4-САБАК
Аятты окуурдун алдындагы кириш сөз
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Аятты эмне үчүн окуганы жатканыңды аныктап ал. Ыйык Китептен үзүндү окуган сайын угуучулардын көңүлүн андагы негизги ойго бургудай кириш сөз айт.
-
Ыйык Китептин беделдүү булак экенин көрсөт. Угуучуларың Кудайга ишенгендер болсо, алардын көңүлүн Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Китепке бур. Ушундайча анын акылмандыктын теңдешсиз булагы экенин көрсөтөсүң.
-
Аятта жазылгандарга кызыгуу туудур. Жообу аятта камтылган суроону бер же чечилиши аятта жазылган көйгөйдү, же ал жерде түшүндүрүлө турган принципти айт.