Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

39-БӨЛҮМ

Кудай өз Уулун унуткан эмес

Кудай өз Уулун унуткан эмес

ИСА, досу Лазар өлгөндө, ыйлаган. Кандай деп ойлойсуң, Исанын кыйналганын жана өлгөнүн көргөндө Жахаба кандай сезимде болгон? ~ Ыйык Китепте Жахабанын «кайгырары» айтылат. Анын атүгүл жүрөгү оорушу да ыктымал (Забур 77:40, 41, «ЖД»; Жакан 11:35).

Өзүнүн сүйүктүү Уулунун өлүп баратканын көргөндө Жахабанын жүрөгү кандай гана ооруган! Аны элестетүү эле кыйын, туурабы? ~ Бирок Иса Кудайдын аны унутпаарына бекем ишенген. Ошондуктан өлөр алдында акыркы жолу: «Ата, жанымды сенин колуңа тапшырам»,— деген (Лука 23:46).

Иса Кудайдын аны «тозокто» же мүрзөдө калтырбай турганына жана сөзсүз тирилтерине ишенген. Иса тирилтилгенде, элчи Петир ал тууралуу Ыйык Китепте жазылгандарды айтып: «Анын жаны тозокто калтырылган эмес жана Анын денеси чириген эмес»,— деген (Элчилер 2:31, «Синодалдык котормо»; Забур 15:10). Ооба, Исанын денеси чириген эмес жана бузулуп, жыттанып кеткен эмес.

Иса шакирттерине өзүнүн бир азга эле өлүм уйкусу менен уктаарын айткан. Ал «өлтүрүлүп, үчүнчү күнү тирилиши» керектигин түшүндүргөн (Лука 9:22). Ошондуктан Исанын тирилиши анын шакирттери үчүн күтүлбөгөн нерсе болбошу керек эле. Бирок чынында ошондой болду беле? ~ Кел, карап көрөлү.

Улуу Окутуучу жума күнү, түштөн кийин саат үчтөрдө, жаза устунунда өлгөн. Синедриондун мүчөсү Жусуп деген бай киши Исага ишенчү, бирок ишенгенин жашырып жүрчү. Исанын өлгөнүн угуп, ал Римдин башкаруучусу Пилатка барып, Исаны көмүү үчүн анын денесин устундан түшүрүүгө уруксат сурайт. Анан аны бактагы мүрзөгө алып барат.

Исанын сөөгүн мүрзөгө коюп, анын оозун чоң таш менен жаап коюшат. Ошентип, үчүнчү күн, жекшемби, болот. Күн чыга элек болгондуктан, эшик караңгы. Сакчылар Исанын мүрзөсүн кайтарып турат. Аларды жогорку динкызматчылар дайындап коюшкан. Эмне үчүн экенин билесиңби? ~

Динкызматчылар Исанын өзүнүн тирилери тууралуу айткандарын угушкан. Алар Исанын шакирттери анын сөөгүн уурдап кетип, анан Исаны тирилди деп коюшат деп коркушат. Ошондуктан мүрзөнү кайтартып коюшат. Күтүлбөгөн жерден жер титиреп, айлана жапжарык болуп калат. Анан Жахабанын периштеси пайда болот! Аны көргөн жоокерлер коркуп кеткендиктен кыймылдай албай калышат. Периште мүрзөнүн жанына келип, ташты жылдырат. Бирок мүрзө бош!

Мүрзө эмнеге бош?

Ооба, кийинчерээк элчи Петир айткандай, «ошол Исаны Кудай тирилткен» (Элчилер 2:32). Кудай Исаны, жерге келгенге чейин кандай денеде болсо, ошондой денеде тирилткен. Башкача айтканда, Иса кайрадан рухий денеге, периштелердикиндей денеге, ээ болгон (1 Петир 3:18). Эми ал адамдарга көрүнүү үчүн денеси адамдардыкындай болушу керек эле. Ошондой болду беле? ~ Кел, билели.

Жарык кире баштайт. Жоокерлер кетип калышкан. Исага ишенген Магдалалык Мариям жана башка аялдар мүрзөгө барышат. Жолдо алар: «Мүрзөнүн оозундагы ташты бизге ким жылдырып берет?» — деп өз ара сүйлөшүшөт (Марк 16:3). Бирок мүрзөгө жеткенде анын оозундагы таштын жылып калганын көрүшөт. Мүрзөнүн ичи болсо бош экен! Исанын сөөгү эч жерде жок! Магдалалык Мариям Исанын элчилерине баарын айтып берүү үчүн дароо чуркап жөнөйт.

Берки аялдар болсо мүрзөдө калышат. Алар: «Исанын сөөгү каякта болду экен?» — деп таң калышууда. Аңгыча болбой эле алардын алдында жаркыраган кийимчен эки киши пайда болот. Алар периштелер болчу. Алар аялдарга: «Силер эмне үчүн Исаны бул жерден издеп жатасыңар? Ал тирилди. Тезинен баргыла да, бул жөнүндө анын шакирттерине айткыла»,— дешет. Ошондо аялдардын канчалык шашканын элестетсең! Алар жолдон бир кишиге жолугушат. Кимге жолукканын билесиңби? ~

Исага! Анын денеси кадимки адамдыкындай эле болчу. Ал да аялдарга: «Баргыла да, менин шакирттериме айткыла»,— дейт. Ал аялдар кандай гана сүйүнүшкөн! Алар шакирттерге: «Иса тирүү экен! Биз аны көрдүк!» — деп кабарлашат. Буга чейин Мариям Петир менен Жаканга мүрзөнүн бош экенин айтып келген эле. Карасаң, алар да ошол жерге баарын өз көзү менен көрүш үчүн келишти. Петир менен Жакан Исанын сөөгү оролгон зыгыр кездемени көрүп, анын тирилгенине ишенип-ишенбей туруп калышат. Алар буга абдан ишенгиси келет, бирок анын тирилиши мүмкүн эместей сезилет.

Петир менен Жакан эмне жөнүндө ойлонуп жатышы мүмкүн?

Ошол эле жекшемби күнү Иса Эмаус деген айылга бара жаткан башка эки шакиртине жолугат. Ал алар менен катар басып, сүйлөшөт. Бирок алар Исаны таанышпайт, анткени ал башка денеде болчу. Алар анын Иса экенин, ал кечинде тамак ичерде тиленгенде гана, түшүнүшөт. Ушунчалык сүйүнгөндүктөн алар кайра Иерусалимге барууга шашышат. Иерусалим бир топ эле алыс болчу. Болжолу, ошондон көп өтпөй эле Иса тирилгенин далилдеш үчүн Петирге көрүнөт.

Исанын көптөгөн шакирттери ошол жекшемби күнү кечинде бир үйгө чогулушат. Алар эшиктерди бекитип алышкан. Капысынан эле алар отурган бөлмөдө Иса пайда болот! Эми шакирттер Улуу Окутуучунун чынында эле тирилгенине ынана алышат. Ошондо алардын кубанганын элестетсең! (Матай 28:1—15; Лука 24:1—49; Жакан 19:38—20:21).

Иса өзүнүн тирилгенин далилдөө үчүн шакирттерине кырк күн ичинде ар түрдүү киши болуп көрүнөт. Анан асманга Атасына кайтат (Элчилер 1:9—11). Ошондон көп өтпөй шакирттер Кудайдын Исаны тирилткенин башкаларга айта башташат. Динкызматчылар аларды сабап, айрымдарын өлтүрсө да, алар кабар айтууну токтотушпайт. Шакирттер, Кудай өз Уулун унутпагандай эле, аларды да өлгөндөн кийин деле унутпаарын билишет.

Адатта көптөр Исанын тирилгенин эскергенде эмне жөнүндө ойлошот? А сен эмне жөнүндө ойлойсуң?

Исанын ошол жолдоочулары азыркы күндөгү кишилерден кандай гана айырмаланат! Жазында Исанын өлүмүн эскергенде көптөр көбүнчө боёлгон пасах жумарткалары, кээ бир өлкөлөрдө болсо пасах коёндору жөнүндө гана ойлонушат. Бирок Ыйык Китепте боёлгон пасах жумурткалары жана пасах коёндору жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Анда Кудайга кызмат кылуу жөнүндө айтылат.

Биз да Исанын алгачкы жолдоочуларын туурап, Кудай кандайча керемет жолу менен өзүнүн Уулун тирилткенин башкаларга айтсак болот. Бизди өлтүрөбүз деп коркутушса да, коркпошубуз керек. Анткени өлсөк да, Жахаба бизди сөзсүз эстеп, Исаны тирилткендей эле тирилтет.

Кудайдын өзүнүн кызматчыларынын бирин да унутпай турганын жана өлүм уйкусунда жаткандарын сөзсүз тирилтерин билүү бизди кандай гана кубандырат, чынбы? ~ Ошондуктан, кел, канткенде Кудайды кубандыра аларыбыз жөнүндө көбүрөөк биле берели. Кудайды кубандыра аларыбызды билчү белең? ~ Бул жөнүндө кийинки бөлүмдө айтылат.

Исанын тирилтилгенине болгон ишеним үмүтүбүздү жана ишенимибизди бекемдеши керек. Элчилер 2:22—36; 4:18—20 жана 1 Корунттуктар 15:3—8, 20—23тү окуп көр.