Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ГРУЗИЯ

Күрддөр кабарга кулак кагып жатышат

Күрддөр кабарга кулак кагып жатышат

«Жахабага жакшы кабарды эне тилимде угузганы үчүн дайыма рахмат айтып келем»,— дейт Гүлизар.

Ал 8 жыл бою чөмүлө элек жарчы болуп жүрүп, жолугушуулар эне тилинде, күрд тилинде, өтө баштагандан кийин гана чөмүлгөн. Ал — Грузиядагы акыркы жылдары жакшы кабарга кулак каккан күрддөрдүн бири. Күрддөр деген кимдер?

Күрд эли кылымдар бою Ортоңку Чыгышты байырлап келген. Айрым окумуштуулардын айтымында, алар — Ыйык Китепте айтылган байыркы мадайлыктардын урпактары (2 Пад. 18:11; Элч. 2:9). Тили иран тилинин тобуна кирет.

Күрддөр бүгүн ар кайсы өлкөлөрдө, алсак, Арменияда, Иранда, Иракта, Сирияда жана Түркияда жашашат. Грузияда 20 000дей күрд жашайт. Алар — Кудайдан корккон, рухий нерселерди жогору баалаган эл.

Учурда Грузияда күрд тилинде үч жыйналыш бар. Жарчылардын саны болсо 500гө жетти. 2014-жылы Тбилисиде өткөрүлгөн алгачкы күрд тилиндеги региондук жыйын баарынын кубанычына кубаныч кошту. Ага Армениядан, Германиядан, Түркиядан жана Украинадан коноктор келишти.