КУТУЧА (15А)
Сойку эже-сиңди
Жезекиел китебинин 23-бөлүмүндө ишенимсиздиги үчүн Кудайдын элинин катуу ашкереленгени жазылган. Бул бөлүм көп жагынан 16-бөлүмгө окшош. Мурун жазылган ал билдирүү сыяктуу эле, 23-бөлүмдө да сойкулук сүрөттөлгөн. Ал жерде Иерусалим Самариянын сиңдиси экени, Самария эжеси экени жазылган. Эки бөлүмдө тең сиңдисинин эжесинин жолуна түшүп сойкулук кылганы, бирок ыймансыздыгы, адеп-ахлаксыздыгы аныкынан ашып түшкөнү баяндалган. 23-бөлүмдө Жахаба ал эже-сиңдиге ат койгон. Эжеси Охола он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын борбору Самария болгон. Ал эми сиңдиси Охолиба Жүйүттүн борбору Иерусалим болгон * (Жез. 23:1—4).
Эки бөлүмдүн дагы окшош жактары бар. Эң эле маанилүү окшоштуктары төмөнкүлөр болсо керек: сойкулар башында каймана мааниде Жахабанын аялдары болушкан жана кийин аны таштап кетишкен. Ошондой эле эки бөлүмдө тең үмүт берерлик убада камтылган. 23-бөлүмдө калыбына келтирүү жөнүндөгү үмүт учкай эле айтылса да, Жахабанын ал бөлүмдөгү: «Уятсыз жүрүм-турумуңду,.. сойкулугуңду таштатам»,— деген сөздөрү 16-бөлүмдө жазылгандарга окшош (Жез. 16:16, 20, 21, 37, 38, 41, 42; 23:4, 11, 22, 23, 27, 37).
Алар христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?
Мурун адабияттарыбызда Охола менен Охолиба христиан дүйнөсүнүн, айрыкча анын 2 негизги агымынын, католик жана протестант дининин, прообразы деп айтылып келген. Бирок тиленүү менен терең ой жүгүртүүнүн, изилдөөнүн аркасында төмөнкүдөй ойлондурарлык суроолор туулду: Христиан дүйнөсү качандыр бир убакта кандайдыр бир мааниде Жахабанын аялы болгонбу? Ал дегеле Жахаба менен келишим түздү беле? Албетте, жок. Иса арачылык кылып, рухий Ысрайыл менен «жаңы келишим» түзүлгөндө христиан дүйнөсү жок болчу; ал эч качан майлангандардан турган рухий элдин бир бөлүгү да болгон эмес (Жер. 31:31; Лк. 22:20). Христиан дүйнөсү элчилердин көзү өткөнүнөн бир канча убакыттан кийин пайда болгон. Исанын буудай менен отоо чөп жөнүндөгү пайгамбарлыгында айтылгандай, ал б.з. 4-кылымында «отоо чөптөн» — Исанын жолдоочусу аталымыш болгондордон — турган, чындыктан четтеген бузулган уюм катары пайда болгон (Мт. 13:24—30).
Дагы бир негизги айырмачылыгы: Жахаба ишенимсиз Иерусалим менен Самариянын кайра калыбына келтирилерин убада кылган (Жез. 16:41, 42, 53—55). Ыйык Китепте христиан дүйнөсүнө ушу сыяктуу үмүт берилгени жазылганбы? Жок! Анын, Улуу Бабылды түзгөндөрдүн баарындай эле, эч кандай үмүтү жок.
Демек, Охола менен Охолиба христиан дүйнөсүнүн прообразы эмес. Ошентсе да бул билдирүүдөн бир маанилүү нерсени — Жахабанын өздөрүн анын элибиз деп эсептеп, бирок анын ыйык ысымына шек келтиргендерге жана анын таза сыйынуу үчүн койгон талаптарын баркка албагандарга кандай караарын — түшүнөбүз. Бул жагынан өзгөчө христиан дүйнөсү өтө чоң күнөөгө батууда, анткени ал өзүн Ыйык Китепти жаздырган Кудайдын өкүлүмүн деп эсептейт. Анысы аз келгенсип, Жахабанын сүйүктүү Уулу Иса Машаякты өзүнүн жетекчиси катары көрөт. Бирок Исаны үч беттүү кудайдын бир бөлүгү катары көрсөтүп, анын «бул дүйнөгө таандык болбогула» деген так-айкын буйругун бузуп, өздөрүнө өздөрү каршы чыгууда (Жкн. 15:19). Анын бурканга табынууга аралашып алганы, саясий маселелерге баш-оту менен кирип кеткени «улуу сойкунун» бир бөлүгү экенин таасын далилдеп турат (Аян 17:1). Жалган диндин дүйнөлүк империясын эмне күтүп турса, аны да так ошол нерсе күтүп турганына шек жок!
^ 3-абз. Бул ысымдардын мааниси бар. Охола деген ысымдын мааниси «анын [сыйынуу] чатыры» дегенди билдирет. Бул Ысрайылдын Жахабанын Иерусалимдеги ибадатканасын колдонгондун ордуна, өзүнүн сыйынуу борборлорун куруп алганынын кыйыр айтылышы болсо керек. Ал эми Охолиба деген ысымдын мааниси «менин [сыйынуу] чатырым анын ичинде» деген маанини туюнтат. Иерусалим Жахабага сыйынуу үйү жайгашкан жер болчу.