Мага жакында
Жүктөп алуу
1. Жүргөм адашып,
Үмүтсүз жашап, малынып азапка.
Бирок Кудай чыгарды
Караңгылыктан жарыкка.
Жашоомдун ачты ажарын,
Калкалап канатына.
КАЙЫРМА
«Мага жакындасаң,— дейт Кудай,—
Мен сага жакындайм.
Сенден тапкан берметти
Көрө аласың сен да,
Жакындасаң мага».
2. Өткөндү эстеп
Жан дүйнөм сыздайт, ачышат туз куйгандай.
Бирок андан тиленсем,
Жахаба Атам тургузат.
Үнүмдү угуп зарлаган,
Жараатым айыктырат.
КАЙЫРМА
«Мага жакындасаң,— дейт Кудай,—
Мен сага жакындайм.
Сенден тапкан берметти
Көрө аласың сен да,
Жакындасаң мага».
КӨПҮРӨ
Тааный элегимде сени,
Мени байкагансың.
Дайым уккан тилегимди
Камкор Кудайымсың.
КАЙЫРМА
«Мага жакындасаң,— дейт Кудай,—
Мен сага жакындайм.
Сенден тапкан берметти
Көрө аласың сен да,
Жакындасаң мага».