ТИРКЕМЕ
1914-жыл — адамзат тарыхындагы өзгөчө дата
ЫЙЫК КИТЕПТИ изилдегендер 1914-жылы өзгөчө окуялар болорун дээрлик кырк жылдай мурун эле айта башташкан. Алар кайсы окуялар эле жана эмне себептен 1914-жыл өзгөчө дата болуп эсептелет?
Лука 21:24кө ылайык, Иса пайгамбар: «Башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганга чейин, Иерусалим алардын таман астында калат»,— деп айткан. Иерусалим жүйүт элинин борбор шаары болгон. Ал жерде Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар бийлик кылышкан (Забур 48:1, 2). Алар бөлөк элдердин башкаруучуларынан айырмаланып турушкан. «Жахабанын тактысында» отургандыктан ал падышалар Кудайдын өкүлдөрү деп эсептелчү (1 Жылнаама 29:23). Ошондуктан Иерусалим Жахабанын башкаруусун символдоштурган.
Бирок Кудайдын башкаруусу качан жана кантип башка элдердин «таман астында калган»? Б. з. ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимди басып алганда. Ошондо «Жахабанын тактысы» бош калган жана ага Дөөтүнүн тукумунан болгон падышалар отурбай калган (2 Падышалар 25:1—26). Мындай жагдай түбөлүккө созулушу керек беле? Жок, анткени Кудай Жезекиел пайгамбар аркылуу Иерусалимдин акыркы падышасы Ситкия жөнүндө: «Чалмаңды чеч, таажыңды башыңдан ал... Таажыны алууга укугу бар бирөө келмейинче, ал эч кимге берилбейт. Мен аны ошого берем»,— деген (Жезекиел 21:26, 27). Дөөтүнүн падышалык таажысы Иса Машаякка таандык (Лука 1:32, 33). Демек, башка элдерге белгиленген убакыт Иса такка отурганда аяктамак.
Бул маанилүү окуя качан болушу керек эле? Иса башка элдердин чектелүү убакыттын ичинде гана бийлик жүргүзүшөрүн Даниел китебинин 4-бөлүмүнөн билүүгө болот. Анда Бабыл падышасы Небухаданасар көргөн түш жөнүндө баяндалат. Түшүндө ал аябагандай бийик дарак кыйылганын, кайра өсүп чыкпашы үчүн, анын дүмүрүнө темир жана жез алкак кийгизилгенин көрөт. Андан соң периште: «Анан жети мезгил өтсүн»,— дейт (Даниел 4:10—16).
көрсөткөн. Ал убакыттын канчага созуларынЫйык Китепте дарак кээде бийликти символдоштурат (Жезекиел 17:22—24; 31:2—5). Андыктан дарактын кыйылганы Кудайдын Иерусалимдеги падышалар аркылуу жүргүзгөн башкаруусунун токтой турганын билдирген. Анткен менен, падышанын түшүнөн көрүнүп тургандай, Иерусалим «жети мезгил» гана башка элдердин «таман астында калмак». Бул мезгил канчага созулат?
Аян 12:6, 14-аяттардан үч жарым мезгил «1260 күнгө» барабар экени көрүнүп турат. Анда «жети мезгил» андан эки эсе көп күнгө, тактап айтканда, 2 520 күнгө барабар. Бирок Иерусалим кыйратылгандан 2 520 күн өткөндөн кийин, Кудайдын жердеги башкаруусу калыбына келтирилген эмес жана башка элдер бийлик жүргүзө беришкен. Демек, пайгамбарлыкта айтылган мезгил көбүрөөк убакты камтыйт. Сандар 14:34төгү жана Жезекиел 4:6дагы «бир күн үчүн бир жыл» деген принципти эске алсак, «жети мезгил» 2 520 жылга созулат.
2 520 жылды камтыган ал мезгил б. з. ч. 607-жылы октябрда бабылдыктар Иерусалимди басып алып, Дөөтүнүн тукумунан болгон падышаны тактан кулатканда башталган. Ал эми 1914-жылы октябрда аяктаган. Так ошол жылы башка элдерге белгиленген убакыт соңуна чыгып, Иса Машаяк асманда Кудай дайындаган Падыша катары такка отурган * (Забур 2:1—6; Даниел 7:13, 14).
Матай 24:3—8; Лука 21:11). Булардын болуп жатканы 1914-жылы асманда Кудайдын Падышалыгы орногонун жана азыркы дүйнөнүн акыркы күндөрү башталганын төгүнсүз далилдеп турат (2 Тиметей 3:1—5).
Иса пайгамбар алдын ала айткандай, ал Падыша болгондон баштап, дүйнө жүзүндө оору, согуш, ачарчылык, жер титирөө сыяктуу каргашалар күч алмак (^ 4-абз. Б. з. ч. 607-жылдын октябрынан б. з. ч. 1-жылдын октябрына чейин 606 жыл өткөн. Нөлүнчү жыл болбогондуктан, б. з. ч. 1-жылдын октябрынан б. з. 1914-жылынын октябрына чейин 1914 жыл өткөн. 606 жылга 1914 жылды кошкондо, 2520 жыл болот. Иерусалимдин б. з. ч. 607-жылы кыйратылганы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган төмөнкү адабияттарды кара: «Жазманы түшүнүү» (ор.) эмгегиндеги «Хронология» деген макала; «„Бардык Жазма“ ишенүүгө татыктуу жана пайдалуу» китепчеси, 3-сабак, 5, 6-абз.