18-САБАК
Мазмундуу маалымат
1 Корунттуктар 9:19—23
НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучулар пайдалуу бир нерсени билгенин сезгендей болушу үчүн, аларга ойлонууга түрткү бер.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Угуучуларыңдын эмнелерди билерин эске ал. Алар билген нерселерди эле кайталап койбой, ошол нерселерге жаңыча караганга жардам бер.
-
Изилде жана ой жүгүрт. Негизги ойлорду бышыкташ үчүн, мүмкүн болсо, сөзүңө анча тааныш эмес фактыларды же учурдагы окуяларды кош. Бирок алардын материалга канчалык ылайыктуу болору жөнүндө терең ойлон.
-
Маалыматтын пайдалуулугун көрсөт. Угуучуларга Ыйык Китепте жазылгандардын күнүмдүк жашоосунда кантип жардам берерин түшүндүр. Аларга тиешеси бар жагдайларды, көз карашты жана иш-аракеттерди талкуула.