ОН ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
Үй-бүлөнү азапка салган кыйынчылыктарды жеңе аласыңар
1. Айрым үй-бүлөлөрдө байкалбаган кандай кыйынчылыктар бар?
ЭСКИ машинени жаңы эле жууп, сайкалдап коюшту. Ары-бери өткөндөргө ал жаркырап, жапжаңыдай көрүнөт. Бирок сырты жалтыраганы менен, ичин дат бүлдүрүп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөрдөгү жагдайды ушуга салыштырууга болот. Сыртынан баары жайындагыдай көрүнгөнү менен, жылмаюлардын артында коркуу сезими жана сарсанаа катылган. Андай үй-бүлөлөр жашаган үйдүн жабык эшигинин артында үй-бүлөнүн тынчтыгын бүлдүргөн нерселер бар. Алар — аракечтик жана зордук-зомбулук.
АРАКЕЧТИК АЛЫП КЕЛГЕН АЗАПТАР
2. а) Спирт ичимдиктерин ичүүгө карата Ыйык Китепте эмне деп айтылат? б) Аракечтик деген эмне?
2 Ыйык Китепте спирт ичимдиктерин чени менен ичүүгө тыюу салынбаганы менен, мас болгончолук ичүү Кудайга жакпаары айтылат (Накыл сөздөр 23:20, 21; 1 Корунттуктарга 6:9, 10; 1 Тиметейге 5:23; Титке 2:2, 3). Ал эми аракечтик жөн гана мас болуу эмес; ал — ичкиликке берилүүнүн өнөкөткө айланышы жана ичкилик ичүүнүн көзөмөлгө алынбай калышы. Чоң адамдар аракеч болушу ыктымал. Бирок, өкүнүчтүүсү, кээде өспүрүмдөр да аракеч болуп кетет.
3, 4. Күйөөсүнүн аракечтиги аялына жана балдарына кандай таасир тийгизет?
3 Ичкиликти кыянаттык менен пайдалануу үй-бүлөдөгү тынчтыкты бузары Ыйык Китепте тээ илгери эле айтылган (Мыйзам 21:18—21). Аракечтиктин кесепетин үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары тартат. Аял аракеч күйөөсүнүн ичкенин токтотууга жана алдын ала билүүгө мүмкүн болбогон кылык-жоругун көтөрүүгө бүт күч-аракетин жумшашы мүмкүн *. Ал ичкиликти катууга аракеттенет, ыргытат, күйөөсүнүн акчасын катат, аны үй-бүлөсүн, жашоосун, атүгүл Кудайды ойлоого үндөйт — аракеч болсо ичкенин койбойт. Бардык аракети текке кетип жатканын көргөн аялдын көңүлү калып, өзүн алсыз сезет. Ал коркуу сезиминен, ачуулануудан, өзүн күнөөлүү эсептөөдөн, психикалык бузулуудан, тынчсыздануудан жана өзүн өзү сыйлоонун жетишсиздигинен кыйнала башташы мүмкүн.
4 Ата-энесинин аракечтиги балдарга да таасир этет. Айрым балдарга ырайымсыз мамиле жасалат. Башкалары жыныстык жактан зордук көрөт. Атасы же энесинин аракеч болгонуна балдар өзүлөрүн күнөөлөшү да мүмкүн. Көп учурда аракечтин жосунсуз кылык-жоругун көргөн балдар башкаларга да ишенбей калат. Үйдө болгондорду бирөө-жарымга айтуудан уялышкандыктан, алар түнт болуп, сезимдерин жашырууга көнүп калышат. Бул көп учурда алардын денсоолугуна залакасын тийгизет (Накыл сөздөр 17:22). Алар чоңоюшканда да, өзүнө ишенүү, өзүн сыйлоо сезиминин жетишсиздигинен кыйналышы мүмкүн.
ҮЙ-БҮЛӨ КАНДАЙ ЧАРА КӨРӨ АЛАТ?
5. Аракечтикти кантип жеңүүгө болот, бирок эмне себептен бул оңойго турбайт?
5 Көптөгөн адистер аракечтикти айыкпас дарт деп эсептешсе да, ичкиликти таптакыр оозго албоо менен кандайдыр бир деңгээлде оңолууга болот. (Салыштыргыла: Матай 5:29.) Бирок аракечти жардам алууга көндүрүү зарыл деп айтып коюудан аны жасоо кыйын, анткени аракеч адам, адатта, өзүн аракечмин деп эсептебейт. Анткен менен жакындары аракечтиктин аларга тийгизген таасири менен күрөшүү үчүн чара көрүшсө, аракеч өз көйгөйүн түшүнө баштайт. «Үй-бүлө үчүн, баарынан маанилүүсү, күнүмдүк иштерди болушунча тырышып жасай берүү деп эсептейм. Аракеч үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн абдан айырмаланып турганын барган сайын көбүрөөк байкай баштайт»,— дейт аракечтерге жана алардын үй-бүлөсүнө жардам берүүдө тажрыйбасы бар бир адис.
6. Аракеч бар үй-бүлөлөр үчүн кеңештердин эң жакшы булагы эмне?
6 Эгер силердин үйдө да аракеч бар болсо, Кудайдын жетеги менен жазылган Ыйык Китептеги кеңештер кыйынчылыктарга багынып бербөөгө жардам берет (Ышайа 48:17; 2 Тиметейге 3:16, 17). Келгиле, үй-бүлөлөргө аракечтик менен күрөшүүдө ийгиликке жетүүгө жардам берүүчү айрым принциптерди карап чыгалы.
7. Үйдө бирөө аракеч болсо, ким күнөөлүү?
7 Бардыгына өзүңөрдү күнөөлөй бербегиле. Ыйык Китепте белгиленгендей, «ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт» жана «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз» (Галаттыктарга 6:5; Римдиктерге 14:12). Кээде аракеч үйүндөгүлөрүн күнөөлөөгө аракеттениши ыктымал. Мисалы, ал: «Мага жакшыраак мамиле кылсаңар, ичмек эмесмин»,— деши мүмкүн. Башкалар анын айтканын туура көрүшсө, ичкенин уланта берүүгө шарт түзүп беришет. Бирок кандайдыр бир шарттан же башкалардын мамилесинен жапа тартып жаткан күндө да, баарыбыз, анын ичинде аракечтер да жүрүм-турумубуз үчүн өзүбүз жооптуубуз. (Салыштыргыла: Филипиликтерге 2:12.)
8. Аракеч ичкенинин кесепетин сезиши үчүн эмне кылууга болот?
8 Өзүңөрдү аракечти аракечтигинин кесепеттеринен ар дайым коргоого милдеттүү сезбегиле. Ыйык Китептеги ачуулуу адам жөнүндө: «Ачуулуу адам жазасын алсын, анткени аны аясаң, анда аны андан да көбүрөөк жазалоого туура келет»,— деп айтылгандарды аракечке да колдонууга болот (Накыл сөздөр 19:19). Аракеч ичкенинин натыйжаларын көрсүн. Ичкен күнү жасаганын эртеси өзү тазалап, оңдосун жана жумушуна чалып, себебин өзү түшүндүрүп берсин.
9, 10. Үйүндө аракеч барлар эмне себептен жардамдан баш тартпашы керек жана ал үчүн көбүнесе кимдерге кайрылышы абзел?
9 Башкалардын жардамын кабыл алгыла. Накыл сөздөр 17:17де: «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп айтылган. Үй-бүлөдө аракечтин бары — өзүнчө азап. Андыктан силер жардамга муктажсыңар. Досторуңарга таянуудан уялбагыла (Накыл сөздөр 18:24). Жагдайыңарды түшүнгөн же силердикиндей абалда болгон адамдар менен сүйлөшсөңөр, эмне кылуу, эмне кылбоого байланыштуу жакшы кеңештерди бериши мүмкүн. Бирок теңсалмактуу болгула. Өзүңөр ишенген жана сырыңарды сактай алган адамдар менен сүйлөшкүлө (Накыл сөздөр 11:13).
10 Жыйналыш аксакалдарына ишеним артууга үйрөнгүлө. Жыйналыштын аксакалдары зор жардам көрсөтө алышат. Ал жетилген эркектер Кудайдын Сөзүн жакшы билишет жана андагы кеңештерди колдонууда чоң тажрыйбага ээ. Алар, чынында эле, «шамалдан коргоочу коргонучтай, жаан-чачындан калкалоочу калканычтай, чөлдөгү суу булагындай, какшыган жердеги бийик асканын көлөкөсүндөй» боло алышат (Ышайа 32:2). Аксакалдар жыйналышты зыяндуу таасирлерден коргогондон сырткары, кыйынчылыктарга кабылган ишенимдештерин жекече жубатып, аларды бекемдеп, камкордук көрсөтүшөт. Алардын жардамын толук пайдалангыла.
11, 12. Аракечтин үй-бүлөсүнө, баарынан мурда, ким жардам берет жана кантип?
11 Баарынан маанилүүсү, Жахабадан күч алгыла. Ыйык Китеп бизди: «Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, руху менен моюн сунгандарды куткарат»,— деп ынандырат (Забур 33:19). Эгерде аракеч адам менен чогуу жашоодон кыйналып, көңүлүңөр чөксө, «Теңир... жакын» экенин унутпагыла. Ал силердин үйдөгү абалдын канчалык оор экенин түшүнөт (1 Петир 5:6, 7).
12 Жахабанын Сөзүндө айтылгандарга ишенүү кыйынчылыктарды көтөрүүгө жардам берет (Забур 129:3, 4; Матай 6:25—34; 1 Жакан 3:19, 20, «ҮН», 2004). Кудайдын Сөзүн изилдеп, ал бекиткен принциптерге карманып жашоо менен Кудайдын ыйык рухун ала аласыңар. Ал рух күн сайын кыйынчылыктарга туруштук бере алышыңар «кудуреттүү күчкө» ээ кылат * (2 Корунттуктарга 4:7).
13. Көптөгөн үй-бүлөлөр дагы кандай кыйынчылыктан жапа тартат?
13 Аракечтиктин айынан үй-бүлөдө башка кыйынчылык пайда болушу мүмкүн. Ал — зордук-зомбулук көрсөтүү.
ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК КӨРСӨТҮҮНҮН КЕСЕПЕТТЕРИ
14. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук качан башталган жана биздин күндө кандай абал өкүм сүрүүдө?
14 Тарыхтагы эң биринчи зомбулук үй-бүлөдө, Кабыл өз биртууганы Абылга кол көтөргөндө, көрсөтүлгөн (Башталыш 4:8). Ошондон бери үй-бүлөдө зордук-зомбулуктун ар кандай түрү көрсөтүлүп келет. Күйөөлөрү аялдарын сабашат, аялдары күйөөлөрүнө кол көтөрүшөт, ата-энелер кичине балдарын аёосуз уруп-сабашат, чоңойгон балдар улгайган ата-энелерине ырайымсыз мамиле жасашат.
15. Зордук-зомбулук үй-бүлө мүчөлөрүнө эмоциялык жактан кандай таасир тийгизет?
15 Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун зыяны денедеги жаракаттардан алда канча терең. Күйөөсү сабап жүргөн бир аял: «Дайыма өзүңдү күнөөлүү сезүү, уялуу сезими менен күрөшүүгө туура келет. Көпчүлүк учурда эртең менен турганың азап, бардыгы жөн гана жаман түш болуп калса дейсиң»,— деген. Үйүнөн зордук-зомбулук көргөн же анын залакасын тарткан балдар чоңоюп, өзүнчө үй-бүлө күтүшкөндө, өзүлөрү да зордук-зомбулукка барышы мүмкүн.
16, 17. Эмоциялык жактан зордук-зомбулук көрсөтүүгө эмнелер кирет жана ал үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай таасир этет?
16 Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук денелик жактан кордук көрсөтүү менен гана чектелбейт. Ал көп учурда сөз менен да көрсөтүлөт. Накыл сөздөр 12:18де: «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылычтай жаралайт»,— деп айтылат. Андай зордук-зомбулукка тилдөө, сынга алуу, кемсинтүү сөз менен коркутуу жана кыйкырык кирет. Эмоциялык жактан көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун жарааттары көрүнбөгөндүктөн, башкалар ал тууралуу билбейт деле.
17 Өзгөчө, балдарга эмоциялык жактан зордук-зомбулук көрсөтүлүшү: алардын өздөрүнүн, жөндөм-шыктарынын, акылынын дайыма сынга алынышы, инсандык кадыр-баркынын бааланбай жаткандыгы өкүнүчтүү. Сөз менен көрсөтүлгөн мындай зомбулук баланын өзүнө ишенүү сезимине доо кетириши мүмкүн. Албетте, балдардын баарына тарбия берүү керек. Бирок Ыйык Китепте аталарга: «Аталар, балдарыңарды кыжырдантпагыла, алардын көңүлү чөкпөсүн»,— деп айтылат (Колостуктарга 3:21).
ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
18. Зордук-зомбулук каяктан башталат жана ага болгон жакындыкты кантип жоюуга болору жөнүндө Ыйык Китепте эмне делген?
18 Зордук-зомбулук жүрөк менен акылда жаралат; биздин жасаган иштерибиз ойлогон оюбуздан башталат (Жакып 1:14, 15). Зордук-зомбулук көрсөткөнүн токтотуу үчүн адам ой жүгүртүүсүн өзгөртүүгө тийиш (Римдиктерге 12:2). Бул колдон келерлик ишпи? Ооба. Кудайдын Сөзү адамдарды өзгөртө турган касиетке, күчкө ээ. Ал атүгүл терс көзкараштардын «чептерин» да кыйрата алат (2 Корунттуктарга 10:4; Эврейлерге 4:12). Ыйык Китептен алынган так билим адамдарга өзгөрүүгө жардам бергендиктен, алар тууралуу «жаңы адамга кийинишкен» деп айтылат (Эфестиктерге 4:22—24; Колостуктарга 3:8—10).
19. Кудайдын кызматчысы өмүрлүк жолдошуна кандай мамиле жасашы керек?
19 Өмүрлүк жарга карата туура көзкараш. Кудайдын Сөзүндө: «Күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт»,— деп айтылган (Эфестиктерге 5:28). Андан сырткары, күйөөлөр аялдарына «назик идишти аярлагандай... туура мамиле кылышы» керектиги айтылат (1 Петир 3:7). Аялдарга болсо «күйөөлөрүн... сүйүүгө», «урматтоого» тийиш экени айтылат (Титке 2:4; Эфестиктерге 5:33). Кудайдан корккон бир да күйөө, эгер ал аялына денелик жактан же сөз менен зордук-зомбулук көрсөтсө, аны чындап сыйлайм деп айта албайт. Бир да аял, күйөөсүнө кыйкырып, аны шылдыңдай же жемелей берсе, күйөөсүн чындап сүйөм, урматтайм дей албайт.
20. Ата-эне балдары үчүн кимдин алдында жооптуу жана эмне себептен алар балдарынан өтө көптү талап кылбашы керек?
20 Балдарга карата туура көзкараш. Балдар ата-эненин мээримине жана көңүл буруусуна татыктуу да, муктаж да. Ыйык Китепте алар «Теңирден болгон мурас», «сыйлык» деп аталат (Забур 126:3). Ата-энелер Кудайдын алдында ал «мураска» кам көрүүгө милдеттүү. Кудайдын Сөзүндө балдарга «балача ой жүгүртүү», «акылсыздык» мүнөздүү экени айтылат (1 Корунттуктарга 13:11; Накыл сөздөр 22:15). Ошондуктан баласы балалыгынан «акылсыздык» жасап койсо, ата-эне таң калбашы керек. «Бала деген — бала»,— деп бекеринен айтылбайт. Ата-эне балага талап коюуда анын жашын, чөйрөсүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алышы керек. (Карагыла: Башталыш 33:12—14.)
21. Улгайган ата-энелерге кандай көзкарашта болуу жана кандай мамиле кылуу Кудайга жагат?
21 Улгайган ата-энеге карата туура көзкараш. Лебилер 19:32де: «Ак сакал келе жатканда, ордуңан тур, карыя кишини сыйла»,— делген. Муну менен Кудайдын Мыйзамы улууларды сыйлоого жана урматтоого үйрөткөн. Улгайган ата-эне өтө көптү талап кылгандай сезилгенде же ооруп, бат кыймылдоого жана бат ойлонууга алы келбей калганда, аларга урмат менен мамиле кылуу кыйындыр. Ошондо да балдарга «ата-энелери үчүн кам көрүүнүн» маанилүүлүгү эскертилет (1 Тиметейге 5:4). Бул аларды кадырлоо, сыйлоо дегенди билдирет; балким, аларды материалдык жактан камсыз кылуу да зарыл болушу мүмкүн. Улгайган ата-энеге денелик жактан же кандайдыр бир башка жактардан жаман мамиле кылуу Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келет.
22. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту жоюуга кайсы сапат жардам берет жана аны кантип көрсөтүүгө болот?
22 Өзүңөрдү кармай билүүгө үйрөнгүлө. Накыл сөздөр 29:11де: «Акылсыз адам бүт каарын чачат, ал эми акылдуу адам ачуусун кармайт»,— деп айтылган. Сезимдериңерди канткенде башкара аласыңар? Ичиңерге кек сактабагыла, келишпестиктерди узакка создуктурбай чечкиле (Эфестиктерге 4:26, 27). Эгерде өзүңөрдү токтотууга алыңар жетпей баратканын сезсеңер, чыгып кеткениңер оң. Өзүн өзү токтото билүү сапатын өрчүтүү үчүн Кудайдын ыйык рухун сурап тиленгиле (Галаттыктарга 5:22, 23). Сейилдөө же дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо сезимдериңерди башкара билүүгө жардам бериши мүмкүн (Накыл сөздөр 17:14, 27). «Сабырдуу» болууга аракеттенгиле (Накыл сөздөр 14:29).
АЖЫРАШЫП КЕТКЕН ОҢБУ ЖЕ ЧОГУУ ЖАШАЙ БЕРГЕНБИ?
23. Жыйналыштын мүчөсү ачууга алдырып, үй-бүлөсүнө ырайымсыз мамиле жасай берсе жана анысына өкүнбөсө, кандай чара көрүлүшү мүмкүн?
23 Ыйык Китепте «касташуу, чыр-чатак... ачуулануу» Кудайга жакпай турганы жана андай сапаттарды чагылдыргандар «Кудайдын Падышачылыгын мурасташпаары» белгиленет (Галаттыктарга 5:19—21). Ошондуктан кимдир бирөө өзүн Кудайдын кызматчысымын деп эсептегени менен, ачууга алдырып, жарына же балдарына ырайымсыз мамиле жасай берсе жана анысына өкүнбөсө, жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн. (Салыштыргыла: 2 Жакан 9, 10.) Ошондо жыйналыш ырайымсыз адамдардан тазаланат (1 Корунттуктарга 5:6, 7; Галаттыктарга 5:9).
24. а) Кордук көргөн адам кандай чечим чыгарышы мүмкүн? б) Кордук көргөн адамга тынчсызданган жоро-жолдоштору, аксакалдар кандай жардам көрсөтө алышат, бирок аны эмне кылууга мажбурлабашы керек?
24 Жары дайым ырайымсыз сабай берсе жана анын оңолоюн дегенинин эч кандай белгиси көрүнбөсө, Кудайдын кызматчысы эмне кылышы керек? Айрымдар тигил же бул себептерден улам жары менен жашай берүүнү туура көрүшөт. Башкалары болсо денелик, психикалык жана рухий саламаттыгына, ал эмес, өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын көрүп, ырайымсыз жарынан кетишет. Кордук көргөн адам мындай жагдайда эмне кылышты Жахабанын алдында өзү чечет (1 Корунттуктарга 7:10, 11). Андай адамга акниет достору, туугандары же жыйналыш аксакалдары жардам, кеңеш бере алышат, бирок аны тигиндей же мындай чечим чыгар деп мажбурлабашы керек. Эмне кылышты адам өзү чечүүгө тийиш (Римдиктерге 14:4; Галаттыктарга 6:5).
КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР АЯКТАЙТ
25. Жахабанын үй-бүлөгө байланыштуу ниети кандай?
25 Жахаба Адам ата менен Обону баш коштурганда үй-бүлөнүн аракечтик, зордук-зомбулук өңдүү көйгөйлөрдөн азап тартышын каалаган эмес (Эфестиктерге 3:14, 15). Үй-бүлө сүйүү менен ынтымак өкүм сүргөн, мүчөлөрү бири-биринин акыл-эс, эмоциялык жана рухий муктаждыктарына кам көргөн чөйрө болууга тийиш эле. Бирок күнөөнүн пайда болушу менен үй-бүлөдөгү жагдай кескин түрдө начарлай баштаган. (Салыштыргыла: Насаатчы 8:9.)
26. Жахабанын талаптарына жараша жашоого умтулгандарды кандай келечек күтүп турат?
26 Бактыга жараша, Жахаба үй-бүлөгө карата болгон ниетин унуткан жок. Анын убадасы боюнча, адамдар байсалдуу жаңы дүйнөдө «коопсуздукта жашашат, аларды эч ким коркутпайт» (Жезекиел 34:28). Азыр үй-бүлөлөрдү кыйнап жаткан аракечтик, зордук-зомбулук жана башка көйгөйлөрдүн бардыгы өткөндүн иши болот. Ал кезде адамдар коркуу сезими менен жүрөктөгү кайгысын жашырыш үчүн эмес, «тынч турмушка ыракаттанышкандыктан» жылмайышат (Забур 36:11).
^ Сөз эркек аракеч тууралуу жүрүп жатса да, бул жерде айтылгандар аракеч аялга да колдонулат.
^ Кээ бир өлкөлөрдө аракечтер менен алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча дарылоо борборлору, ооруканалар жана дарылоо программалары бар. Мындай жардам алууну же албоону ар бир адам өзү чечет. Жахабанын Күбөлөрү дарылануунун кайсы бир жолун сунуш кылбайт. Бирок жардам издөөдө Ыйык Китепке каршы келген ыкмаларды колдонуудан абайлоо зарыл.