Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-БӨЛҮМ

Кантип кабар айтсаң болот?

Кантип кабар айтсаң болот?

Ыйык Китепте жазылгандарды билген сайын: «Муну баары билиши керек!» — деп ойлошуң мүмкүн. Ооба, муну чынында эле ар бир кишинин билгени маанилүү. Бирок: «Билгендеримди башкаларга кантип айтам?» — деп тынчсызданып жаткандырсың. Бул бөлүмдө көп тынчсызданбаганга жана башкаларга кабар айта баштаганга эмне жардам берерине токтолобуз.

1. Билгендериңди тааныштарыңа кантип айтсаң болот?

Исанын шакирттери: «Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен (Элчилер 4:20). Алар Иса айткан чындыктарды аябай баалагандыктан билгендери жөнүндө мүмкүн болушунча көптөргө айтканга аракет кылышкан. Сенде да ушундай каалоо барбы? Анда үйүңдөгүлөргө, досторуңа айтып бергенге мүмкүнчүлүктөрдү изде. Бирок алар менен сүйлөшкөндө сылык-сыпаа бол. (Оку: Колосалыктар 4:6.)

Кантип сөз баштасаң болот?

  • Үйүңдөгүлөр менен сүйлөшүп жатканда Ыйык Китеп жөнүндө сөз башташ үчүн: «Бул жумада кызыктуу бир нерсе окудум»,— десең болот.

  • Досуң ооруп же бушайман болуп жатса, бекемдээрлик аят окуп бер.

  • Жумуштан кимдир бирөө дем алыш күндөрүң кандай өткөнүн сурап калса, жыйналыштан же изилдөөдөн билгендериңди айтып бер.

  • Досторуңа jw.org сайтын көрсөтүп бер.

  • Башкаларды изилдөөңө катышканга чакыр же изилдөө башташ үчүн jw.org сайтындагы купонду толтурганга жардам бер.

2. Кабарга чыгууну максат кылып койгонуң эмне үчүн жакшы?

Исанын шакирттери Кудайдын Сөзүндөгү кабарды тааныштарына эле айтышкан эмес. Иса «аларды өзү бара турган ар бир шаарга» «эки-экиден» кылып жөнөткөн (Лука 10:1). Кабар айтуу ишин ушинтип уюшкандыкта аткаруу көптөргө жакшы кабарды укканга шарт түзгөн. Ошондой эле чогуу кабар айткандын аркасында алар аябай кубанышкан (Лука 10:17). Сен да жыйналыштагылар менен чогуу кабар айтууну максат кылып коё аласыңбы?

ТЕРЕҢИРЭЭК КАЗ

Көп тынчсызданбаш үчүн жана кабар айтып кубанычыңды арттырыш үчүн эмне кылсаң болору жөнүндө бил.

3. Жахаба сени менен болот

Айрымдар кабар айткысы келип, бирок: «Башкалар эмне деп ойлоп калат же айткандарымды кандай кабыл алат?» — деп коркушу мүмкүн.

  • Сен да кантип кабар айтам деп тынчсызданасыңбы? Эмне үчүн?

ВИДЕОНУ көргүлө. Анан төмөнкү суроону талкуулагыла.

  • Видеодогу жаштар коркуу сезимин кантип жеңишкен?

Окугула: Ышая 41:10. Анан бул суроону талкуулагыла:

  • Кабар айткандан коркуп жатсаң, Кудайдан тиленгениң кандайча жардам берет?

Билесиңби?

Көбүбүз эле башында эч качан кабар айта албайм деп ойлогонбуз. Мисалы, Сергей деген бир жигит өзүн эч нерсеге татыксыз сезе берчү. Ага башкалар менен сүйлөшкөн да кыйынга турчу. Бирок ал кийинчерээк Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Коркуп жатканыма карабай билгендеримди башкаларга айта баштадым. Таң калыштуусу, мунун аркасында өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип калдым, ишенимим да бекемделди».

4. Сылык бол

Кабар айтарда эмнени айтарыңды эле эмес, аны кантип айтарыңды да ойлон. Окугула: 2 Тиметей 2:24; 1 Петир 3:15. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Ыйык Китепте айтылгандар жөнүндө сүйлөшүп жатканда бул аяттарда жазылгандарды кантип колдонсоң болот?

  • Үйүңдөгүлөрдүн же досторуңдун айрымдары сен айткандарга кошулбашы мүмкүн. Ошондо эмне кылсаң болот? Эмне кылбашың керек?

  • Эмне үчүн өзүңдүкүн эле айта бербей, сылыктык менен суроо бергениң жакшы?

5. Жакшы кабар айтуу кубаныч тартуулайт

Жахаба Исага жакшы кабар таратуу ишин тапшырган. Иса ал ишке кандай караган? Окугула: Жакан 4:34. Анан бул суроолорду талкуулагыла:

  • Пайдалуу тамак ден соолугубузду чыңдап, ыракат тартуулайт. Эмне үчүн Иса Кудайдын эркин аткарууну, анын ичинде жакшы кабар таратууну тамакка салыштырган?

  • Жакшы кабар айтуу сага кандайча кубаныч тартуулашы мүмкүн?

Кеңештер

  • Иш күндөрүндөгү жолугушуудан кантип сөз баштаса болорун байкаганга аракет кыл.

  • Сени окуткан кишиден иш күндөрүндөгү жолугушууда тапшырма менен чыкканга жазылыш үчүн эмне кылыш керектигин сура. Тапшырма менен чыкканың кабар айтканга даяр болгонго жардам берет.

  • Көптөр айткан каршы пикирге жана суроолорго жооп бергенге көнүгүш үчүн бул адабияттагы «Айрымдар мындай дейт» же «Айрымдар минтип сурашы мүмкүн» деген бөлүктөрдү колдон.

АЙРЫМДАР МИНТИП СУРАШЫ МҮМКҮН: «Эмне жаңылык?»

  • Ыйык Китептен билгендериңди айтып бериш үчүн ушул мүмкүнчүлүктү кантип колдонсоң болот?

НЕГИЗГИ ОЙ

Башкаларга жакшы кабар айтуу кубаныч тартуулайт. Кабар айткан сен ойлогондон оңой болушу мүмкүн.

Кайталоо

  • Эмне үчүн кабар айтышыбыз керек?

  • Кабар айтканда сылык-сыпаа болуш үчүн эмне кылсаң болот?

  • Кабар айткандан коркуп тынчсыздана бербегенге эмне жардам берет?

Максат

КӨБҮРӨӨК БИЛ

JW.ORG байланыш карточкасын колдонуп кантип кабар айтса болот? Мунун жөнөкөй төрт жолу бар.

«JW.ORG байланыш карточкасынын үлгү иретиндеги сунуштоосу» (1:43)

Башкаларга кабар айтканга кайсы төрт сапат жардам берет?

«Адам уулоочу болгонго даярсыңбы?» («Күзөт мунарасы», сентябрь, 2020)

Ыйык Китептеги инсандардын үлгүсү баарыбызга, атүгүл балдарга да кабарды коркпой айтканга кандайча жардам берет?

«Жахаба эр жүрөк болууга жардам берет» (11:59)

Үйүңдөгүлөрдүн арасында Жахаба жөнүндө билбегендер бар болсо, аларга кантип кабар айтсаң болорун окуп көр.

«Ишенимдеш эмес туугандарыңарга жардам бергиле» («Күзөт мунарасы», 15-март, 2014)