17-САБАК
Түшүнүктүү сүйлөө
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Материалды кылдат изилде. Кайсы бир теманы өз сөзүң менен жана жөнөкөй кылып түшүндүрүп бере алышың үчүн аны өзүң жакшы түшүнүп ал.
-
Кыска сүйлөмдөрдү, жөнөкөй сөз айкаштарын колдон. Узунураак сүйлөмдөрдү колдонсоң да, негизги ойлорду кыска-нуска айт.
-
Тааныш эмес сөздөрдү түшүндүр. Мүмкүн болсо, угуучуларыңа тааныш болбогон сөздөрдү колдонбо. Эгер тааныш эмес сөздөрдү, Ыйык Китептеги анча белгилүү эмес инсандарды, байыркы учурдагы чен бирдиктерин же каада-салтты сөз кылышың керек болсо, түшүндүрө кет.