Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Исанын «жанына көп эл келди»

Исанын «жанына көп эл келди»

«Балдарды мага коё бергиле»

1—3. Марк 10:13—16-аяттарда эмне жөнүндө баяндалат жана ал окуядан Иса тууралуу эмнелерди билүүгө болот?

ИСА жердеги өмүрүнүн аягына аз калганын билет. Анын өлтүрүлөрүнө бир нече эле жума калган, бирок бүтүрүш керек болгон иштер аябай көп. Иса элчилери менен Иордан дарыясынын чыгыш тарабында жайгашкан Перея аймагында кабар айтып жүргөн. Ал жактан алар түштүктү көздөй Иерусалимге бет алышмак. Иса Иерусалимде акыркы жолу Пасах майрамын белгилемек.

2 Ал диний жетекчилер менен кызуу талкуулашкандан кийин, күтүлбөгөн жерден бир окуя болот: ата-энелер Исага балдарын алып келе башташат. Балдар ар кандай куракта болушкан көрүнөт. Себеби Марк ал окуяны баяндаганда, ага чейин 12 жашар кызга карата айткан сөздү колдонгон, ал эми Лука «наристелер» деген сөздү колдонгон (Лука 18:15; Марк 5:41, 42; 10:13). Адатта, балдар жүргөн жер күрү-күү, чуру-чуу болот. Сыягы, Устатынын балдарга көңүл бурууга убактысы жок деп ойлоп, шакирттер балдарын алып келген ата-энелерди урушуп киришет. Иса буга кандай караган?

3 Ал ачууланган. Кимге? Балдаргабы же алардын ата-энелеринеби? Жок, өзүнүн шакирттерине. Иса аларга: «Балдарды мага коё бергиле, аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык. Силерге айтып коёюн, ким Кудайдын падышалыгын кичинекей баладай болуп кабыл албаса, ал ага кирбейт»,— деген. Анан «балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берген» (Марк 10:13—16). Бир котормочунун айтымына караганда, ал аларды атүгүл колуна алып, эркелетсе керек. Ооба, Иса балдарды жакшы көргөн. Бирок ал окуядан дагы бир нерсени — башкалардын Исага тартылып турганын — билүүгө болот.

4, 5. а) Исага башкалар тартылып турган деп эмне үчүн айта алабыз? б) Бул бөлүмдөн кайсы суроолорго жооп алабыз?

4 Эгер Иса катаал, мерез, текебер киши болсо, ага балдар тургай, алардын ата-энелери да жоломок эмес болуш керек. Исанын балдарды назик кучактап, эркелетип, алар Кудайдын алдында абдан баалуу экенин айтып, батасын берип жатканын көрүү ата-энелерге кандай гана жагымдуу болгонун элестетсеңер. Ошондо Иса чоң сыноонун алдында турса да, башкаларга көңүл бурбай калган эмес.

5 Исага дагы кимдер тартылып турган? Адамдар ага эмне себептен тартылып турушчу? Бул жагынан Исаны кантип туурай алабыз? Келгиле, ушул суроолорго жооп алалы.

Исага кимдер тартылып турган?

6—8. Исага көбүнчө кимдер тартылып турган жана анын андай адамдарга болгон көз карашы диний жетекчилердикинен эмнеси менен айырмаланган?

6 Инжилден Исанын жанында дайыма калың эл жүргөнүн окуйбуз. Мисалы, андагы билдирүүлөрдөн «көп сандаган адамдар ээрчип жүрүштү», «жанына калың эл чогулду», «жанына көп эл келди», «жанында келаткан көп эл» деген сыяктуу сөздөрдү кездештирүүгө болот (Матай 4:25; 13:2; 15:30; Лука 14:25). Ырас, Исага көптөгөн адамдар тартылып турчу.

7 Алар жалпы жонунан карапайым адамдар болчу. Диний жетекчилер аларды «жер адамдары» деп басынтып, алар тууралуу ачык эле: «Мыйзамды билбеген бул эл каргышка калган»,— дешчү (Жакан 7:49). Муну раббин жазуулары да ырастайт. Көптөгөн диний жетекчилер кедей-кембагалдарды төмөнкү даражадагы адамдар катары көрүп, алар менен чогуу тамактанышчу эмес, алардан эч нерсе сатып алышчу эмес, атүгүл алар менен сүйлөшүшчү эмес. Алардын айрымдары оозеки мыйзамды билбегендерди тирилүүгө үмүтү жок деп эсептешчү. Карапайым адамдардын көбү аларга жардам сурап кайрылмак турсун, алардан качышчу. Иса болсо диний жетекчилерден таптакыр айырмаланып турган.

8 Ал карапайым адамдарды басынтчу эмес: алар менен чогуу тамактанчу, аларды айыктырчу, окутчу жана аларга үмүт берчү. Албетте, Иса адамдардын баары эле Жахабага кызмат кылууну каалай бербей турганын билген (Матай 7:13, 14). Ошентсе да ал ар бир адамга Жахабанын келечектеги кызматчысы катары караган жана алардын туура иш кыла аларына ишенген. Ал таш боор дин кызматчылар менен фарисейлерден кандай гана айырмаланган! Кызыктуусу, ага атүгүл дин кызматчылар менен фарисейлер да келишчү жана алардын айрымдары жашоосун өзгөртүп, аны жолдоону чечишкен (Элчилер 6:7; 15:5). Исага кадыр-барктуу, бай кишилер да тартылып турчу (Марк 10:17, 22).

9. Исага аялдар эмне себептен тартынбай кайрыла алышчу?

9 Исага аялдар да тартынбай кайрыла алышчу. Диний жетекчилер болсо аялдарды басынтышчу. Раббиндер аларды билим алууга татыксыз деп эсептешчү. Аялдарга сотто көрсөтүү берүүгө тыюу салынган, анткени аларды ишенимдүү күбө катары көрүшчү эмес. Раббиндер аял болуп калбаганы үчүн Кудайга ыраазычылык билдирип да тиленишчү. Ал эми Исанын жанында аялдар өздөрүн басынтылгандай сезишчү эмес. Алар ага тартынбай эле кайрылып, андан үйрөнүүгө дилгир болушкан. Маселен, Ыйык Китепте Лазардын бир тууганы Марта тамак жасоонун камын ойлоп, түйшүктөнүп жаткан маалда анын сиңдиси Мариям Исанын бут жагында аны кунт коюп угуп отурганы айтылат. Ошондо Иса Мариямды «жакшысын тандап алганы» үчүн мактаган (Лука 10:39—42).

10. Исанын оорулууларга кылган мамилеси диний жетекчилердикинен кандайча айырмаланган?

10 Исага көптөгөн оорулуулар, анын ичинде пес оорулуулар да коркпой кайрыла алышчу. Ал эми диний жетекчилер аларга көп учурда катаал мамиле кылышчу. Мусанын мыйзамына ылайык, пес оорулуулар башкаларга оору жугузбаш үчүн элден обочо жашашчу. Анткен менен бул аларга ырайымсыз мамиле кылуу керектигин билдирген эмес (Лебилер 13-бөлүм). Бирок кийинчерээк раббиндер чыгарган эрежелерден улам адамдар пес оорулуулардан заңдан жийиркенгендей жийиркенип калышкан. Айрым диний жетекчилер пес оорулууларды жанына жакын жолотпош үчүн аларды алыстан көргөндө эле таш менен урушчу. Ушундай мамиледен көңүлү калгандар андай устаттарга кайрылуудан жазганышчу. Бирок пес оорулуулар Исага кайрылгандан тартынышчу эмес. Бир жолу ошондой оорудан азап чеккендердин бири Исага: «Мырзам, кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деп айтып, ага ишенерин көрсөткөн (Лука 5:12). Ал окуя Исага адамдар оңой кайрыла алышканын дагы бир ирет тастыктап турат. Исанын ал кишиге кандай мамиле кылганына кийинки бөлүмдө көбүрөөк токтолобуз.

11. Исага күнөөкөрлөр да оңой кайрыла алышканын кайсы мисал көрсөтүп турат жана мындан биз эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Исага күнөөсүнөн улам абийири соттогондор да эркин кайрыла алган. Иса бир фарисейдикинде тамак ичип отурганда болгон окуяны мисалга алалы. Баары тамак ичип отурганда, бир күнөөкөр аял келип, Исанын бут алдына жыгылат да, күнөөлөрү үчүн өкүнүп, ыйлай баштайт. Анан Исанын бутуна көз жашын төгүп, чачы менен сүртөт. Үйдүн кожоюну ал аялды жек көрө карап, ичинен Исаны соттоп кирет. Иса болсо ал аялды чын жүрөктөн өкүнгөнү үчүн мактап, Жахабанын аны кечиргенине ынандырат (Лука 7:36—50). Бүгүнкү күндө да күнөөсүнүн айынан кыйналгандар Жахаба менен болгон мамилесин кайра калыбына келтирүүгө жардам бере ала тургандардын боор ооруу менен мамиле кылышына абдан муктаж. Эми адамдардын Исага эмне себептен тартылып турганын карап көрөлү.

Адамдар Исага эмне себептен тартылып турган?

12. Адамдардын Исага тартылып турганы эмне үчүн таң калыштуу эмес?

12 Иса асмандагы Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган (Жакан 14:9). Ал эми Жахаба тууралуу Ыйык Китепте анын «ар бирибизге жакын» экени айтылат (Элчилер 17:27). «Сыйынууну угуучу» Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына жана аны чын жүрөктөн издегендерге, ага кызмат кылууну каалагандарга жакын (Забур 64:3). Ойлонуп көрсөң, Жахабага, ааламда эң жогорку абалды ээлеген кудурети күчтүү Кудайга, ар бир адам жакындай алат! Иса да, Атасындай болуп, адамдарды сүйөт. Исанын адамдарды канчалык сүйөрү кийинки бөлүмдөрдө талкууланат. Ага адамдар, негизинен, анын сүйүүсүн сезгендиктен тартылып турган. Келгиле, анын адамдарга болгон сүйүүсү эмнелерден көрүнүп турганына токтололу.

13. Ата-энелер Исаны кантип туурай алышат?

13 Адамдар Исанын аларга чындап кызыгуу көрсөткөнүн сезишкен. Иса кыйынчылыктарга дуушар болгондо адамдарга көңүл бурбай калчу эмес. Жогоруда айтылгандай, ал колу бошобой жатса да, аткара турган иштери көп болсо да, кичинекей балдарга көңүл бурган. Иса ата-энелерге кандай сонун үлгү калтырган! Азыркы оор убакта бала тарбиялоо оңой эмес. Анткен менен балдар каалаган убакта ата-энелерине кайрыла алгыдай болушу керек. Кээде иштердин көптүгүнөн балдарга убакыт бөлүү кыйынга турушу мүмкүн. Андайда аларды колуң бошоору менен көңүл бурарыңа ынандырасыңбы? Сөзүңө турсаң, балдарың чыдамкайлык кандай жемиштерди алып келерин көрүшөт. Ошондой эле, кандай көйгөй менен болбосун, сага каалаган убагында кайрыла алышарына ынанышат.

14—16. а) Исага биринчи кереметин жасоого эмне түрткү берген жана ал эмне үчүн чынында эле керемет болгон? б) Исанын биринчи кереметинен ал тууралуу эмнени билүүгө болот жана ата-энелер Исадан эмнеге үйрөнө алышат?

14 Иса адамдардын көйгөйлөрүнө олуттуу маани берген. Анын эң биринчи кереметин мисалга алалы. Ал бир жолу Галилеядагы Каана шаарына үйлөнүү тоюна барат. Тойдо күтүлбөгөн жагдай пайда болот — шарап түгөнүп калат. Исанын энеси Мариям бул тууралуу ага айтат. Ошондо Иса тойдо кызмат кылып жүргөндөргө алты чоң таш кумурага суу толтурууну буйрат. Кызматчылар андан сузуп алып, той башыга алып барышканда, ал шараптын даамын татып көрүп, үй ээсин мактайт. Исанын ал керемети амалдык менен жасалган көз боочулук эмес болчу. Суу чын эле шарапка айланган (Жакан 2:1—11). Адамдар байыркы убактан бери эле бир нерсени башка нерсеге айлантууга кызыгып келишет. Маселен, алхимиктер кылымдар бою коргошунду алтынга айлантууга аракет жасап келишкен. Негизи, коргошун менен алтындын касиеттери бири бирине аябай окшош, ошентсе да алхимиктердин аракетинен майнап чыккан эмес *. Ал эми суу менен шарап тууралуу эмне дешке болот? Суу — эки элементтен турган жөнөкөй зат. Шарап болсо, тескерисинче, миңге жакын компоненттерден турат, алардын көбү — татаал бирикмелер. Иса эмне себептен үйлөнүү тоюнда шарап түгөнүп калганы үчүн эле, мындай караганда, анча деле маанилүү эмес көйгөй үчүн керемет жасаган?

15 Тойдо шараптын түгөнүп калганы баш кошуп жаткандар үчүн чоң эле көйгөй болгон. Жакынкы Чыгышта байыркы убакта конокторго меймандостук көрсөтүүгө өзгөчө маани берилген. Тойдо шараптын түгөнүп калышы баш кошуп жаткандарды уятка калтырмак жана алар кийин ал күндү жылуу сезимдер менен эмес, өкүнүч менен эскеришмек. Иса алардын жагдайына кош көңүл караган эмес. Ошондуктан аларга жардам берүүнү чечкен. Башкалардын камын ойлогон ушундай боорукер кишиге адамдардын эмне үчүн тартылып турганы айтпаса да түшүнүктүү.

Балаңды сага дайыма кайрыла аларына жана аны жакшы көрөрүңө ынандыр

16 Ата-энелер бул жагынан да Исадан көп нерсеге үйрөнө алышат. Эгер балаң сага кайсы бир көйгөйү менен кайрылса, эмне кыласың? Анын көйгөйүн анча маанилүү эмес деп эсептеп, ага маани бербей коюшуң мүмкүн, анын көйгөйү сага атүгүл күлкүлүү көрүнүшү ыктымал. Сенин түйшүктөрүңө караганда балаңдыкы анча деле орчундуу эместей сезилиши мүмкүн. Бирок балаң үчүн ал орчундуу көйгөй экенин эсиңден чыгарба. Жакшы көргөн адамыңды тынчсыздандырган нерсе сени да тынчсыздандырышы керек эмеспи? Балаңдын көйгөйлөрүнө маани берсең, ал сага ар дайым кайрыла аларына ынанат.

17. Жумшак болуу жагынан Иса кандай үлгү калтырган жана эмне себептен жумшак кишини күчтүү деп айтууга болот?

17 3-бөлүмдөн билгенибиздей, Иса жумшак жана момун болгон (Матай 11:29). Жумшактык адамдын момун экенин далилдеген эң сонун сапат. Ал Кудайдын рухунун жемишине кирет жана жогорудан келген акылмандык менен тыгыз байланышта (Галатиялыктар 5:22, 23; Жакып 3:13). Иса жагдай курчуп турганда да эч качан ачууга алдырчу эмес, ал өзүн кармай билген. Исанын жумшак болгону анын алсыз экенин билдирген эмес. Бир окумуштуу «жумшактыктын артында болоттой бекем күч катылып жатканын» айткан. Чынында эле, өзүбүздү кармай билүү үчүн жана адамдарга жумшактык менен мамиле кылуу үчүн зор күч талап кылынат. Бирок Жахабанын жардамы менен Исаны жумшак болуу жагынан туурай алабыз жана ошонун аркасында башкалар бизге тартылышат.

18. Исанын эстүү болгонун кайсы мисалдан көрүүгө болот жана эстүү кишилерге башкалар эмне үчүн тартылып турат деп ойлойсуң?

18Иса эстүүлүк көрсөткөн. Бир жолу ал Тир шаарында жүргөндө ага кызын «жиндер бийлеп алган» бир аял келген. Иса ага жардам бербей турганын үч жолу билдирген: биринчисинде унчукпай койгон; экинчисинде анын суранычын эмне үчүн орундата албай турганын айткан; үчүнчүсүндө ага жардам бербей турганын ачык эле көрсөткөн мисал келтирген. Бирок Иса айтканынан кайтпай, мерез болуп туруп алды беле? Мендей улуу адамга сөз кайтаргыдай сен кимсиң дегенчелик кылды беле? Жок. Эгер ошондой болсо, ал аял Исага кайрылуудан тартынмак. Бирок ал анын жардам бергиси келбей турганын көрсө да, кайра-кайра жалбара берген. Иса ал аялдын ишеними күчтүү экенин көрүп, анын кызын айыктырган (Матай 15:22—28). Ооба, Исанын эстүүлүгү, угууга даяр болгону жана орундуу болгон жерден ийилчээктик көрсөткөнү адамдарды өзүнө тартып турган.

Башкалар сага тартылып турабы?

19. Башкалардын бизге тартылып турары эмнеден көрүнөт?

19 Айрымдар өздөрү тууралуу «башкалар мага тартылып турат» же «башкалар мага оңой эле кайрыла алат» деп ойлошот. Маселен, колунда бийлиги барлар кол астында иштегендер үчүн эшиги дайыма ачык экенин жана каалаган убагында кайрыла алышарын көп айтышат. Ыйык Китепте: «Көптөр өз мээримдүүлүгүн жар салат, бирок ишенимдүү адамды ким таба алат?» — деп айтылат (Накыл сөздөр 20:6, «ЖД»). Башкалар мага тартылып турат деп айтып коюу оңой, бирок Исаны бул жагынан чындап эле туурап жатабызбы? Бул суроонун жообу өзүбүзгө өзүбүз кандай баа бергенибизден эмес, башкалардын биз жөнүндө кандай ойдо экенинен көз каранды. Пабыл: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деген (Филипиликтер 4:5). Андыктан: «Башкалар мен жөнүндө кандай ойдо? Башкалардын алдында кандай атка ээмин?» — деп ойлонуп көргөнүбүз дурус.

Аксакалдардын башкалар аларга оңой кайрыла алгыдай болушу маанилүү

20. а) Аксакалдардын башкалар аларга оңой кайрыла алгыдай болушу эмне үчүн маанилүү? б) Эмне үчүн аксакалдардан бир нерселерди күтүүдө эстүү болушубуз керек?

20 Жыйналыш аксакалдары башкалар аларга оңой кайрыла алгыдай болууга аракет кылышат. Алар Ышайа 32:1, 2-аяттарга ылайык иш кылууга умтулушат. Ал аяттарда «алардын ар бири шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй» экени айтылат. Аксакалга башкалар оңой кайрыла алгыдай болгондо гана ал «коргонуч», «калканыч» боло алат жана жыйналыштагыларды чындап сергите алат. Албетте, бул оңой эмес, анткени аксакалдар азыркы оор убакта чоң жоопкерчиликтерди аркалашууда. Ошентсе да алар Жахабанын койлоруна кам көрүүгө убакыт табышы керек (1 Петир 5:2). Ал эми жыйналыштагылардын аксакалдардан өтө көп нерселерди күтпөй, эстүүлүк көрсөтүшү, ошондой эле момун болуп, аксакалдар менен кызматташышы зарыл (Эврейлер 13:17).

21. Балдары оңой кайрыла алышы үчүн, ата-энелер эмне кылышы керек жана кийинки бөлүмдө эмне талкууланат?

21 Ата-энелер да балдары аларга оңой кайрыла алышы үчүн күч-аракет жумшашы керек. Бул аябай маанилүү. Балдар ата-энесине толук таяна аларын сезиши абзел. Исаны жолдогон ата-энелер балдары туура эмес иш кылганда же туура эмес ой жүгүрткөндө дароо эле урушуп кирбейт, тескерисинче, аларга жумшактык, эстүүлүк менен мамиле кылышат. Ошондой эле балдарын тарбиялоодо чыдамдуу болуп, алар менен ачык пикирлешүүгө аракет кылышат. Албетте, баарыбыз эле Исадай болууну, башкача айтканда, башкалардын бизге тартылып турушун каалайбыз. Кийинки бөлүмдө адамдарды Исага тартып турган негизги сапаттарынын бири — анын боорукердиги — тууралуу окуйбуз.

^ 14-абз. Химиктер элементтердин мезгилдик системасында коргошун менен алтындын бири бирине жакын жайгашканын жакшы билишет. Коргошундун атомунун ядросундагы протондордун саны алтындыкынан үч эле протонго көп. Азыркы күндө физиктер аз өлчөмдөгү коргошунду алтынга айланта алышкан, бирок ага аябай көп каражат кеткендиктен, ал процесстин пайдасыз экенин түшүнүшкөн.