбарга коюлган айыпты айтып, аны мазакташат. Ары-бери өткөндөр да баштарын чайкап: «Эй, ибадаткананы талкалап, кайра үч күндө тургузуп жиберчү киши, жаза устунунан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы!» — деп шылдыңдашат. Ал эми жогорку дин кызматчылар менен китепчилер: «Кана, Ысрайылдын Падышасы Машаяк азыр жаза устунунан түшсүнчү. Түшкөнүн көрүп, ага ишенип калалы»,— дешет (Марк 15:29—32). Жадагалса жанындагы каракчылар да айыпсыз пайгамбарды келекелешет.
Төрт жоокер да аны шылдыңдайт. Кыязы, ачуу шараптан кызып калган жоокерлер пайгамбарга шарап сунумуш болуп, бирок кайра тартып алып, шакаба чегишкен көрүнөт. Алар Машаяктын баш жагына илинген жазууну карап: «Эгер жүйүттөрдүн Падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы»,— деп какшыкташат (Лука 23:36, 37). Жол, чындык, өмүр боло турган адил кишини ушинтип кордошкону кандай гана өкүнүчтүү болгон! Бирок ал баарына чыдап, эч кимди: жүйүттөрдү да, мазактаган жоокерлерди да, кылмышкерлерди да жемелеген эмес.
Жоокерлер анын сырт кийимин алып, төрткө бөлүшөт да, өкчөмө таш ыргытышат. Анын ич кийими «башынан аягына чейин токулган» мыкты сапаттагы кийим болгондуктан: «Муну айрыбай эле коёлу. Андан көрө, өкчөмө таш ыргытып, кимибизге тиерин көрөлү»,— дешет. Ушундайча: «Алар кийимимди өз ара бөлүп жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат»,— деген пайгамбарлык аткарылат (Жакан 19:23, 24; Забур 22:18).
Каракчылардын бири Машаяктын чын эле Падыша экенине көзү жеткенде экинчисин тыйып: «Сен, эмне, Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң деле ушундай жазага тартылбадыңбы. Бизге го адилеттүү өкүм чыгарылып, кылган иштерибизге жараша жазаланып жатабыз. Бул болсо эч кандай жаман иш кылган эмес»,— дейт. Анан пайгамбардан: «Падыша болгонуңда мени эстей көр»,— деп өтүнөт (Лука 23:40—42).
Иса пайгамбар: «Сага бүгүн айтамын, сен мени менен Бейиште болосуң»,— деп жооп берет. Анын Падышалыкта эмес, Бейиште болосуң деп айтканына көңүл бурсаң (Лука 23:43). Бул убада пайгамбардын элчилерине берген убадасынан айырмаланган (Матай 19:28; Лука 22:29, 30). Жахаба Адам ата менен Обо эненин жана алардын урпактарынын Бейиште жашашын ниет кылган. Ошол кылмышкер жүйүт элинен болгондуктан бул тууралуу билсе керек. Эми ал тирилүүгө болгон үмүткө ээ болуп көз жумат.