Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

panitan/stock.adobe.com

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЧАКЫРУУ ӨНӨКТҮГҮ

Иса жокчулукту жоёт

Иса жокчулукту жоёт

 Иса жерде жүргөндө адамдарды, өзгөчө, жакыр, мүңкүрөп жүргөндөрдү, ушунчалык жакшы көрөрүн көрсөткөн (Матай 9:36). Ал атүгүл адамдардын камын ойлоп, алар үчүн өзүнүн өмүрүн берген (Матай 20:28; Жакан 15:13). Жакында Иса бүт адамзатты канчалык сүйөрүн дагы бир ирет далилдейт. Ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары күчүн жана бийлигин колдонуп, бүтүндөй жерди желкеден баскан жокчулукту түп орду менен жок кылат.

 Исанын эмне кылары жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет:

  •   «Ал эл ичиндеги бей-бечараларга калыстык кылсын, жакырдын уулдарын куткарсын» (Забур 72:4).

 Исанын биз үчүн кылган жана келечекте кыла турган жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Лука 22:19да Иса жолдоочуларына анын өлүмүн эскерип турушу керектигин айткан. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү жылына бир жолу анын өлүмүн эскериш үчүн чогулуп турушат. Биз силерди 2024-жылы 24-мартта, жекшемби күнү, өткөрүлө турган Иса Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине чакырабыз.

Эскерүү кечеси өткөрүлө турган жерди табуу