2-бөлүктү кайталоо
Сени окуткан киши менен төмөнкү суроолорду талкуулагыла:
Кудай жалган диндерди эмне кылат?
(Кара: 13-бөлүм.)
Окугула: Чыгуу 20:4—6.
Көптөрдүн сыйынганда сөлөкөттөрдү колдонгонуна Жахаба кандай карайт?
(Кара: 14-бөлүм.)
Иса пайгамбар деген ким?
(Кара: 15-бөлүм.)
Сага Исанын кайсы сапаттары жагат?
(Кара: 17-бөлүм.)
Окугула: Жакан 13:34, 35; Элчилер 5:42.
Бүгүнкү күндө кимдерди Машаяктын чыныгы жолдоочулары деп айтса болот? Алардын чындап эле Машаяктын жолдоочулары экенине сени эмне ынандырат?
(Кара: 18, 19-бөлүмдөр.)
Жыйналыштын башчысы ким жана ал жыйналышты кантип жетектейт?
(Кара: 20-бөлүм.)
Окугула: Матай 24:14.
Бул пайгамбарлык бүгүнкү күндө кантип аткарылып жатат?
Жакшы кабарды кимдерге айтып жатасың?
(Кара: 21, 22-бөлүмдөр.)
Чөмүлүүнү жетсе боло турган жакшы максат деп эсептейсиңби? Эмне үчүн?
(Кара: 23-бөлүм.)
Шайтандан жана жиндерден өзүңдү кантип коргой аласың?
(Кара: 24-бөлүм.)
Кудай бизди эмне үчүн жараткан?
(Кара: 25-бөлүм.)
Эмне үчүн адамдар азап чегишет, өлүшөт?
(Кара: 26-бөлүм.)
Окугула: Жакан 3:16.
Жахаба бизди күнөө менен өлүмдөн куткарыш үчүн эмне кылган?
(Кара: 27-бөлүм.)
Окугула: Насаатчы 9:5.
Адам өлгөндө эмне болот?
Иса көзү өтүп кеткен миллиарддаган кишилерди эмне кылат?
(Кара: 29, 30-бөлүмдөр.)
Кудайдын Падышалыгы башка өкмөттөрдөн эмнеси менен жогору турат?
(Кара: 31, 33-бөлүмдөр.)
Кудайдын Падышалыгынын учурда башкарып жатканына ишенесиңби? Эмне үчүн ишенесиң? Ал качан башкара баштаган?
(Кара: 32-бөлүм.)