Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыркы кеткен заманда тынчтыкты сакта

Ыркы кеткен заманда тынчтыкты сакта

Жүктөп алуу

  1. 1. Каякка барба, жолуктурасың ачуулуу адамдарды.

    Жүздөрүнөн көрүнүп турат түйшүккө малынганы.

    Ошондо эстейм Жахабанын сабырдуу бол дегенин.

    Оор жагдайларда сурайм Кудайдан мага тынчтык беришин.

    КАЙЫРМА

    Кыйын болсо да, тынчтыкты сакта ыркы кеткен заманда.

    Өзүңдү кармай билсең, эрегишпесең, жашайсың Бейиш заманда!

  2. 2. Жумушка келсем жакшы маанайда, өзгөрөт бүт бир паста.

    Жагдай курчуп, чыгат уруш, бирок мен аралашпайм.

    Сыртына карап тон бычпа деген кеңешке кулак кагам.

    Жүрөгү жумшак болушу ыктымал, мерездей көрүнсө да.

    КАЙЫРМА

    Кыйын болсо да, тынчтыкты сакта ыркы кеткен заманда.

    Өзүңдү кармай билсең, эрегишпесең, жашайсың Бейиш заманда!

    КӨПҮРӨ

    Жашообуз — шар аккан суу,

    Оңой эмес каршы сүзүү.

    Тиленсек, Кудай бейкуттукка

    Бөлөйт ички дүйнөбүздү.

  3. 3. Аяктап жума жөнөйбүз кайра жакшы кабар жар салып.

    Кулак кага бербейт бизге баары эле, куугандар бар кыйкырып.

    Отун жок жерде от өчөт делген, андыктан жооп кайтарбайм.

    Коштошуп сылык, жылуу жылмайып, жолумду ары улайм.