48-БӨЛҮМ
Кудайдын жаңы дүйнөсүндө жашай аласың!
КУДАЙ Адам ата менен Обо энени Эйден багына жайгаштырган. Алар Кудайдын тилин албай коюшкандыктан өлүшкөн. Бирок Жахаба алардын балдарынын, алардын ичинде биздин да Бейиште жашай алышыбызга кам көргөн. Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мурастап, анда түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 36:29).
Ошондой эле анда «жаңы асман» жана «жаңы жер» жөнүндө да айтылат (Ышайа 65:17; 2 Петир 3:13). Азыркы «асман» бүгүнкү күндөгү өкмөттөрдү, ал эми «жаңы асман» Иса Машаякты жана аны менен бирге асманда бийлик кыла тургандарды билдирет. Жерди ошол жаңы асман, башкача айтканда, Кудайдын адил өкмөтү башкарганда кандай гана сонун болот!
Ал эми «жаңы жер» деген эмне? ~ Жаңы жер — бул Жахабаны сүйгөн жакшы кишилер. Ыйык Китептеги «жер» деген сөз кээде биздин планетабызды эмес, анда жашаган адамдарды билдирет (Башталыш 11:1; Забур 65:4; 95:1). Ошондуктан жаңы жер жаңы планетаны эмес, жер бетиндеги Бейиште жашай турган адил кишилерди билдирет.
Азыркы бузулган дүйнө менен жаман кишилер биротоло жок болот. Нухтун учурунда жаман кишилердин Топон суу менен жок кылынганы эсиңдедир. Азыркы бузулган дүйнө Армагедондо жок кылынарын да билгенбиз. Эми Армагедондон кийин Кудайдын жаңы дүйнөсүндө жашоо кандай болорун карап көрөлү.
Кудайдын жаңы дүйнөсүндө Бейиште түбөлүк жашагың келеби? ~ Бир да доктур адамдарды түбөлүк жашагыдай кыла албайт. Өлүмдөн сактап кала тургандай дары да жок. Кудай менен дос болсок гана түбөлүк өмүргө ээ болобуз. Улуу Окутуучу Кудай менен кантип достошсок болорун айткан.
Ыйык Китебиңден Жакан 17-бөлүм, 3-аятты ачсаң. Ал жерде Улуу Окутуучунун: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл»,— деген сөздөрү бар.
Демек, Исанын сөздөрүнө ылайык, түбөлүк өмүр алуу үчүн эмне кылуу керек? ~ Биринчиден, асмандагы Атабыз Жахаба жана өз өмүрүн биз үчүн берген анын Уулу жөнүндө билим алышыбыз керек. Ан үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз зарыл. Изилдөөгө «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген ушул китеп жардам берет.
Бирок Жахаба тууралуу билгендерибиз түбөлүк өмүр алууга кандайча жардам берет? ~ Күнүгө тамак жешибиз керек болгондой эле, Жахаба жөнүндө да күнүгө билим алышыбыз керек. Ыйык Китепте: «Адам нан менен гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашашы керек»,— деп жазылган (Матай 4:4).
Иса Машаяк жөнүндө да билим алышыбыз зарыл. Анткени Кудай өзүнүн Уулун бизди күнөөдөн арылтуу үчүн жиберген. Ыйык Китепте Иса тууралуу: «Андан башка эч ким куткара албайт»,— делет. Ошондой эле: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп да айтылат (Элчилер 4:12; Жакан 3:36). Бирок Исага ишенүү деген эмнени билдирет? ~ Бул ага чындап ишенүүнү жана ансыз түбөлүк жашай албай турганыбызды түшүнүүнү билдирет. Биз буга ишенебиз да, чынбы? ~ Эгер ишенсек, кел, дайыма Улуу Окутуучудан үйрөнүп, анын айткандарын аткара берели.
Бул жагынан сага ушул китепти дайыма окуу, сүрөттөрүн кылдат кароо жана алар жөнүндө ой жүгүртүү жардам берет.
Сүрөттөрдүн алдында берилген суроолорго жооп берүүгө аракет кыл. Ошондой эле бул китепти ата-энең менен чогуу оку. Эгер алар менен окууга мүмкүнчүлүк болбосо, чоңураак бирөө менен же башка балдар менен окусаң болот. Башкаларга Улуу Окутуучу жөнүндө билүүгө түрткү берсең, кандай гана сонун болот, ээ? ~ Ошондо алар да Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк жашоо үчүн эмне кылуу керектигин биле алышат!Ыйык Китепте: «Дүйнө өтүп кетет»,— делет. Ошондой эле анда Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк жашоо үчүн эмне кылуу керектиги жөнүндө да мындай деп жазылат: «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт» (1 Жакан 2:17). Демек, Кудайдын жаңы дүйнөсүндө түбөлүк жашоо үчүн эмне кылыш керек экен? ~ Ооба, Жахаба жана анын сүйүктүү Уулу Иса жөнүндө билим алыш керек. Андан сырткары, билгендерибизди колдонушубуз маанилүү. Бул жагынан сага ушул китепти изилдөө жардам бере берсин!