СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Дин жана Украинадагы согуш. Ыйык Китепте эмне делет?
Диний төбөлдөр жана Украинадагы согуш тууралуу төмөнкү маалыматка көңүл бурсаңар:
«Орус православие чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл Орусиянын чабуулун сынга алган жок... Анын чиркөөсү Украинадагы абал тууралуу жалган маалыматтарды таратууну улантууда. Путин болсо ал маалыматтарды колдонуп согуш жүргүзүп жатканын актоодо» («EUobserver», 2022-жыл, 7-март).
«Патриарх Кирилл... бул чабуулду күнөөгө каршы жасалган аракет деп билдирди. Ушуну менен ал өз өлкөсүнүн Украинага кол салып жатканын колдоорун көрсөттү» («AP News», 2022-жыл, 8-март).
«Украинанын православие чиркөөсүнүн башчысы Киев метрополити Епифаний I орус аскерлерине каршы чыккан элине дүйшөмбү күнү батасын берди... Ошондой эле ал орус жоокерлерин өлтүрүү күнөөгө жатпай турганын айтты» («Jerusalem Post», 2022-жыл, 16-март).
«Биз [Украинанын чиркөөлөрүнүн жана диний уюмдарынын кеңеши (УЧДУК)] Украинанын куралдуу күчтөрүн жана бизди коргоп жаткандардын баарын колдойбуз. Кол салгандардан Украинаны коргош үчүн аларга батабызды беребиз. Алар үчүн тиленебиз» (УЧДУКтун a билдирүүсү, 2022-жыл, 24-февраль).
Кандай деп ойлойсуңар, Иса Машаяктын жолун жолдойбуз деген диндер элди согушка үндөшү керекпи? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?
Диндердин тарыхтагы кандуу изи
Диндер тынчтыкка умтулуп жатабыз дегени менен, тарыхтан билгенибиздей, согуштарга көз жумуп, аларды актап, атүгүл элди колуна курал алганга үгүттөп келген. Жахабанын Күбөлөрү ондогон жылдардан бери эле диндердин ушундай эки жүздүүлүгүн ачык айтып келет. Биздин адабияттардагы айрым мисалдарга токтололу:
«Кресттүүлөр жортуулдары. Азапка салган куру кыял» (ор.) деген макалада Рим-католик чиркөөсүнүн Кудайдын жана Машаяктын атынан кыргын салган учурлары тууралуу айтылат.
«Африкадагы католик чиркөөсү» (англ.) деген макалада диндин уруулар ортосундагы жаңжалды, атүгүл геноцидди токтотуш үчүн эч кандай иш-аракет кылбаганы жазылган.
«Дин күнөөлүүбү?» (ор.), «Согуштардагы диндин орду» (англ.) жана «Диндер кайсы тарапта?» (англ.) деген макалаларда католик, православие жана протестант чиркөөлөрүнүн башчыларынын көп согуштарда эки тарапты тең колдоп келгени түшүндүрүлөт.
Машаяктын жолун жолдогондор согушту колдошу керекпи?
Иса Машаяк эмне деп үйрөткөн? «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Матай 22:39). «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү... токтотпогула» (Матай 5:44—47).
Ойлонуп көргүлө: Согушка катышып, адамдарды өлтүрүүгө үгүттөгөн динди Исанын ушул буйругуна баш ийип жатат деп айтса болобу? Бул суроонун жообун «Машаяктын чыныгы жолдоочулары жана согуштар» (англ.), ошондой эле «Душмандарды сүйүү мүмкүнбү?» (ор.) деген макалалардан окуп көргүлө.
Иса Машаяк эмне деп үйрөткөн? «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, жолдоочуларым жүйүттөрдүн колуна өткөрүлүп берилбешим үчүн күрөшүшмөк» (Жакан 18:36). «Кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт» (Матай 26:47—52).
Ойлонуп көргүлө: Машаяктын жолдоочулары атүгүл аны коргош үчүн колуна курал алган эмес. Анда алар башка себептерден улам согушка катышышы керекпи? «Машаяктын жолдоочулары менен согуштардын жалпылыгы барбы?» (ор.) деген макаладан Исанын алгачкы жолдоочуларынын анын үлгүсүнө, окууларына кандайча бекем карманганын биле аласыңар.
Согуш отуна май чачкан диндер эмне болот?
Ыйык Китепте өздөрүн Исанын өкүлдөрүбүз деп айтып, бирок анын окууларына карманбаган диндерди Кудай четке кагары айтылат (Матай 7:21—23; Тит 1:16).
Аян китебинде Кудай ошондой диндерди «жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын канына» забын деп эсептээри жазылган (Аян 18:21, 24). Мунун себебин «Улуу Бабыл деген эмне?» деген макаладан окуп көргүлө.
Иса айткандай, Кудай четке каккан диндердин баары жаман иштери үчүн жок кылынат. Иса аларды жакшы жемиш бербеген чириген даракка салыштырган. Андай дарак «кыйылып, отко ыргытылат» (Матай 7:15—20). Жалган дин кантип жок кылынары тууралуу «Жакында жалган дин жок кылынат!» деген макаладан биле аласыңар.
Photo credits, left to right: Photo by Sefa Karacan/Anadolu Agency/Getty Images; Maxym Marusenko/NurPhoto via Getty Images
a Украинанын чиркөөлөрүнүн жана диний уюмдарынын кеңешин (УЧДУК) православие, грек жана рим-католиктик, протестанттык, евангелисттик 15 чиркөө, ошондой эле жүйүттөр менен мусулмандардын диний агымдары түзөт.