Мусадай жумшак болгум келет
Жүктөп алуу:
1. Ал жакшы тарбия көрүп чоңойгон.
Кубантып Жахабаны, аны жакшы көргөн.
Мен да ата-энеме тил алганым туура.
Жумшак болуп Мусадай, окшошсом дейм ага.
2. Кой кайтарып жүргөндө Кудайдан үйрөнгөн.
Ал чыдаган баарына, жумшак да болгон.
Менин да Жахабага тил алганым туура.
Жумшак болуп Мусадай, окшошсом дейм ага.
3. Ал Ысрайыл элине болгон жол башчы.
Бирок момундук менен уккан башкаларды.
Мен да кеңеш укканда кулак кагам ага.
Жумшак болуп Мусадай, окшошсом дейм ага.
(Аягы)
Менин да Жахабага тил алганым туура.
Жумшак болуп Мусадай, окшошсом дейм ага.