8-БӨЛҮМ
Машаяктын келиши
ДАНИЕЛ пайгамбар Машаяктын келери жөнүндө жазгандан 500 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Жебирейил периште Дөөтү падышанын тукумунан болгон Мариям деген кызга көрүнгөн. Периште кызга: «Саламатсыңбы, Кудайдын ырайымына ээ болгон кыз! Жахаба сени менен!» — деген (Лука 1:28). Мариям периштени көргөндө коркуп кеткен. Жебирейил периштенин Мариям менен ушундайча учурашканы эмнени билдирген?
Периште кызга мындай деген: «Коркпо, Мариям. Сен Кудайдын ырайымына ээ болдуң. Андыктан кош бойлуу болуп, уул төрөйсүң, атын Иса коёсуң... Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет... анын Падышалыгынын акыры болбойт» (Лука 1:30—33). Периштенин бул сөздөрү Мариям үчүн чынында эле сонун кабар болгон! Анткени Мариям элдер көптөн бери күтүп келген убадаланган «тукумдун», тактап айтканда, Машаяктын энеси болмок.
Ошондон бир жылдай убакыт өткөндөн кийин Иса Бетлехем деген шаарда төрөлгөн. Ал төрөлгөн түнү Кудайдын периштеси жакын жерде кой кайтарып жүргөн койчуларга: «Мен силерге элдин баарына чоң кубаныч тартуулай турган жакшы кабар жарыялаганы келдим. Бүгүн Дөөтүнүн шаарында Куткаруучуңар, Мырзаңар Машаяк төрөлдү»,— деген (Лука 2:10, 11). Кийинчерээк Мариям жана анын күйөөсү Жусуп Назарет шаарына көчүп барышкан. Ошентип, Иса ошол жерде чоңоюп-өскөн.
Биздин замандын 29-жылы Иса Кудайдын пайгамбары катары кызмат кыла баштаган. Ошондо ал «отуз жаштарда эле» (Лука 3:23). Көптөр анын, чын эле, пайгамбар экенине ынанышкан. Алар: «Арабыздан улуу пайгамбар чыкты»,— дешкен (Лука 7:16, 17). Иса пайгамбар эмнелер жөнүндө айткан?
Иса пайгамбар адамдарга Кудайды сүйгөндү, ага туура сыйынганды үйрөткөн. Ал: «Кудайыбыз Жахаба — жалгыз Жахаба. Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй»,— деген (Марк 12:29, 30). Ошондой эле: «Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Лука 4:8).
Иса пайгамбар адамдарды бири-бирин сүйүүгө үндөгөн. «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айткан ал (Марк 12:31). Мындан тышкары: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла. Мыйзамдын да, пайгамбарлар айткан сөздөрдүн да маңызы ушунда»,— деген (Матай 7:12).
Лука 4:43). Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, өкмөтү жөнүндө жарыялоо эмне үчүн абдан маанилүү болгон?
Иса пайгамбар Кудайдын өкмөтү жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялаган. Ал: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды... жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Ыйык Китептен Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн бийлик жүргүзө турган асмандагы өкмөт экенин билүүгө болот. Кудай Иса Машаякты ошол өкмөттүн Падышасы кылып дайындаган. Даниел пайгамбар Кудайдын Иса Машаякка «бийлик, даңк, падышалык бергенин» аян аркылуу көргөн (Даниел 7:14). Кудайдын асмандагы өкмөтү жер үстүнөн бийлик жүргүзгөндө жер бейишке айланып, Кудайга кызмат кылган адамдар түбөлүк жашашат. Бул кандай гана сонун кабар, чынбы?