Аялзатынын коопсуздугу. Ыйык Китепте эмне делет?
Дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кыз-келиндер зомбулукка туш болуп келишет. Силер да ушундай мамилеге кабылып жатасыңарбы? Силердин коопсуздугуңар Кудай үчүн маанилүү экени жана жакында ал кандай иш-аракет кылары жөнүндө билгиле.
«Кичинекей кезимде байкем мени күн сайын тилдеп, колун да көтөрчү. Турмушка чыккандан кийин кайненем да кордук көрсөтчү. Кайненем менен кайнатам мага кулдай эле мамиле кылышчу. Ошонун айынан жанымды кыйсамбы деген ойлор менен күрөшчүмүн» (Маду, a Индия).
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму: «Аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук дүйнөлүк көйгөйгө айланды»,— деп ырастайт. Болжол менен үч аялдын бири жашоосунун кайсы бир учурунда же токмок жейт, же зордукталат.
Эгер силердин башыңардан да ушундай нерселер өтсө, каякка барсам да башкалар мени урушуп-тилдешет, ур-токмокко алат же жыныстык зомбулук көрсөтөт деп корко беришиңер мүмкүн. Аял болгонуңар үчүн эле ушундай мамилеге кабылгандыктан, силер да, башкалардай эле, аялдардын баркы жок деп ойлошуңар ыктымал. Бирок Кудайдын алдында аялзаты баалуубу?
Кудай аялзатына кандай карайт?
Ыйык Китепте эмне делет: «Кудай. . . аларды эркек-аял кылып жаратты» (Башталыш 1:27).
Мааниси: Кудай эркектерди да, аялдарды да жараткан. Кудайдын көз алдында экөө тең баалуу. Ошондой эле ал күйөөлөргө: «Аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»,— деп айткан. Башкача айтканда, ар бир кадамын аңдыбашын, катуу кармабашын, зиркилдебешин жана кол көтөрбөшүн күтөт (Эфестиктер 5:33; Колосалыктар 3:19). Ооба, Кудай үчүн аялзатынын коопсуздугу абдан маанилүү.
«Кичинекей кезимде туугандарым тарабынан жыныстык зомбулукка кабылгам. 17 жашымда жумуш берүүчүм, эгер аны менен жатпасам, жумуштан кетирип салам деп коркуткан. Чоңоюп калганда болсо күйөөм, ата-энем, кошуналарым басынта беришчү. Бирок убакыттын өтүшү менен Жаратканыбыз Жахаба b жөнүндө билдим. Ал аялзатын урматтап-сыйлайт экен. Ошонун аркасында Кудай мени жакшы көрөрүн жана анын көз алдында баалуу экенимди түшүндүм» (Мария, Аргентина).
Жүрөк дартын айыктырганга эмне жардам берет?
Ыйык Китепте эмне делет: «Бир туугандан да жакын дос болот» (Накыл сөздөр 18:24).
Мааниси: Чыныгы дос ар убак колдойт. Эгер ичиңердеги ой-сезимдериңерди жакыныңарга айтып, жеңилдеп калам деп ойлосоңор, анда алар менен сүйлөшүп көргүлө.
«Мен бир канча убакыт бою зордукталып келгем. Аны 20 жыл бою эч кимге айткан эмесмин. Мунун айынан көп санаага малынып, өзүмдү бактысыз, эч нерсеге жараксыз сезип калгам. Бирок акыр-аягы мени укканга даяр болгон кишиге башыман өткөндөрдү айтып бердим. Ошондон кийин кадимкимдей жеңилдеп калгам» (Элиф, Түркия).
Ыйык Китепте эмне делет: «Бардык түйшүгүңөрдү [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).
Мааниси: Тиленип Кудайга кайрылганыңарда, ал силерди кунт коюп угат (Забур 55:22; 65:2). Кудай силердин канчалык баалуу экениңерди түшүнгөнгө жардам бере алат. Анткени ал силерге кайдыгер карабайт.
«Жахабаны таанып-билгенден кийин жүрөгүмдөгү оор жарааттар айыкты. Азыр мен Кудайга ичимдегинин баарын айта алам. Ал менин сезимдеримди чындап түшүнгөн досумдай» (Энн, Белиз).
Жахаба аялдарга көрсөтүлүп жаткан кордукту токтотобу?
Ыйык Китепте эмне делет: «Жахаба,.. сен жетимге, кыйналганга адилет өкүм чыгарасың, топурактан жаралган ажалдуу адам экинчи эч кимди коркута албасын» (Забур 10:17, 18).
Мааниси: Кудай адилетсиздиктин баарын, анын ичинде кыз-келиндерге көрсөтүлүп жаткан зомбулукту, биротоло токтотот.
«Жакында Жахаба аялдарга көрсөтүлүп жаткан кордукту биротоло токтоторун билем. Бул мага дарыдай даба. Жан дүйнөмдү тынчтыкка бөлөйт» (Роберта, Мексика).
Ыйык Китеп кандайча үмүт берет? Анда жазылган убадаларга эмне үчүн ишенсек болот? Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө Ыйык Китептен сооронуч тапканга кантип жардам берет? Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул баракчаны бергендерден келип кетишин сурангыла. Бул акысыз.
a Ысымдар өзгөртүлдү.
b Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.