Ыйык Китепте жазылгандарды жакшыраак түшүнүш үчүн эмне кылсаң болот?
Алгач ушул бетти бир сыйра окуп, анан ВИДЕОНУ көр.
КИРИШ БӨЛҮГҮ
Ар бир бөлүмгө даярданып жатканда башындагы кириш абзацтарды оку. Жоон тамгалар менен жазылган суроолордо (А) жана аяттарда (Б) негизги ойлор баса белгиленет. Айрым аяттардын алдында «оку» деп жазылганына көңүл бур.
ОРТОҢКУ БӨЛҮГҮ
«Тереңирээк каз» деген жерде жазылгандар (В) андан ары эмнелер талкууланарын көрсөтүп турат. Бөлүмчөлөрдө (Г) негизги ойлор камтылат. Сени окутуп жаткан киши менен чогуу аяттарды окуп, суроолорго жооп берип, видеолорду көр.
ВИДЕО турган жерлерди бассаң, кошумча мультимедиа ачылат. Айрым видеолордо чынында болгон окуялар көрсөтүлөт. Башкаларында кимдир бирөөлөрдүн башынан өткөн окуялар көрсөтүлбөсө да, турмуштан алынган чыныгы жагдайлар чагылдырылган.
Сүрөттөргө, алардын астында жазылгандарга (Д) көңүл бур. «Айрымдар мындай дейт» деген жерди (Е) окуп, ошентип айткандарга эмне деп жооп берериңди ойлон.
АКЫРКЫ БӨЛҮГҮ
Бөлүм «Негизги ой» жана «Кайталоо» (Ё) деген бөлүктөр менен аяктайт. Бөлүмдү изилдеп бүткөн күндү жазып кой. «Максат» (Ж) деген жерде эмнелерге умтулсаң болору жазылат. «Көбүрөөк бил» (З) деген бөлүктө кошумча маалымат берилет. Эгер кааласаң, аларды окусаң же көрсөң болот.
Мазмуну
|
|
|
|
Ыйык Китептен аяттарды кантип тапса болот?
Ыйык Китеп 66 майда китептен турат. Ал Еврей-арамей Жазмалары (Байыркы Келишим) жана Грек Жазмалары (Жаңы Келишим) деген эки бөлүктөн турат.
Аяттар келтирилгенде, алгач Ыйык Китептеги китептин аталышы (A), андан соң бөлүм (Б), анан аят же аяттар (В) жазылат.
Мисалы, Забур 37:2 деген Забур китебинин 37-бөлүмүнүн 2-аятын билдирет.