Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кудай жөнүндөгү чындык

Кудай жөнүндөгү чындык

1, 2. Адамдарда көбүнчө кандай суроолор болот?

БАЛДАР суроо бергенди жакшы көрүшөт. Аларга кайсы бир нерсени түшүндүрүп бергенде көп учурда «эмне үчүн» деген суроону угасыңар. Ал суроосуна жооп берсеңер, кайра эле: «Анда эмне үчүн?» — деп сурай беришет.

2 Кайсы куракта болбойлу, ар бирибизде эле суроолор болот. Алсак: «Эмне жейбиз? Эмне киебиз? Эмнени сатып алсак?» — деп ойлонобуз. Ошондой эле: «Эмне үчүн азап чегебиз? Келечегибиз кандай болот?» — деп да ойлонобуз. Бирок ал суроолорго канааттандырарлык жооп таппагандыктан жооп издебей калышыбыз мүмкүн.

3. Эмне үчүн көптөр жашоодогу маанилүү суроолорго жооп таба албайбыз деп ойлошот?

3 Жашоодогу маанилүү суроолордун жообун табуу мүмкүнбү? Көптөр алардын жообун Кудай гана билет деп айтышат. Же болбосо диний жетекчилер же билимдүү кишилер гана билишет деп ойлошот. Башкалар болсо андай суроолордун жообун билбегенин ачык айткандан уялышат. Силер кандай ойдосуңар?

4, 5. Кандай суроолорго жооп алгыңар келет эле? Эмне үчүн алардын жообун издөөнү токтотпошуңар керек?

4 Балким, силер: «Жашоонун маңызы эмнеде? Адам өлгөндө эмне болот? Эмне үчүн жакшы адамдар азап тартышат?» — деп ойлонгондурсуңар. Улуу насаатчы катары белгилүү болгон Иса пайгамбар: «Сураганыңарды токтотпогула, ошондо силерге берилет; издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар; тыкылдатканыңарды токтотпогула, ошондо силерге эшик ачылат»,— деп айткан (Матай 7:7). Суроолоруңарга так жооп алмайынча багынбагыла.

5 Ошентсеңер, Ыйык Китептен жооп таба аласыңар (Накыл сөздөр 2:1—5). Ал жакта жазылгандар силер түшүнө албагыдай татаал эмес. Ыйык Китептен билгендериңер силерге азыртадан бактылуу болууга жана жаркын келечектен үмүттөнүүгө жардам берет. Келгиле анда, көптөрдү ойлондурган суроолордун бирине токтололу.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР КУДАЙДЫН СЫНООСУБУ?

6. Көптөр азап тартып жатканыбыздын себеби эмнеде деп ойлошот?

6 Дүйнө азап-кайгыга толгон. Согуш, кастык, жакырчылык кулач жаюуда. Оору, кайгы-капа, өлүм кыя өткөн бир да жан жок. Айрымдар: «Жашоо деген ушундай, Кудай бизди бул дүйнөгө сынаш үчүн жараткан»,— дешет.

7. а) Кырсык болгондо, диний жетекчилер эмне дешет? б) Болуп жаткан жамандыкка Кудай себепкер эмес экенинен эмне үчүн шектенбесек болот?

7 Көптөрдүн ушинтип ойлошуна көбүнчө диний жетекчилер себепкер болууда. Кырсык болгондо алар: «Кудайдын буйругу ушундай экен да, Кудай бизди ушинтип сынайт турбайбы»,— дешет. Ошентип айтуу менен алар жамандыкка Кудайды күнөөлүүдөй кылып көрсөтүшөт. Бирок Ыйык Китептен Кудайдын эч качан жамандык кылбай турганын билебиз. Жакып 1:13тө Кудайдын «эч кимди жамандык менен сынабай» турганы айтылат. Бул Кудайдын кайгы-касиреттин болушуна жол берсе да, ага себепкер эмес экенин билдирет. (Окугула: Аюп 34:10, 12.) Анда бир мисал карап көрөлү.

8, 9. Жамандыктын болуп жатканына Кудайды күнөөлөө эмне себептен калыстыкка жатпайт? Мисал келтиргиле.

8 Мисалы, бир кишинин бойго жеткен уулу бар дейли. Атасы аны аябай жакшы көрөт, дайыма акыл-насаатын айтып турат. Бирок бир күнү баласы өзү билгендей жашоону каалап, үйдөн кетип калат. Анан жаман жолго түшүп кетип, азабын тартат. Баласын өз эркине койгону үчүн атасын күнөөлөө туурабы? Албетте, жок (Лука 15:11—13). Анын сыңарындай, адамдар өздөрү билгендей жашоону чечкенде, Кудай тоскоолдук кылган эмес. Ошондуктан жамандыкка туш болгондо ага Кудай себепкер эмес экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Болуп жаткан жамандыкка Кудайды күнөөлөө калыстыкка жатпайт.

9 Кудайдын жамандыкты токтотпой, анын болушуна жол берип жатканына жүйөлүү себептер бар. Бул жөнүндө 11-бөлүмдөн көбүрөөк биле аласыңар. Кудай бизди сүйөрүнө жана эч качан бизге жамандык каалабай турганына бекем ишенсек болот. Ал биз кабылып жаткан көйгөйлөрдүн баарын чече алат (Ышая 33:2).

10. Кудайдын жамандыктын баарын жок кыларына эмне үчүн ишенсек болот?

10 Кудай ыйык (Ышая 6:3). Анын иштеринин баары таза, жакшы. Ошондуктан ага толук таянсак болот. Ал эми адамдар андай эмес, себеби алар кээде туура эмес иштерди кылышат. Атүгүл абдан чынчыл башкаруучулар да адамзат кабылып жаткан жамандыктын баарын жок кыла албайт. Адамдардан айырмаланып, Кудайдын кудурети күчтүү. Ал жамандыкты түп-тамыры менен жок кыла алат. Андан тышкары, жамандыктын кесепетинен да арылтат. (Окугула: Забур 37:9—11.)

КУДАЙ АДАМДАРДЫН КАЙГЫ-МУҢУНА КАЙДЫГЕР КАРАЙБЫ?

11. Адамдардын кыйналганына Кудай кайдыгер карайбы?

11 Жалпы адамзат жана силер дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарга Кудай кайдыгер карайбы? Ыйык Китепте анын «адилеттикти сүйөрү» айтылат (Забур 37:28). Ошондуктан ал жакшылыкка да, жамандыкка да кош көңүл карабайт. Ал адамдардын азап тартышын эч каалабайт. Ыйык Китепте Нух пайгамбардын күндөрүндө жер бети жамандыкка толуп кеткенде Кудайдын «кайгырып, жүрөгү ооруганы» айтылат (Башталыш 6:5, 6). Кудай андан бери өзгөргөн жок (Малаки 3:6). Ыйык Китепте айтылгандай, ал силерге кам көрөт. (Окугула: 1 Петир 5:7.)

Ыйык Китептен Жахабанын бүт ааламды жараткан мээримдүү Кудай экенин билебиз

12, 13. а) Эмне үчүн башкаларды сүйүп, кам көрөбүз жана дүйнөдө болуп жаткан жамандыкка жүрөгүбүз ооруйт? б) Кудайдын азап-кайгыны жана адилетсиздикти жок кыларынан эмне үчүн шектенбесек болот?

12 Ыйык Китепте Кудайдын адамды өзүнө окшош кылып жаратканы жазылган (Башталыш 1:26). Бул биздин анда бар жакшы сапаттарды чагылдыра алгыдай болуп жаралганыбызды билдирет. Демек, эгер бейкүнөө адамдардын жабыр тартып жатканын көргөндө силердин жүрөгүңөр ооруса, анда Кудайдын жүрөгү андан бетер ооруйт. Муну кайдан биле алабыз?

13 Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:8). Ал баарын сүйүүсүнөн улам кылат. Кудайда сүйүү сапаты бар болгондуктан, биз да ал сапатты чагылдыра алабыз. Ойлонуп көрсөңөр, колуңардан келсе, дүйнөдөгү жамандык менен адилетсиздиктин баарын жок кылат белеңер? Сөзсүз ошентмексиңер. Буга башкаларга болгон сүйүүңөр түрткү бермек. Кудай тууралуу эмне деп айтууга болот? Кудурети күчтүү болгондуктан жана бизди сүйгөндүктөн ал жамандык менен адилетсиздиктин баарын жок кылат. Бул китептин кириш сөзүндө айтылган Кудайдын убадаларынын баары сөзсүз ишке ашат! Бирок буга ишене алышыңар үчүн Кудай жөнүндө көбүрөөк билишиңер зарыл.

КУДАЙ АНЫ ТААНЫП-БИЛИШИҢЕРДИ КААЛАЙТ

Кимдир бирөө менен достошкуңар келсе, атыңарды айтып таанышасыңар. Кудай да өзүнүн ысмы ким экенин Ыйык Китепке жаздырган

14. Кудайдын ысмы ким жана аны ысымынан атаганыбыз маанилүү экенин кайдан билебиз?

14 Кимдир бирөө менен достошкуңар келсе, адатта алгач эмне кыласыңар? Таанышып, атыңарды айтмак болушуңар керек. Анда Кудайдын аты барбы? Көптөгөн диндерде анын аты «Кудай» же «Теңир» деп коюшат. Бирок алар Кудайдын ысымы эмес. Алар «падыша», «президент» деген сыяктуу эле наамдар. Кудай анын аты Жахаба экенин айткан. Забур 83:18де: «Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин»,— деп жазылган. Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында Кудайдын ысмы 7 000ден ашуун жолу кездешет. Кудай анын ысымын билишиңерди жана аны ысымынан аташыңарды каалайт. Кудай өз ысымын силерге жакын болгусу келгендиктен ачып берүүдө.

15. «Жахаба» деген ысым кандай мааниге ээ?

15 Кудайдын ысымы терең мааниге ээ. «Жахаба» деген ысым анын ой-ниети менен убадаларынын баарын ишке ашыра аларын билдирет. Ага эч ким тоскоолдук кыла албайт. «Жахаба» деген ысымды ал гана алып жүрүүгө татыктуу *.

16, 17. а) «Кудурети Күчтүү»; б) «Түбөлүктүктүн Падышасы»; в) «Жараткан» деген наамдар Жахаба тууралуу эмнени айтып турат?

16 Жогоруда айтылгандай, Забур 83:18де Жахаба жөнүндө: «Эң Жогорку Кудай жалгыз сенсиң»,— деп жазылган. Ошондой эле Аян 15:3төн: «Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай, сенин иштериң улуу, кереметтүү. Түбөлүктүктүн Падышасы, сенин жолдоруң адил, туура»,— дегенди окуйбуз. «Кудурети Күчтүү» деген наам Жахабанын чексиз күчкө ээ экенин көрсөтүп турат. Күч жагынан ага эч ким тең келе албайт. «Түбөлүктүктүн Падышасы» деген наам анын дайыма бар болгонун баса белгилейт. Забур 90:2де анын түбөлүктөн түбөлүккө Кудай экени түшүндүрүлөт. Бул бизди таң калтырбай койбойт!

17 Жахаба гана Жараткан деп атала алат. Аян 4:11де: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың, бардыгы сенин эркиң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп айтылат. Ооба, периштелер, түнкү асманда жымыңдаган жылдыздар, ар түркүн мөмөлүү дарактар, жер жайнаган жаныбарлар — булардын баары Жаратканыбыз Жахабанын колунан бүткөн.

ЖАХАБА МЕНЕН ДОС БОЛУУ МҮМКҮНБҮ?

18. Эмне үчүн айрымдар Кудайга жакын болуу мүмкүн эмес деп ойлошот? Ыйык Китепте буга байланыштуу эмне делет?

18 Жахабанын кастарлоо сезимин туудурган сапаттарын билгенде айрымдар андан корко башташат. Алар: «Кудай ушунчалык улук, кудуретүү жана ыйык болгондуктан бизге көңүл деле бурбайт»,— деп ойлошот. Бирок Кудай ошондой ойдо болушубузду каалайбы? Жок. Жахаба бизге жакын болгусу келет. Ыйык Китепте Жахабанын «ар бирибизге жакын» экени айтылат (Элчилер 17:27). Ал силердин аны менен ынак болушуңарды каалайт жана өзү да «силерге жакындай» турганын убада кылат (Жакып 4:8).

19. а) Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло аласыңар? б) Силерге Кудайдын кайсы сапаттары өзгөчө жагат?

19 Канткенде Кудай менен ынак мамиледе боло аласыңар? Иса пайгамбар «түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, жалгыз чыныгы Кудайды» таанып-билүү зарыл экенин айткан (Жакан 17:3). Жахаба Кудай жөнүндө билим ала берсеңер, аны таанып-билесиңер. Ошондой эле «түбөлүк өмүргө» ээ болосуңар. Жогоруда айтылып кеткендей, «Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:16). Жахаба мындан башка дагы көптөгөн сонун касиет-сапаттарга ээ. Мисалы, Ыйык Китепте анын «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпаган, мээримдүүлүгү менен чындыгы чексиз» Кудай экени айтылат (Чыгуу 34:6). Ал «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5). Ошондой эле чыдамдуу жана дайыма берилгендикти сактайт (2 Петир 3:9; Аян 15:4). Ыйык Китептен Жахабанын ушул жана башка сонун сапаттары жөнүндө көбүрөөк биле аласыңар.

20—22. а) Кудайды көрө албасак, канткенде ага жакын боло алабыз? б) Башкалар Ыйык Китепти изилдешиңерге жолтоо кылса, эмне кылсаңар болот?

20 Кудайды көрүү мүмкүн эмес болсо, анда канткенде ага жакын боло аласыңар? (Жакан 1:18; 4:24; 1 Тиметей 1:17). Ыйык Китепти окуунун аркасында анын тирүү Кудай экенин билесиңер (Забур 27:4; Римдиктер 1:20). Ал жөнүндө көбүрөөк билген сайын, сүйүүңөр артып, ага уламдан-улам жакындай бересиңер.

Эгер ата балдарын жакшы көрсө, анда асмандагы Атабыз бизди андан бетер жакшы көрөт

21 Булардан сырткары, Жахаба биздин Атабыз экенин түшүнөсүңөр (Матай 6:9). Ал бизге өмүр тартуулап эле койбостон, мээримдүү атага окшоп, бактылуу жашашыбызды да каалайт (Забур 36:9). Ыйык Китептен силер да Жахабага жакын боло аларыңарды билесиңер (Жакып 2:23). Ааламды жараткан Жахаба Кудайдын силер менен дос болууну каалаарын элестетсеңер!

22 Айрымдар Ыйык Китепти изилдешиңерге жолтоо кылышы ыктымал. Алар силерди башка динге өтүп кетет деп чочулашы мүмкүн. Бирок Кудай менен дос болушуңарга эч кимдин тоскоолдук кылышына жол бербегиле. Жахаба эч ким тең келгис дос боло алат.

23, 24. а) Эмне үчүн суроо берүүдөн тартынбашыңар керек? б) Кийинки бөлүмдөн эмне жөнүндө билебиз?

23 Ыйык Китепти изилдеп жатканда айрым нерселерди дароо түшүнбөшүңөр мүмкүн. Ошондой учурда суроо бергенден тартынбагыла. Иса пайгамбар балдарга окшоп момун болушубуз керектигин айткан (Матай 18:2—4). Балдардын суроо бергенди жакшы көрөрү баарыбызга маалым. Жахаба Кудай суроолоруңарга жооп алышыңарды каалайт. Андыктан окуган нерселериңердин чындык экенине ынаныш үчүн Ыйык Китепти кылдат изилдегиле. (Окугула: Элчилер 17:11.)

24 Жахабаны таанып-билүүнүн эң жакшы жолу — Ыйык Китепти изилдөө. Кийинки бөлүмдөн Ыйык Китеп башка китептерден эмнеси менен айырмаланарын билебиз.

^ 15-абз. Кудайдын ысмынын мааниси жана айтылышы жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, 1-тиркемени карагыла.