11-САБАК
Шыктануу
Римдиктер 12:11
НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга дем-күч берип, иш-аракет кылууга түрткү бериш үчүн шыктанып сүйлө.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Өзүңдүн жүрөгүң козголгудай болсун. Даярданып жатканда маалыматтын маанилүүлүгү жөнүндө терең ойлон. Материалды сөзүң жүрөгүңдөн чыккыдай кылып жакшылап өздөштүр.
-
Угуучуларың жөнүндө ойлон. Окуп же айтып бере турган маалыматыңдын башкалар үчүн кандай пайдасы бар экенин ойло. Угуучуларыңа ал маалыматты баалуулугун айкын түшүнө алгыдай кылып жеткирүүнүн жолдорун ойлонуштур.
-
Сөзүңө «жан киргиз». Жалындап сүйлө. Сезимдериңди табигый жаңсоолоруң жана жүзүң менен чын жүрөктөн билдир.