Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-САБАК

Дос күтүү үчүн, өзүң дос күтө билишиң керек

Дос күтүү үчүн, өзүң дос күтө билишиң керек

Достук сүйүүгө негизделет. Жахаба жөнүндө көбүрөөк билген сайын, ага болгон сүйүүң өсө берет. Ал эми сүйүүң өскөн сайын, Кудайга кызмат кылууга болгон каалооң да артат. Бул сага Ыйсанын жолдоочусу болууга түрткү берет (Матай 28:19). Жахабанын Күбөлөрүнүн бактылуу үй-бүлөсүнө кошулуп, Кудай менен түбөлүккө дос боло аласың. Ал үчүн эмне кылышың керек?

Кудайды сүйөрүңдү анын мыйзамдарына баш ийүү менен көрсөтүшүң зарыл. «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес» (1 Жакан 5:3).

Үйрөнгөндөрүңдү иш жүзүндө колдон. Ыйса буга байланыштуу төмөнкүдөй көрсөтмөлүү мисал айткан. Бир акылдуу адам үйүн таштын үстүнө курат. Ал эми башка бир акылсыз киши үйүн кумдун үстүнө салат. Жаан аралаш катуу шамал соккондо, ташка курулган үй эч нерсе болгон эмес, кумдун үстүнө салынган үй болсо кыйрап калган. Ыйса өзүнүн окууларын угуп, аларды иш жүзүндө колдонгондор үйүн ташка салган акылдуу кишиге, ал эми анын окууларын угуп, бирок аларды аткарбаган үйүн кумдун үстүнө курган акылсыз кишиге окшош экенин айткан. Ушул эки кишинин кимисине окшош болгуң келет? (Матай 7:24—27).

Арналуу. Бул Жахабага тиленүү аркылуу кайрылып, анын эркин түбөлүккө аткарууну каалай турганыңды айтууну билдирет. Кудайдын эркин аткаруу менен Ыйсанын жолдоочусу экениңди көрсөтөсүң (Матай 11:29).

Чөмүлтүлүү. «Ордуңдан тургун да, Ыйса Теңирдин [«Эгенин», «ЖД»] ысымын чакырып, сууга чөмүлдүрүлгүн, күнөөлөрүңдөн тазалангын» (Элчилер 22:16).

Кудайга бүт жүрөгүң менен кызмат кыл. «Эмне жасасаңар да, бардыгын чын жүрөктөн, адамдар үчүн эмес, Теңир үчүн жасагыла» (Колостуктарга 3:23).