Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Кудайдын периштелеринин жардамы

Кудайдын периштелеринин жардамы

КЭЭ БИРӨӨЛӨР: «Көргөнүмө эле ишенем»,— дешет. Бирок бул акылсыздык да. Анткени дүйнөдө адамдар көрө албаган нерселер көп. Алар кайсылар деп ойлойсуң? ~

Мисалы, биз дем алып жаткан абаны алалы. Аны сезе алабызбы? ~ Колуңа үйлөп көрсөң. Бир нерсе сездиңби? ~ Ооба, бирок абаны көрө албайбыз, чынбы? ~

Мурунку бөлүмдө биз көрө албай турган рухий жаратуулар жөнүндө сөз кылганбыз. Алардын кээ бирлери жакшы, башкалары болсо жаман экенин билгенбиз. Биз көрө албай турган рухтардын айрымдарын айтып берсең. ~ Ооба, Жахаба Кудай, Иса жана жакшы периштелер. Жаман периштелер да барбы? ~ Ыйык Китепте бар экени айтылат. Алар жөнүндө билгендериңди айтып бере аласыңбы? ~

Жакшы периштелер да, жаман периштелер да бизден алда канча күчтүү экенин билгенбиз. Улуу Окутуучу периштелер жөнүндө көп нерселерди билген. Анткени ал өзү да жерге келгенге чейин асманда периште болчу. Ал башка периштелер менен асманда жашагандыктан миллиондогон периштелерди билген. Алардын бардыгынын аты барбы? ~

Биз Кудайдын ар бир жылдызга ат койгонун билгенбиз. Ошондуктан периштелердин да аты бар деп айтсак болот. Алардын бири-бири менен сүйлөшөрүн да билебиз, анткени Ыйык Китепте «периштелердин тили» бар экени айтылат (1 Корунттуктар 13:1). Кандай деп ойлойсуң, алар эмне жөнүндө сүйлөшүшөт? Биз жөнүндө сүйлөшүшү мүмкүнбү? ~

Шайтандын периштелери, жин-перилер, бизди тил албастыкка түртөрүн билебиз. Алар Жахабаны угушубузду каалабайт. Ошондуктан бизди кантип туура жолдон адаштыруу жөнүндө сүйлөшүшөт болуш керек. Алар биздин өздөрүндөй болушубузду жана Жахабанын бизди сүйбөй калышын каалайт. Ал эми Кудайдын ишенимдүү периштелери эмне жөнүндө сүйлөшөт болду экен? Мүмкүн, алар да биз жөнүндө сүйлөшөттүр, кандай деп ойлойсуң? ~ Албетте. Анткени алар бизге жардам берүүнү каалайт. Сага периштелердин Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылган кишилерге кантип жардам бергенин айтып берейин.

Байыркы убакта Бабыл деген шаарда Даниел аттуу бир киши жашаган. Бабылда жашагандардын көпчүлүгү Жахабаны сүйчү эмес. Атүгүл кээ бирлери Жахаба Кудайга тиленген ар бир кишини жазалоо жөнүндө мыйзам чыгарышкан. Бирок Даниел корккон эмес, ал Жахабага тилене берген. Ошол кишилердин Даниелди эмне кылганын билесиңби? ~

Ооба, жаман кишилер Даниелди арстандардын оруна ташташкан. Даниел ач арстандардын арасында калган. Анан эмне болгонун билесиңби? ~ Даниел: «Кудайым Өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду»,— деген. Ал эч нерсе болгон эмес! Ооба, периштелер Жахабага кызмат кылгандарды сактоо үчүн керемет жасай алышат (Даниел 6:18—22).

Кудай Даниелди кантип сактап калган?

Эми Петирди мисалга алалы. Ал бир жолу түрмөгө түшүп калган. Петир Иса Машаяктын, Улуу Окутуучунун, досу болгону эсиңде болуш керек. Айрымдарга анын Иса жөнүндө кабар айтканы жана аны Кудайдын Уулу деп атаганы жаккан эмес. Ошондуктан алар аны түрмөгө камап коюшкан. Петир качып кетпеши үчүн, аны жоокерлер кайтарып турган. Аны кимдир бирөө бошото алат беле? ~

Петир эки жоокердин ортосунда уктап жаткан. Анын колдору чынжыр менен байлануу болчу. Бирок Ыйык Китепте: «Бир маалда Жахабанын периштеси пайда болуп, Петир жаткан жер жарык боло түштү. Периште аны капталга түртүп ойготуп: „Тур тезирээк!“ — деди»,— деп айтылат.

Периште Петирди түрмөдөн кантип бошоткон?

Ошондо Петирдин колдорунан чынжырлар түшүп калат! Периште ага: «Кийимиңди, сандалыңды кийип, артымдан ээрчи»,— дейт. Петирге периште жардам бергендиктен, жоокерлер аны токтото алышкан эмес. Анан Петир темир дарбазанын жанына келгенде, таң калыштуу бир нерсе болот. Дарбазалар өзү эле ачылып калат! Ошол периште Петирди, ал кабар айтууну уланта алышы үчүн, бошоткон (Элчилер 12:3—11).

Кудайдын периштелери бизге да жардам бере алабы? ~ Ооба. Бирок бул периштелер бизди бардык эле кыйынчылыктардан жана кырсыктан коргой берет дегенди билдиреби? ~ Жок, акылсыз иш кылсак, алар бизге жардам бербейт. Бирок өзүбүздү туура алып жүрсөк да, баары бир кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Периштелерге бизди бардык жамандыктан коргоо тапшырылган эмес. Кудай аларга өзгөчө бир тапшырма берген.

Ыйык Китепте элдерди Кудайга сыйынууга чакырып жаткан периште жөнүндө айтылат (Аян 14:6, 7). Ал адамдар менен кантип сүйлөшөт? Ал, ар бир киши аны уга алышы үчүн, асмандан кыйкырабы? ~ Жок, башкаларга Кудай жөнүндө Исанын жолдоочулары айтышат. Ал эми периштелер алардын кызматын жетектейт. Периштелер каалаган адамдардын бардыгы Кудай жөнүндөгү жакшы кабарды уга алышы үчүн кам көрүшөт. Ошол кабар айтуу ишине биз да катыша алабыз жана периштелер бизге жардам берет.

Бирок бизге Кудайды сүйбөгөн кишилер тоскоолдук кылсачы же түрмөгө камап коюшсачы? Ошондой учурда периштелер бизди бошотобу? ~ Бул алардын колунан келет. Бирок бул алар бизди бардык учурда эле коргой берет дегенди билдирбейт.

Периште Пабылга эмне деп жатат?

Бир жолу Пабылды, Исанын жолдоочусун, камакка алышат. Аны кеме менен башка шаарга алып баратканда, деңизде катуу шамал башталат. Бирок ошондо периште Пабылды бошоткон эмес. Анткени Кудай жөнүндө кабарды башка кишилер да угушу керек эле. Периште ага: «Коркпо, Пабыл. Сен цезардын алдына барышың керек»,— деген. Ооба, Пабыл цезарга, дүйнөлүк державанын башкаруучусуна, барышы керек болчу. Бул цезарга Кудай жөнүндө айтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн. Периштелер Пабылдын кайсы жерде жүргөнүн билишкен жана ага жардам беришкен. Эгер Кудайга чын жүрөктөн кызмат кылсак, периштелер бизге да жардам берет (Элчилер 27:23—25).

Жакында периштелер дагы бир маанилүү ишке катышат. Кудай жаман кишилерди жок кыла турган убакка абдан аз калды. Чыныгы Кудайга кызмат кылбагандардын бардыгы жок кылынат. Периштелерди көрө албагандыктан эле аларга ишенбегендер туура эмес кылышканын түшүнүшөт (2 Тесалоникалыктар 1:6—8).

Мунун бизге кандай тиешеси бар? ~ Эгер периштелердин тарабында болсок, алар бизге сөзсүз жардам берет. Бирок биз алар тараптабызбы? ~ Ооба, эгерде Жахабага кызмат кылсак, алар тараптабыз. Эгер ушундай болсо, башкаларды Кудайга кызмат кылууга чакырабыз.

Периштелер адамдардын жашоосуна кандай таасир эте аларын билүү үчүн Забур 33:8; Матай 4:11; 18:10; Лука 22:43 жана Элчилер 8:26—31-аяттарды оку.