ГРУЗИЯ | 1991—1997
Окутуп-үйрөткөн мээримдүү койчулар
1990-жылдардын башында Грузиядагы жыйналыштардын көбүндө бир эле аксакал же бир кызмат жардамчысы бар болчу. Жарчылар бир нече шаарды же кыштакты камтыган чоң аймактын туш тарабында жашачу. Андыктан бир жыйналыш бир нече топтон туруп, чачыранды жайгашкан эле.
Алыскы аймактарда кызмат кылып жүргөн Жони Шаламберидзе менен Павли Абдушелишвили Кахети чөлкөмүнөн орун алган Телавидеги жарчыларга жардам бергенге дайындалышкан. 300 жарчыдан турган, 13 топко бөлүнгөн ал жыйналышта бир да аксакал жок болчу. Жолугушуулар бөлөк-бөлөк өткөрүлчү.
Жони менен Павли байкагандай, бир туугандарга рухий жактан өсүүгө бир нерсе тоскоолдук кылып жаткан. Жони мындай дейт: «Көп бир туугандардын чоң талаалары, жүзүмзарлары бар болчу. Айыл жергесиндегилердин бири-бирине ашар кылып жардам бергени адат болгондуктан, ишенимдештерибиз алар менен көп убакыт өткөрө турган» (1 Кор. 15:33).
Жони менен Павли аларды кол кабыш кылууга ишенимдештерин чакырууга үндөшкөн. Ошондо алар бир ок менен эки коён атышмак: түшүм да жыйналмак, пикирлешүүдөн да бекемделишмек (Нас. 4:9, 10). Жони: «Мунун аркасында жыйналыштагылардын ортосундагы сүйүү түйүнү ого бетер чыңдалган»,— деп ой бөлүшөт. Жони менен Павли 3 жылдан кийин Кахетиден кетип жатканда, жыйналышта жергиликтүү 5 аксакал, 12 кызмат жардамчысы кызмат кылып жаткан.
Кабар айтуу чеберчилигин арттырган жолугушуулар
Ишибизди эркин жүргүзүүгө 1990-жылдардын башында гана уруксат берилген. Ага чейин бир туугандар чакан топ болуп чогулуп, «Күзөт мунарасы» менен китеп изилдөөнү гана өткөрүшчү. Жолугушуулардан бир туугандар бекемделишсе да, кабар айтуу чеберчилигин арттыра алышкан эмес.
Коммунисттик доор соңуна чыкканда, жагдай өзгөрө баштаган. Уюм жыйналыштарды Теократиялык кызмат мектеби менен кызмат жолугушуусун жума сайын өткөрүүгө чакырган.
Найли Хутсишвили менен эжеси Лали Алекперова ошол күндөрдү жылуу сезимдер менен эскеришет. Лали: «Ошол аябай сонун учур болчу. Эже-сиңдилердин да тапшырма менен чыгарына баары сүйүнгөн»,— дейт.
Найли мындай деп эскерет: «Бир жолу демонстрация учурунда эшик тыкылдаганда, үй ээси секичеде гезит окуп отурган. Ал киргиле деп айтканда, эки жарчы жолугушуу өтүп жаткан имараттын негизги эшигинен кирип, секичеге чейин басып барышкан». «Жолугушууларда кээде күлкүлүү жагдайлар болсо да, баарыбыз кабар айтканды үйрөнгөнбүз»,— дейт Лали.
Рухий тамакка болгон суроо-талаптын көбөйүшү
Бир топ жыл бою саналуу эле бир туугандар атайын шаймандардын жардамы менен адабияттарды үйлөрүндө көбөйтүп келишкен. Жарчылардын саны өсө бергендиктен, бир туугандар адабияттарды анча кымбат эмес баада басып чыгарыш үчүн коммерциялык ишканаларга кайрылышкан.
Алар адабияттардын басмаканага алып бара турган нускасын даярдоодо тапкычтык кылышкан. Грузин тилине которулган текстти кудум эле англисче журналдыкындай кылып жайгаштырышчу. Анан англис тилиндеги журналдагы сүрөттөрдү кесип алып, кол менен жазылган нускага чапташчу. Аягында гезиттерден кооз арип менен жазылган тамгаларды кесип алып, англис тилиндеги журналдын мукабасындагы жазуунун үстүнө чаптап коюшчу.
Компьютерлер чыга баштаганда, Левани Копалиани менен Лери Мирзашвили деген эки жаш бир тууган компьютерде иштегенди үйрөнүш үчүн атайын курстарга барышкан. Лери: «Тажрыйбабыз жок болчу, бир аз кыйналдык. Бирок Жахаба колдогондуктан, журналдарды компьютер менен терип жазып, басууга даярдай баштадык»,— дейт.
Ар кандай тоскоолдуктарга карабай бүтүндөй Грузиядагы жыйналыштар жергиликтүү бир туугандар даярдаган түстүү журналдарды ала баштаган. Бирок жарчылар көбөйө бергендиктен, баарын журнал менен камсыз кылуу оордой баштаган. Бактыга жараша, уюм ишенимдештерибизге өз убагында жардамга келген.
Чукул бурулуш
1992-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн эл аралык жыйында Грузиядагы бир туугандар Германиянын филиалынан келген өкүлдөр менен жолугушкан. Генадий Гудадзе: «Алар котормо ишинин кандайча жүргүзүлөрүн айтып беришти. Кийинчерээк котормо ишине жардам бериш үчүн кимдир бирөөлөрдүн келерин да айтышты»,— дейт.
Бирок адабияттарды грузин тилинде басып чыгаруу оңой-олтоң болгон жок. Грузин тилинин ариби өзгөчө болгондуктан, уюм тарабынан чыгарылган Көп тилде басып чыгаруу электрондук системасында (КБЭС) грузин ариби жок болчу. Ошондуктан адабияттарды басып чыгарууга даярдаш үчүн жаңы арипти иштеп чыгууга туура келген.
1970-жылдардын аягында Датикашвилилердин үй-бүлөсү Кошмо Штаттарга көчүп кеткен болчу. Алардын Марина деген кызы кийинчерээк чындык жолуна түшкөн. Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган бир туугандар грузин тамгаларын КБЭСке киргизе баштаганда, Марина чоң жардам берген. Көп өтпөй бир нече баракча менен «Карачы! Мен бардыгын жаңы жаратып жатам» деген китепче Германияда басылып чыккан.
Которуу ишинин уюштурулушу
1993-жылы Германиянын филиалынан Майкл Флекенштейн менен аялы Силвия котормо кеңсесин ачыш үчүн Тбилисиге келишкен. Майкл: «Санкт-Петербургдагы жолугушуу аябай эсимде калыптыр. 18 айдан кийин Тбилисиге келсек, котормо тобу сонун иштеп жатыптыр. Аябай таң калдык»,— деп эскерет.
Бир нече айдан кийин чакан батирдеги кеңседе бүт убактысын котормого арнаган 11 котормочу ишке киришкен. Уюм окутуп-үйрөткөндүн аркасында жыйналыштар рухий тамакты жетиштүү өлчөмдө ала баштаган.
Коогалаңдуу мезгилде рухий тамактын таратылышы
Советтер Союзу кулагандан кийин анын карамагындагы республикаларда жарандык, улут аралык кагылышуулар күч алган. Бул Грузиядан да кыя өткөн эмес. Ошонун айынан жол жүрүү, айрыкча, чек аралардан өтүү кооптуу болуп калган.
1994-жылдын ноябрында Алеко Гвритишвили эки бир тууган менен өлкөнүн чек арасынан өтмөкчү болгондо, куралданган топ киши аларды токтотуп, машинеден чыгууну буйруган. «Адабияттарыбызды көргөндө кыжырданып киришти,— дейт Алеко.— Анан атып салчудай болуп, бизди бир катарга тизишти. Жалындуу тиленип жаттык. Эки сааттан кийин алардын бири: „Адабияттарыңарды алып, бул жактан кеткиле. Кайтып келсеңер, машинеңерди өрттөп, өзүңөрдү өлтүрүп салабыз“,— деп айтты».
Ушуга карабай бир туугандар рухий тамакты таратканын уланта беришкен. Адабияттарды Грузияга алып кириш үчүн өмүрүн тобокелге салган Заза Жикурашвили: «Бир туугандарыбыз рухий тамакка зар экенин билчүбүз. Аялдарыбыз бизди колдочу»,— дейт.
Алеко: «Адабияттарды жеткирген көп бир туугандар үй-бүлөлүү болушчу»,— дейт. Аларга бул оор ишти аткарууга эмне түрткү берген? Алеко сөзүн мындай деп улайт: «Жахабага ыраазы болгонубуз, аны жакшы көргөнүбүз түрткү берген. Биз да, Жахабадай болуп, ишенимдештерибизге кам көргүбүз келчү».
Жан аябас бир туугандардын жардамы менен коогалаңдуу мезгилде да эч ким рухий тамактан өксүгөн эмес. Кийинчерээк бир туугандар адабияттарды Германиядан Грузияга алып кирүүнүн коопсуз жолдорун табышкан.
Жахаба өз убагында сергиткен
1995-жылы саясий абал бир аз жакшырганда, алгачкы облустук жыйынды өткөрүүгө даярдык көрүлө баштаган. 1996-жылдын жай айында Грузиянын булуң-бурчунан 6 000дей киши Марнеулиде, Цнориде, Горинин жанында өткөрүлгөн облустук жыйындарга катышкан.
Айрыкча, Горинин жанында өткөрүлгөн облустук жыйын эстен кеткис болгон. Мурун бир туугандар Эскерүү кечеси өткөрүлгөн имаратка эл толот болду бекен деп ойлонушса, эми башка чоңураак жерди издөөгө туура келген. Себеби 2 000ден ашык киши келмек. Ошентип, жыйын шаардын чет-жакасындагы тоонун этегинде өткөрүлгөн.
Жыйындын комитетиндеги Како Ломидзе: «Жыйындан кийин бир туугандар эч жакка кетпей, пикирлешип, ырдап отурушту. Кудайдын элин күчтүү сүйүү курчап турганы айкын болду»,— деп эскерет (Жкн. 13:35).
Камкордуктун натыйжасы
1996-жылдан баштап кыдыруучу көзөмөлчүлөр ар бир жыйналышты бир жумадан кыдыра баштаган. Ушул максатта өлкөнүн булуң-бурчунда кызмат кылган кыдыруучу көзөмөлчүлөргө дагы жаңы дайындалгандары кошулган.
Ооба, кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн «сүйүү менен кылган» эмгегинин, ишенимдүү кызматынын аркасында бир туугандар рухий жактан өсүп, теократиялык тартипке кармана башташкан (1 Тес. 1:3). 1990—1997-жылдар аралыгында укмуштуудай чоң өсүш болгон. 1990-жылы 904 жарчы отчёт тапшырса, 7 жылдан кийин эле алардын саны 11 082ге жеткен.
Ондогон жылдар мурун себилген үрөн өсүп чыгып, бүтүндөй өлкө боюнча жемиш бере баштаган. Жахаба Грузиядагы элине дагы мол баталарды төкмөк.