14-САБАК
Негизги ойлорду баса белгилөө
Еврейлер 8:1
НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларыңа ойлоруңду ээрчүүгө жардам бер. Ар бир негизги ой темаң жана максатың менен кандай байланышта экенин айкын көрсөт.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Белгилүү бир максатты көздө. Сөзүңдүн максаты жөн эле маалымат берүүбү, ынандыруубу же түрткү берүүбү, аныктап алып, андан соң ойлорду ошого жараша өрчүт. Негизги ойлордун баарын максатыңа жеткидей кылып өрчүт.
-
Теманы баса белгиле. Ан үчүн сөзүңдүн жүрүшүндө негизги сөздөрдү кайталап тур же алардын синонимин колдон.
-
Негизги ойлор айкын жана жөнөкөй болсун. Темага байланышы бар жана берилген убакыттын ичинде толук ачып бере ала турган негизги ойлорду гана танда. Алар көп болбосун. Негизги ойлордун ар бирин айкын-так айт, ортолорунда тыным жаса жана бир ойдон экинчи ойго дароо өтүп кетпе.