Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Бир гана Кудайдын Падышалыгына берилгендик сактайбыз

Бир гана Кудайдын Падышалыгына берилгендик сактайбыз

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын эли Падышалыкка берилгендик сактагандыктан бул дүйнөдөн оолак болот

1, 2. а) Машаяктын жолдоочулары бүгүнкү күнгө чейин кайсы принципке жетектелип келишет? б) Душмандар бизди жок кылыш үчүн эмнелерди кылышкан? Алар ийгиликке жетишкенби?

 ИСА МАШАЯК жүйүттөрдүн таасирдүү соту Пилаттын алдында турганда маанилүү бир принципти айткан. Ал принципке анын чыныгы жолдоочулары бүгүнкү күнгө чейин жетектелип келишет. Ал: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк. Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деген (Жкн. 18:36). Душмандар аны өлүм жазасына тартса да, алар жеңишке жетишкен эмес. Анткени Машаяк көп өтпөй эле тирилген. Кубаттуу Римдин башкаруучулары Машаяктын жолдоочуларын жок кылууга аракет кылып келишкен. Бирок алар ошого карабай жакшы кабарды дүйнөнүн чар тарабына тарата беришкен (Кол. 1:23).

2 Кудайдын Падышалыгы 1914-жылы орногондо, зор бийликке ээ болгон аскердик күчтөр Кудайдын элин жер менен жексен кылууга умтулушкан. Бирок алар ийгиликке жетишкен жок. Жаңжал чыкканда, көптөгөн өкмөттөр, саясий топтор бизди кайсы бир тарапты ээлөөгө мажбурлашат. Бирок алар ынтымагыбызды ыдырата алган жок. Биз, Падышалыктын эли, ар кайсы өлкөдө жашасак да, бир үй-бүлөдөй бирдиктүүбүз, саясатка да аралашпайбыз. Ооба, биримдигибиз — Падышалыктын башкарып жатканынын жана Падышабыздын бизди жетектеп, тазалап, коргоп келатканынын айкын далили. Бул бөлүмдө анын бул «дүйнөгө таандык болбогон» жолдоочуларын кантип коргоп келгенине жана сот майданында кандай жеңиштерге жеткиргенине токтолобуз. Мунун аркасында ишенимибиздин бекемделери шексиз (Жкн. 17:14).

Маанилүү маселе

3, 4. а) Падышалык орногондо, кандай окуялар болгон? б) Бир туугандар бейтараптуулукка байланыштуу маселени айкын түшүнүшкөнбү? Түшүндүргүлө.

3 Падышалык орногондон кийин, асманда согуш болуп, Шайтан жерге кулатылган. (Оку: Аян 12:7—10, 12.) Согуш жерде да болгон. Ал согушта Кудайдын элинин берилгендиги сыналган. Алар Машаяктын жолун жолдоого, дүйнөдөн оолак болууга чечкиндүү болушкан. Бирок бейтараптуулукту сактоо эмнени билдирерин аягына чейин түшүнүшкөн эмес.

4 Мисалы, 1904-жылы чыккан «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» деген китептин 6-томунда a Кудайдын эли согушка катышпоого чакырылган. Бирок, эгер аскерге чакырылышса, аскердик кызматтын колго курал албаган түрүн тандоого аракет кылышы керектиги айтылган. Ал эми күчкө салып эле согушка жибере турган болсо, алар эч кимди өлтүрбөшү керек болчу. 1905-жылы чөмүлгөн британиялык Гилберт Синьор бир тууган: «Аскерге барып, бирок колго курал албай кызмат өтөсө болор-болбосуна байланыштуу так-айкын жетекчилик жок болгондуктан, бир туугандар эмне кылышты билбей кыйналышчу»,— деген.

5. «Күзөт мунарасынын» 1915-жылдын 1-сентябрындагы санынан тартып эмне айкыныраак түшүндүрүлө баштаган?

5 «Күзөт мунарасынын» 1915-жылдын 1-сентябрындагы санынан тартып бейтараптуулук маселеси айкыныраак түшүндүрүлө баштаган. Анда «Жазманы изилдөө» эмгегинде айтылгандарга байланыштуу: «Колго курал албай кызмат өтөө Ыйык Жазмада айтылгандарга каршы келет деп ойлоп жатабыз»,— делген. Бирок Кудайдын кызматчысын аскер кийимин кийүүдөн, аскерге баруудан баш тартканы үчүн атууга кетиребиз деп коркутушса, ал эмне кылышы керек эле? Макалада: «Тынчтык төрөсүнө берилгендик сактап, осуяттарына бек карманганыбыз үчүн атууга кеткенибиз жакшыбы же анын буйруктарын бузуп, бул дүйнөнүн падышаларын колдогонубуз үчүн ок жегенибиз жакшыбы? Албетте, Асман Падышасына берилгендигибизди сактап өлгөнүбүз артык»,— делген. Ушундай күчтүү сөздөр айтылса да, макала: «Биз так ушундай кылгыла деп айтпайбыз. Бул тек гана сунуш»,— деп корутундуланган.

6. Гилберт бир туугандан эмнеге үйрөнө алабыз?

6 Бирок аскерге баруу туура эмес экенин айкын түшүнгөн бир туугандар да болгон. Алар берилгендигин сакташ үчүн баарына даяр болушкан. Алсак, Гилберт бир тууган: «Ок-дарыларды кемеден түшүрүү болобу [курал албай кызмат өтөө] же мылтыкка ок чаптообу, мен үчүн бирдей эле»,— деген (Лк. 16:10). Абийири жол бербегендиктен, аскер кызматынан баш тартканы үчүн Гилберт менен башка 4 бир тууганды жана ошол эле себептен камалган башка диндерди туткан 11 кишини Британиядагы Ричмонд түрмөсүнө камашкан. Алар ал жакта бир нече убакыт жатышкан. Кийинчерээк аларды «Ричмонддун 16 туткуну» деп атап коюшкан. Гилбертти башка 15 туткун менен бирге жашыруун түрдө Франциядагы согуш кызуу жүрүп жаткан жерге алып барышкан. Ал жактан алар атууга кетишмек. Туткундарды өлүм өкүмүн ишке ашыра турган жоокерлердин алдына тизип, бирок өлтүрбөй эле, 10 жылга кесип жиберишкен.

«Кудайдын эли ар убакта, атүгүл согуш маалында да баары менен тынчтыкта болушу керектигин түшүнгөм» Саймон Кракер (7-абзацты карагыла)

7. Экинчи дүйнөлүк согуш башталган маалда Кудайдын эли эмнени айкыныраак түшүнүп калган?

7 Экинчи дүйнөлүк согуш башталган маалда Кудайдын эли бейтараптуулукту сактоо жана Машаяктын жолун жолдоо эмнени билдирерин айкыныраак түшүнүп калган (Мт. 26:51—53; Жкн. 17:14—16; 1 Пет. 2:21). Мисалы, «Күзөт мунарасынын» 1939-жылдын 1-ноябрындагы санына «Бейтараптуулук» деген маанилүү макала чыккан. Анда: «Жахаба менен келишим түзгөн эл улут аралык согушта эч кимдин тарабын ээлебей, бейтараптуу болушу керек»,— делген. Кийин башкы башкармалыкта кызмат кылган Саймон Кракер бир тууган: «Ошол макаладан Кудайдын эли ар убакта, атүгүл согуш маалында да баары менен тынчтыкта болушу керектигин түшүнгөм»,— деген. Өз убагында берилген бул жетекчилик Кудайдын элине алдыдагы оор сыноолорго туруштук берип, берилгендигинен жазбоого жардам берген.

«Дарыядай» каршылыктар

8, 9. Элчи Жакандын пайгамбарлыгы кандайча аткарылган?

8 Элчи Жакан, 1914-жылы Падышалык орногондон кийин, ажыдаардын — Шайтан Ибилистин — Падышалыкты колдогондорду жок кылыш үчүн «оозунан» «дарыядай сууну коё берерин» айткан b. (Оку: Аян 12:9, 15.) Бул кантип аткарылган? 1920-жылдан тартып куугунтуктар болуп көрбөгөндөй күч ала баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Саймон бир тууган, Түндүк Америкадагы көп бир туугандардай эле, Падышалыкка берилгендик сактаганы үчүн түрмөгө камалган. Согушка катышуудан баш тарткандыктан АКШнын федералдык түрмөсүнө камалгандардын үчтөн эки бөлүгү Жахабанын Күбөлөрү болгон.

9 Ибилис менен анын таламдаштары бүт дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибизди берилгендигинен тайдырууга аракет кылышкан. Душмандар Африкадагы, Европадагы, АКШдагы бир туугандарды соттордун, мөөнөтүнөн эрте бошотууну чечкен комиссияларынын алдына алып барышкан. Бейтараптуу болууга чечкиндүү болгону үчүн, аларды камашкан, сабашкан, айрымдарын атүгүл майып кылып салышкан. Ал эми Германиядагы бир туугандар «Хайль Гитлер» деп айтуудан, согушту колдоодон баш тарткандыктан киши чыдагыс азапты башынан кечиришкен. Нацисттер башкарып турганда, болжол менен, 6 000 Жахабанын Күбөсү концлагерлерге айдалып, немис жана башка улуттагы 1 600дөн ашык бир тууган зөөкүр кишилердин колунан өлгөн. Бирок Ибилис Кудайдын элин калыбына келгис зыянга учурата алган эмес (Мр. 8:34, 35).

«Жер... дарыяны жутуп алды»

10. «Жер» эмнени билдирет жана ал Кудайдын элине кандайча жардамга келген?

10 Элчи Жакандын пайгамбарлыгында «жердин» — бул дүйнөнүн адилеттүүлүктү жактаган айрым бөлүктөрүнүн — «дарыядай» болгон каршылыктарды «жутуп алып», Кудайдын элине жардамга келери айтылган. Бул кантип аткарылган? Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ондогон жылдар бою «жер» Падышалыктын ишенимдүү элин жактап келген. (Оку: Аян 12:16.) Маселен, таасирдүү соттор Жахабанын Күбөлөрүнүн аскерге баруудан, улуттук аземдерге катышуудан баш тартууга болгон укугун коргоп келишкен. Келгиле, адегенде Жахабанын өз элин аскер кызматына байланыштуу сот иштеринде кандай жеңиштерге жеткиргенин карап көрөлү (Заб. 68:20).

11, 12. Энтони менен Иакавос бир туугандар кандай кыйынчылыкка кабылышкан жана алардын иши кандай чечилген?

11 Америка Кошмо Штаттары. Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөсүндө чоңойгон Энтони Секурел 6 баланын бири болгон. Ал 15 жашында чөмүлүп, 21 жашында аскерге чакыруу комиссиясында диний кызматкер катары катталган. Эки жылдан кийин, 1950-жылы, Энтони өзүн аскер кызматынан абийири жол бербегендиктен баш тарткан киши катары катташын суранып, арыз жазган. Буга Федералдык иликтөө бюросу макулдугун берсе да, Юстиция министрлиги анын арызын кабыл албай койгон. Соттордун бир нече баскычынан өткөндөн кийин Энтони бир тууган Жогорку Сотко кайрылган. Сот аны жактап, төмөнкү баскычтагы соттордун чечимдерин жокко чыгарган. Бул АКШнын диний ишениминен улам аскерден баш тарткан жарандарынын укугун коргоого өбөлгө түзгөн чечим болгон.

12 Греция. 1983-жылы Иакавос Флимменос бир тууган аскер кийимин кийүүдөн баш тарткандыктан камалган. Түрмөдөн чыккандан кийин бухгалтер болуп орношоюн десе, мурун соттолгон деп катталганы үчүн, жумушка албай коюшкан. Ошондо ал сотко кайрылган. Бирок Грециядагы бардык соттор ага каршы чечим чыгаргандыктан, Адам укуктары боюнча Европа Сотуна (АУЕС) кайрылган. 2000-жылы АУЕСтин 17 соттон турган Чоң Палатасы аны жактап, жарандарды басмырлоого бөгөт койгон чечим чыгарган. Буга чейин Грециядагы 3 500 бир тууган бейтараптуулугу үчүн түрмөгө отуруп чыккандыктан, соттолгон деп катталып калган. Бул жеңиштен кийин Греция өкмөтү бир туугандардын мурун соттолгон деген каттоосун жокко чыгара турган мыйзам чыгарган. Ошондой эле өкмөт Конституцияны кайра карап, бардык жарандарга альтернативалык жарандык кызматты тандоого укук берген, бир нече жыл мурун чыккан мыйзамды бекиткен.

«Сотко кирерде Жахабадан жалындуу тиленгем. Ошондо жан-дүйнөм кадимкидей тынч ала түшкөн» Ивайло Стефанов (13-абзацты карагыла)

13, 14. Ивайло Стефанов менен Ваан Баятяндын сот иштеринен эмнеге үйрөнө алабыз?

13 Болгария. 1994-жылы Ивайло Стефанов бир тууган 19 жашында аскерге чакырылган. Ал аскерге баруудан да, аскер бөлүктөрүнүн жетеги алдында колго курал албай кызмат өтөөдөн да баш тарткандыктан, 18 айга кесилген. Бирок Ивайло бир тууган чечимге макул болбой, сотторго кайрылган. Анын иши, акыры, АУЕСте каралмакчы болгон. Бирок 2001-жылы сот иши каралардын алдында Болгария өкмөтү маселени тынчтык жолу менен чечүүнү сунуш кылган. Өкмөт Ивайло бир тууганга эле эмес, альтернативалык жарандык кызматка макул болгон жарандардын баарына мунапыс жарыялаган c.

14 Армения. Ваан Баятян 2001-жылы аскердик кызматка чакырылган d. Ал кызмат өтөөдөн баш тарткандыктан Армениянын сотторуна кайрылган. Бирок бир да сот анын укугун коргобой, 2 жарым жылга кесип жиберген. Ваан Баятян 2002-жылдын сентябрынан тартып 10 жарым ай түрмөдө отургандан кийин эркиндикке чыгарылган. Ошол маалда ал АУЕСке кайрылган. 2009-жылы 27-октябрда АУЕС да ага каршы чечим чыгарган. Ошондо душмандар чоң жеңишке жеткендей эле болгон. Бирок АУЕСтин Чоң Палатасы ишти кайра карап, 2011-жылы 7-июлда Ваан Баятяндын пайдасына чечим чыгарган. Ошондо биринчи жолу АУЕСте абийири жол бербегендиктен, аскер кызматынан баш тартуу укугу эркин ой жүгүртүү, абийир жана дин тутуу укугунун негизинде корголушу керек деген чечим кабыл алынган. Бул чечим Жахабанын Күбөлөрүнүн эле эмес, Европа Кеңешине кирген өлкөлөрдөгү миллиондогондордун да укугун коргогон e.

Армениядагы бир туугандар АУЕСтин алардын пайдасына чыгарган чечиминен кийин түрмөдөн бошотулушкан

Улуттук аземдерге байланыштуу маселе

15. Жахабанын эли улуттук аземдерге катышуудан эмне үчүн баш тартат?

15 Жахабанын эли аскердик кызматтан эле эмес, улуттук аземдерге катышуудан да баш тартып, Падышалыкка берилгендигин сактайт. Улутчулдук, өзгөчө, Экинчи дүйнөлүк согуш тутангандан тартып дүйнө жүзү боюнча күч ала баштаган. Көп өлкөлөрдө жарандардан мекенине берилгендигин далилдеш үчүн ант берүү, улуттук гимнди ырдоо, желекке таазим кылуу талап кылынган. Бирок биз бир гана Жахабага берилгендикте кызмат кылабыз (Чыг. 20:4, 5). Ушундан улам селдей каптаган куугунтукка кабылып келебиз. Бирок Жахабанын жетеги менен «жер» аларды да жутуп келет. Анда Жахабанын Машаяк аркылуу бул жагынан бизди кандай зор жеңиштерге жеткиргенине токтололу (Заб. 3:8).

16, 17. Лилиан менен Уильям кандай кыйынчылыкка кабылышкан жана ал окуядан эмнеге үйрөнө алабыз?

16 Америка Кошмо Штаттары. 1940-жылы АКШнын 9 соттон турган Жогорку Сотунун 8 мүчөсү «Майнерсвилл мектеп аймагы Гобитиске каршы» деген иште Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чечим чыгарган. 12 жаштагы Лилиан менен 10 жаштагы иниси Уильям Гобайтис f желекке таазим кылуудан жана ант берүүдөн баш тарткандыктан, мектептен чыгарылышкан. Жогорку Сот мектептин «улуттук биримдикти» чыңдоо максатында иш кылганы Конституцияга ылайык келет деген бүтүмгө келген. Ошондон кийин катуу куугунтук башталган: Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары мектептен чыгарылып, чоңдору жумушунан айрылышкан, көптөрүн жаалданган сүрмө топ ур-токмокко алган. Бир китепте: «1941-жылдан 1943-жылга чейин Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталышы 20-кылымда Америкада дин тутуу эркиндигинин болуп көрбөгөндөй тебеленгенинин далили болуп эсептелет»,— деп жазылган («The Lustre of Our Country»).

17 Бирок душмандарга кубанууга али эрте болчу. 1943-жылы Жогорку Сот «Гобитистин ишине» окшош «Батыш Виржиниянын Билим берүү министрлиги Барнетке каршы» деген дагы бир ишти караган. Кызыктуусу, бул жолкусунда Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүн жактаган. Ошентип, АКШнын тарыхында биринчи жолу Жогорку Сот кыска мөөнөттүн ичинде мурунку чечимин кайра карап, таптакыр башка чечим чыгарган. Ошондон кийин АКШдагы бир туугандар мурдагыдай куугунтукталбай калган. Бул чечим АКШнын жарандарынын укуктарынын жакшыраак корголушуна да шарт түзгөн.

18, 19. Паблонун сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ага кысымга туруштук берүүгө эмне жардам берген жана андан кандай үлгү алсак болот?

18 Аргентина. Сегиз жаштагы Пабло менен жети жаштагы Хьюго Барус желекти көтөрүү аземине катышпаганы үчүн 1976-жылы мектептен чыгарылышкан. Бир жолу Паблону деректир болуп иштеген аял түртүп, башка чаап жиберген. Анан улуттук аземдерге катышууга мажбурлаш үчүн экөөнү тең сабактан кийин алып калып, 1 сааттай кармаган. Ошол жагымсыз окуяны эскерип, Пабло: «Жахаба колдобосо, ошол кысымга туруштук бере албайт болчумун»,— деген.

19 Иш сотко тапшырылганда, сот мектептин чечимин колдогон. Ошондуктан алар Аргентинанын Жогорку Сотуна кайрылышкан. 1979-жылы Жогорку Сот төмөнкү баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарып: «Конституцияга ылайык, ар бир жаран билим алууга укуктуу (14-берене) жана өкмөт башталгыч билим берүүгө милдеттүү (5-берене). Бул жаза [мектептен чыгаруу] ошол мыйзамдарды бузгандыкка жатат»,— деген. Ал чечимден 1 000дей жаш бир тууганыбыз пайда алган. Балдар мектептен чыгарылбай калган, ал эми чыгарылгандары кайра кабыл алынган.

Көптөгөн жаш бир туугандарыбыз сыноо учурунда берилгендигин сакташкан

20, 21. Роел менен Эмилинин сот иши ишенимиңерди кандайча бекемдеди?

20 Филиппин. 1990-жылы 9 жаштагы Роел менен 10 жаштагы Эмили Эмбралинаг g жана башка 65тен көп жаш бир тууган желекке таазим кылбаганы үчүн мектептен чыгарылышкан. Роел менен Эмилинин атасы Леонардо бир тууган мугалимдерге көз карашын түшүндүргөнгө аракет кылган. Бирок мындан эч кандай майнап чыкпай, жагдай курчугандан курчуй берген. Ошондо ал Жогорку Сотко кайрылган. Анын акчасы да, жактоочусу да жок болчу. Алар үй-бүлөсү менен Жахабадан жетекчилик сурап, жалындуу тилене беришкен. Ал ортодо балдары шылдыңга алынып, кысым күчөй берген. Сот иштеринде эч кандай тажрыйбасы жок болгондуктан, Леонардо бир тууган бул күрөштө жеңилем деп ойлогон.

21 Анан өлкөдөгү эң беделдүү юридикалык фирмалардын биринде иштеген Фелино Ганаль деген жактоочу аларды сотто коргоону чечкен. Көрсө, ошол маалда Фелино жумушун таштап, Жахабанын Күбөсү болуптур. Жогорку Сот Жахабанын Күбөлөрүн бир добуштан жактап, балдарын мектептен чыгарууга тыюу салган. Бул жолкусунда да душмандар Кудайдын элин кынтыксыздыгынан тайдыра алган эмес.

Бейтараптуулук биримдигибизди чыңдоодо

22, 23. а) Жахабанын эли эмне үчүн чоң жеңиштерге жетип келет? б) Тынчтыкты сүйгөн элдин болгону эмнени далилдеп турат?

22 Жахабанын эли эмне үчүн ушундай чоң жеңиштерге жетип келет? Биз саясатка таасир этүүгө аракет кылбайбыз. Ошентсе да улам бир өлкөдө, улам бир сотто адилеттүүлүктү жактаган адамдар бизди азуусун кайраган душмандарыбыздан коргоп келет. Андай сот иштеринин аркасында конституциялык мыйзамдарга өзгөрүүлөр киргизилүүдө. Ооба, Машаяктын бизди колдоп жатканы айдан ачык. (Оку: Аян 6:2.) Биз эмне үчүн сот майданында күрөш жүргүзүп келебиз? Биздин негизги максатыбыз — мыйзамдарды өзгөртүү эмес, тек гана Падышабыз Машаякка эч тоскоолдуксуз кызмат кылуу (Элч. 4:29).

23 Саясий жактан бөлүнгөн, жек көрүүчүлүк өкүм сүргөн дүйнөдө Иса Машаяк жолдоочуларына бейтараптуу болууга жардам берип келет. Шайтан бизди бөлө да, жеңе да алган жок. «Согушууга үйрөнбөгөн», ар улуттан чыккан миллиондогон адамдар Падышалыктан баш маана таап жатышат. Жаңжал оту өчпөгөн дүйнөдө тынчтыкты сүйгөн элдин болгону керемет эмеспи?! Бул — Падышалыктын чынында эле башкарып жатканынын далили! (Ыш. 2:4).

a Бул том «Жаңы жаратуу» деп да аталчу. Көп томдуу «Миң жылдыктын таңкы жарыгы» деген эмгек кийинчерээк «Жазманы изилдөө» деп аталып калган.

b Бул пайгамбарлык тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» деген китептин 184—186-беттерин карагыла, ор.

c Сот Болгария өкмөтүн абийири жол бербегендиктен, аскердик кызматтан баш тарткандарга Коргоо министрлигине караштуу болбогон альтернативалык жарандык кызматты сунуш кылууга да милдеттендирген.

d Бул тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Күзөт мунарасынын» 2012-жылдын 1-ноябрындагы санына чыккан «Европа соту абийирине каршы келген иштерден баш тарткандарды коргоду» деген макаланы карагыла.

e 20 жыл бою Армения өкмөтү 450дөн ашык жаш бир тууганды камакка алган. Алардын акыркысы 2013-жылдын ноябрында эркиндикке чыккан.

f Соттун документтеринде үй-бүлөнүн фамилиясы Гобитис деп туура эмес жазылып калган.

g Бул үй-бүлөнүн фамилиясы соттун документтеринде Эбралинаг деп туура эмес жазылып калган.