Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүү жардам береби?

Тиленүү жардам береби?

ТИЛЕНҮҮНҮН пайдасы барбы? Ооба. Ыйык Китептен Кудайдын берилген кызматчыларына тиленүүнүн чындап эле жардам бергенин биле алабыз (Лука 22:40; Жакып 5:13). Тиленүү рухий жактан, тактап айтканда, Кудай менен жакын мамиледе болгонго көмөк кылат. Ошондой эле эмоциялык саламаттыгыбызга, ден соолугубузга да пайдалуу. Кандайча?

Мисалы, балаңарга кимдир бирөө белек берди деп коёлу. Ага: «Ичиңен эле ыраазы болуп койгонуң жетиштүү»,— дейсиңерби же: «Белек берген кишиге ыраазычылык билдир»,— деп үйрөтөсүңөрбү? Жылуу сезимдерибизди ичибизде катпай, ачык билдирсек, алар ого бетер арта берет. Кудайдан тиленүү жөнүндө да ушинтип айтса болот. Анда бир нече мисал карап көрөлү.

Ыраазычылык билдирүү. Асмандагы Жахаба Атабызга жакшылыктары үчүн ыраазычылык билдирип тиленгенде андан алган баталарыбызга көңүл топтогон болобуз. Мунун аркасында ыраазычылыгыбыз артат, жан дүйнөбүз кубанычка бөлөнүп, бактылуураак болуп калабыз (Филипиликтер 4:6).

Мисал: Иса пайгамбар асмандагы Атасы Жахабага тилегин кабыл кылганы үчүн ыраазычылык билдирген (Жакан 11:41).

Күнөөлөрүбүз үчүн кечирим суроо. Кечирим сурап тиленгенибизде күнөөгө Кудай карагандай карап, аны кайталабаганга чечкиндүү болуп калабыз. Ошондой эле чын жүрөктөн өкүнөбүз жана кылган күнөөбүздүн канчалык олуттуу экенин түшүнөбүз. Мындан тышкары, күнөөнүн оор жүгүнөн бошонобуз.

Мисал: Дөөтү пайгамбар кылган күнөөсү үчүн өкүнүп, Кудайдан кечирим сураган (51-забур).

Жетекчилик, акылмандык суроо. Жахабадан туура чечим чыгарганга акылмандык, жетекчилик беришин сурап тиленүү момун болгонго жардам берет. Бул бизге асмандагы Атабыздын жардамына дайыма муктаж экенибизди эстетип турат жана ага таянганга көмөк кылат (Накыл сөздөр 3:5, 6).

Мисал: Сулайман падыша ысрайыл элин башкарыш үчүн Кудайдан жетекчилик, акылмандык сурап тиленген (1 Падышалар 3:5—12).

Кыйынчылыкка кабылганда тиленүү. Жан дүйнөбүз кыйналганда жүрөгүбүздөгүнү Жахабага төгүп тиленсек, жеңилдеп калабыз жана өзүбүзгө эмес, ага таянабыз (Забур 62:8).

Мисал: Байыркы убакта жашаган Аса деген падыша күчтүү душмандар менен беттешерде Кудайдан тиленген (2 Жылнаама 14:11).

Жардамга муктаж болгондор үчүн тиленүү. Бул бизге өзүбүздү эле ойлобой, башкаларга боор ооруганга жардам берет.

Мисал: Иса пайгамбар шакирттери үчүн тиленген (Жакан 17:9—17).

Жахабаны даңктоо. Жахабаны кереметтүү иштери, касиет-сапаттары үчүн даңктап тиленгенде, ага болгон ыраазычылыгыбыз тереңдеп, аны мурдагыдан да көбүрөөк урматтай баштайбыз. Бул аны менен жакын мамиледе болгонго да жардам берет.

Мисал: Дөөтү пайгамбар Кудайды жараткан нерселери үчүн даңктаган (8-забур).

Тиленгенибизде «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» да ээ болобуз (Филипиликтер 4:7). Азыркы коогалаңдуу заманда жан дүйнө тынчтыгына ээ болуу — аябай чоң бата. Бул ден соолугубузга да пайдалуу (Накыл сөздөр 14:30). Бирок ушунун баарына өз күчүбүз менен жете алабызбы? Же дагы бир маанилүү нерсени эске алышыбыз керекпи?

Тиленүү ден соолугубузга, эмоциялык саламаттыгыбызга, баарынан маанилүүсү, рухийлигибизге жакшы таасир этет