Бул мени үй-бүлөм
Жүктөп алуу:
1. Мына, менин үй-бүлөм,
Бардыгын жакшы көрөм,
Биз баарын чогуу кылабыз.
Пикирлешип турабыз,
Жахабага ынакпыз,
Ал кам көрөт сага да, мага да.
Бирдей карайт бүт баарына,
Үй-бүлөңө сенин да.
(КАЙЫРМА)
Бул мени үй-бүлөм,
Абдан баалу ар бири.
Бул мени үй-бүлөм,
Чоңбу, кичинеби,
Болобуз үй-бүлө.
Бөлөйт Кудай назик сүйүүсүнө.
2. Баш ийип, кулак каксак,
Бир болобуз ар убак,
Түбөлүк алабыз рахат.
Насааттап, акыл айткан,
Кубаттап, жөлөп турган,
Муктажбыз жакын адамга.
Үй-бүлө берген Жахаба,
Рахмат айтамын ага.
(КАЙЫРМА)
Бул мени үй-бүлөм.
Абдан баалу ар бири.
Бул мени үй-бүлөм.
Чоңбу, кичинеби,
Болобуз үй-бүлө.
Бөлөйт Кудай назик сүйүүсүнө.