34-БӨЛҮМ
Адам өлгөндө эмне болот?
БАРДЫК адамдардын карырын, ооруурун жана өлөрүн билет чыгарсың. Атүгүл балдар да өлөт. Бирок өлүмдөн же өлгөндөрдөн коркуш керекпи? ~ Адам өлгөндө эмне болот? ~
Азыр өлгөндөрдүн эч кимиси тирилип келип, бул суроого жооп бере албайт. Бирок Улуу Окутуучунун убагында ошондой киши болгон. Кел, ошол киши жөнүндө окуп, адам өлгөндө эмне болорун билели. Ал Исанын досу болчу жана Иерусалимден анча алыс эмес жерде жайгашкан Бетания деген шаарчада жашачу. Анын аты Лазар эле. Анын Марта жана Мариям деген эки биртууганы бар болчу. Кел анда, алар менен эмне болгону тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын карап көрөлү.
Бир жолу Лазар катуу ооруп калат. Ошол учурда Иса алыс жакта эле. Ошондуктан Марта менен Мариям Лазардын ооруп жатканын билдирүү үчүн Исага киши жиберишет. Алар Иса келип, Лазарды айыктырат деп үмүттөнүшкөн. Иса дарыгер болбосо да, Кудайдын күчү менен бардык ооруларды айыктыра алчу (Матай 15:30, 31).
Лазар катуу ооругандыктан, Иса келгенче эле өлүп калат. Бирок Иса шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды, мен аны ойготкону баратам»,— деген. Шакирттери аны түшүнүшкөн эмес. Ошондо Иса аларга ачык эле: «Лазар өлүп калды»,— дейт. Исанын бул сөздөрүнөн өлүм жөнүндө эмнени биле алабыз? ~ Өлүмдүн катуу уйкуга окшош экенин. Ал уйку ушунчалык катуу болгондуктан, киши атүгүл түш да көрбөйт.
Иса Марта менен Мариямга келет. Аларды сооротуу үчүн көптөгөн достору жана туугандары чогулат. Марта Исанын келатканын угуп, алдынан тосуп чыгат. Анын аркасынан Мариям да барат. Ал аябай кайгырып, өксүп ыйлайт. Анан Исаны көрүп, бутуна жыгылат. Мариямдын артынан келаткан достору да ыйлашат.
Улуу Окутуучу: «Лазарды каякка койдуңар?» — деп сурайт. Анан эл Исаны Лазар коюлган үңкүргө алып барат. Кайгырып, ыйлап жаткан элди көрүп, Иса өзү да ыйлайт. Ал жакынынан айрылуу деген эмне экенин билет.
Үңкүрдүн оозу таш менен жабык тургандыктан, Иса: «Ташты алып салгыла»,— дейт. Бирок мүрзөнү ачуунун кереги барбы? ~ Марта: «Мырзам, эмдигиче жыттанып кетсе керек, төрт күн болуп калбадыбы»,— деп тынчсызданат.
Ошондо Иса ага: «Эгер ишенсең, Кудайдын даңкын көрөсүң деп айттым эле го»,— дейт. Исанын айтканына караганда, Марта Кудайга даңк алып келе турган бир нерсе көрүшү керек эле. Анан Иса эмне кылат? Ташты алышкандан кийин, үнүн чыгарып, Жахабага тиленет. Андан соң катуу үн менен: «Лазар, чык!» — дейт. Лазар чын эле чыгат болду бекен? Ошондой болушу мүмкүнбү? ~
Сен уктап жаткан кишини ойгото аласыңбы? ~ Албетте! Катуураак: «Тур!» — деп койсоң эле ойгонот. Бирок өлүп калган кишини ойготуу мүмкүнбү? ~ Жок. Канчалык катуу кыйкырба, ал баары бир укпайт. Өлгөн кишини сен да, мен да, эч кимибиз ойгото албайбыз.
Бирок Иса ойгото алган. Кудай ага өзгөчө күч берген. Ошондуктан ал Лазарды чакырганда, укмуштуудай бир нерсе болгон. Өлгөнүнө төрт күн болгон киши мүрзөдөн чыгып келген! Ал кайрадан дем алып, басып, сүйлөп, бир Жакан 11:1—44).
сөз менен айтканда, жашай баштаган! Ооба, Иса Лазарды тирилткен (Эми Лазар өлгөндөн кийин эмне болгону тууралуу ойлонуп көрсөң. Балким, анын денесинин бир бөлүгү — жаны же руху — андан бөлүнүп, башка бир жерде жашай бергендир? Же анын жаны асманга кеткенби? Мүмкүн, ал ошол төрт күн бою Кудайдын жана анын ыйык периштелеринин жанында болгондур? ~
Жок. Исанын Лазар уктап жатат деп айтканын эстесең. Киши уктап жатканда эмне болот? Катуу уктап жатканыңда айланаңда эмне болуп жатканын билбейсиң да, чынбы? ~ Ал эми ойгонгонуңда канча убакыт уктаганыңды саатты карамайынча билбейсиң.
Өлгөндөр менен да ушу сыяктуу эле болот. Алар эч нерсе билишпейт, сезишпейт жана кыла алышпайт. Лазар Насаатчы 9:5, 10).
так ушундай абалда болгон. Киши катуу уктап жатканда эч нерсе билбейт. Өлүм ушуга окшош. Ыйык Китепте: «Өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— деп айтылат (Бул жөнүндө да ойлонуп көрсөң: эгер Лазар ошол төрт күн бою асманда болсо, ал тууралуу эч нерсе айтып бербей коёт беле? ~ Же Иса ошол сонун жайдан аны кайрадан жерге алып келет беле? ~ Албетте, жок!
Бирок көптөр адамдын жаны бар жана адам өлгөндөн кийин да жан жашай берет деп ойлошот. Ушинтип ойлогондор Лазардын жаны, ал өлгөндөн кийин да, бир жерде жашай берген деп ырасташат. Бирок Ыйык Китеп буга окутпайт. Ыйык Китепте Кудай Адам атаны «тирүү жан» кылып жаратканы айтылат. Бул Адам ата өзү жан болгонун билдирет. Ошондой эле анда күнөө кылгандан кийин Адам атанын өлгөнү жазылат. Өлгөндө ал кайра өзү жаралган топуракка айланган. Ыйык Китепте Адам атанын урпактарына да күнөө менен өлүм тукум кууп өткөнү айтылат (Башталыш 2:7; 3:17—19; Римдиктер 5:12).
Ооба, адамдын денесинен бөлүнүп кете турган эч кандай жан жок экени айкын. Ар бирибиз — жанбыз. Ал эми Жезекиел 18:4).
адамдарга Адам атадан күнөө тукум кууп өткөндүктөн, Ыйык Китепте: «Күнөө кылган жан өлөт»,— деп айтылат (Айрымдар өлгөндөрдөн жана мүрзөгө баргандан да коркушат. Алар өлгөндөрдүн жаны бар, ал денеден бөлүнүп жашайт жана тирүүлөргө зыян келтирет деп ойлошот. Бирок өлгөндөр тирүүлөргө зыян келтире алышабы? ~ Албетте, жок.
Кээ бирөөлөр атүгүл өлгөндөр тирүүлөргө арбак болуп келишет деп ишенишет. Ошондуктан аларга арнап тамак жасашат. Бирок андай кишилер Кудайдын өлгөндөр жөнүндө айткандарына, чынында, ишенишпейт. Эгер биз Кудайдын айткандарына ишенсек, өлгөндөрдөн коркпойбуз. Ал эми Кудайга жашоо бергени үчүн чындап ыраазы болсок, ага жаккан иштерди кылабыз.
Балким, сени: «Кудай өлгөн балдарды тирилтеби?» — деген суроо кызыктыраттыр. Кудай ошентүүнү каалайбы? Бул жөнүндө эмки бөлүмдөн биле аласың.
Кел, Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу дагы эмне айтыларын жана жан бул адамдын өзү экенин Забур 113:25, 145:3, 4 жана Жакып 5:20дан окуп көрөлү.