Сүйүү — ачкыч
Жүктөп алуу
1. Бизди сүйөт Жахаба.
Туурайбыз биз аны.
Назик сүйүү таандык Кудайга.
Билсин муну баары.
(КАЙЫРМА)
Сүйүү — чындык, дайым чыдайт.
Ал боорукер, эч мактанбайт.
Балдарындай Жахаба Кудайдын,
Кел, колдонолу сүйүү ачкычын.
2. Башкаларды сүйгөнүбүз
Жагат Жахабага.
Үлгүсү менен үйрөткөн
Муну бизге Иса.
(КАЙЫРМА)
Сүйүү — чындык, дайым чыдайт.
Ал боорукер, эч мактанбайт.
Балдарындай Жахаба Кудайдын,
Кел, колдонолу сүйүү ачкычын.
Бул ачкычты.