Кыйынчылыктар үмүтүбүздү өчүрө албайт
Кыйынчылыктар үмүтүбүздү өчүрө албайт
«Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил» (2 ТИМЕТЕЙ 3:1).
ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ кайгы-касиреттерге күбө болдуңар беле же алар жөнүндө уктуңар беле?
● Канчалаган адамдардын түбүнө жеткен оору
● Жүздөгөндөрдү өмүрү менен кош айтыштырган ачарчылык
● Миңдегендердин өмүрүн алып, көптөрдү үй-жайсыз калтырган жер титирөө
Кийинки макалалардан ушундай окуялар тууралуу көбүрөөк биле аласыңар. Ошондой эле Ыйык Китепте алардын «акыркы күндөрдө» болору алдын ала айтылганын билесиңер.
Бул макалалардын максаты силерди кыйынчылыкка жык толгон дүйнөдө жашап жатканыңарга ынандыруу эмес. Аларды ансыз деле көрүп жатасыңар. Бул макалалар, тескерисинче, жакшылыкка болгон үмүтүңөрдү жандырат. Аларда Ыйык Китепте жазылган алты пайгамбарлык талкууланат. Ал пайгамбарлыктардын аткарылып жатканы акыркы күндөрдүн жакында соңуна чыгарынан кабар берет. Көптөр акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ишенишпейт. Бирок бул макалаларда азыркы кыйынчылыктардын жакында соңуна чыгарына, келечекте жакшы жашоо болоруна эмне үчүн ишенсек болору талкууланат.