Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮК

Бейиште жашоо кандай болгон?

Бейиште жашоо кандай болгон?

Жахаба Адам ата менен Обо энеге көп жакшы нерселерди берген (Башталыш 1:28).

Жахаба Обо энени жараткан. Ал Адам атанын аялы болгон (Башталыш 2:21, 22).

Жахаба Кудай алардын акылы менен денесин кемтиксиз кылып жараткан.

Алар Эйден багында жашашкан. Эйден багы суусу мол, жаныбарларга жана жемиш бактарына толгон абдан кооз бакча болгон.

Жахаба алар менен сүйлөшүп, аларды үйрөтүп турган. Алар Кудайды угушса, жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашашмак.

Кудай бакчадагы бир дарактын мөмөсүн жегенге тыюу салган (Башталыш 2:16, 17).

Бир периште Кудайга каршы чыккан. Ал каардуу периште Шайтан Ибилис болгон.

Жахаба Кудай Адам ата менен Обо энеге бакчадагы бир даракты көрсөтүп, анын мөмөсүнөн жеген күнү өлүшөрүн айткан.

Шайтан Адам ата менен Обо эненин Кудайдын тилин алышын каалаган эмес. Ал жыланды колдонуп, Обону ошол жемиштен жесе, өлбөй, тескерисинче, Кудайдай болуп каларын айтып азгырган. Албетте, анын айтканы калп болгон (Башталыш 3:1—5).