А2
Кайра каралган чыгарылыштын өзгөчөлүктөрү
Грек Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» англис тилинде 1950-жылы, ал эми толугу менен 1961-жылы жарык көргөн. Ошондон бери Ыйык Китеп ал түп нускадан 250дөн ашык тилге которулду. Так, окуганга оңой ошол котормолорду он миллиондогон адамдар окуп келатышат.
Элүү жылдан бери тил бир топ эле өзгөрдү. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» учурдагы комитети ошол өзгөрүүнү эске алып, бүгүнкү күндөгү окурмандардын жүрөгүн козгош үчүн Ыйык Китепти кайра карап чыгуу маанилүү экенин түшүндү. Ошон үчүн төмөнкү нерселерди эске алып, Ыйык Китепти учурда эл сүйлөгөн тилде которгонго аракет кылды:
-
Заман талабына ылайык келген, түшүнүктүү тил. Анча түшүнүктүү болбогон сөздөр бир укканда эле шак түшүнө турган сөздөргө алмаштырылды. Мисалы, мурунку котормодогу Галатиялыктарга 5:19дагы «бузуктук» деген сөз «жыныстык адеп-ахлаксыздык» деп которулду. Дагы бир мисал, «бет карама эмес» деген сөз айкашы, жагдайга жараша, «адилетсиздик кылбагыла», «калыс болуп, баарына бирдей карагыла» деген сыяктуу сөздөр менен берилди (Мыйзам 1:17; 16:19).
-
Түшүнгөнгө оңой болуп которулган Ыйык Китептеги сөз айкаштар. Ыйык Китептин түп нускасында еврей тилиндеги шеол, грек тилиндеги адис деген сөздөр кездешет. Бул сөздөр Ыйык Китепте жалпы адамзаттын каймана маанидеги мүрзөсүн — көрдү — билдириш үчүн колдонулат. Бирок учурдагы окурмандар булардын маанисин түшүнбөйт. Ошон үчүн шеол, адис деген сөздөр бул котормодо «көр» деп которулуп, түп нускадагы сөз шилтемеге берилди (Забур 16:10; Элчилер 2:27).
Байыркы еврей тилиндеги нефеш жана грек тилиндеги психе деген сөздөр мурунку котормодо «жан» деп ырааттуу которулган. Көптөр бул сөздү туура эмес түшүнүп алгандыктан, бул чыгарылышта Ыйык Китепти Кудайдын рухунун жетеги Жезекиел 18:4, 20). Ошол эле учурда көптөргө белгилүү же ыр түрүндө берилген аяттарда негизги текстке «жан» деп жазылып, зарыл болгон учурларда кандай маанини туюнтары шилтемеге жазылды (Мыйзам 6:5; Забур 131:2; Накыл сөздөр 2:10; Матай 22:37).
менен жазгандар ал сөздөрдү түп нускада кандай мааниде колдонушса, ошол маанини камтыгыдай болуп которулду. Контекстке жараша ал сөздөр кишини, өмүрдү, жан-жаныбарды, адамдын каалоосун же напсисин, айрым учурларда өлгөн кишилерди билдириши мүмкүн. Бирок кыргыз тилинде «жан» деген сөз ушул маанинин баарын камтыбайт. Ошол үчүн бул котормодо ал эки сөз маанисине жараша которулуп, айрым жерлерге «жан» деген сөз «Же» деген шилтемеге берилди (Ошол сыңары, «бөйрөк» деген сөз адамдын кадимки бөйрөгүн билдирген учурларда негизги текстке калтырылды. Ал эми Забур 7:9, 26:2, Аян 2:23 сыяктуу аяттарда каймана маанини камтыгандыктан, негизги текстке «адамдын тереңинде жаткан ойлору менен сезимдери», «тереңде жаткан ойлор» деп берилип, «бөйрөк» деген сөз болсо шилтемеге түшүрүлдү.
Еврей жана грек тилдериндегидей эле, «жүрөк» деген сөздүн кыргыз тилинде да түзмө-түз жана каймана мааниси бар. Ошон үчүн айрым жерлерде ал сөз негизги текстке берилди. Бирок мааниси айкын болбой калчудай болгон кээ бир жерлерде эмнени билдирери негизги текстке жазылды. Мисалы, Накыл сөздөр китебинде «акылы жок», «акылсыз» деген сөздөр кездешет. Ал эми түзмө-түз «жүрөгү кем» деген ой шилтемеге жазылды (Накыл сөздөр 6:32; 7:7). «Май», «мүйүз» деген сөздөр жөнүндө да ушуну айтса болот (Башталыш 45:18; Аюп 16:15). Ушундай сөздөрдүн, сөз айкаштарынын айрымдарынын мааниси «Сөздүктө» түшүндүрүлөт.
Дагы башка өзгөчөлүктөрү
Шилтемелердин төмөнкүдөй түрлөрү бар:
-
«Же». Сөздүн же сөз айкашынын окшош ойду берген башкача которулушу (Башталыш 3:1, шилтемеси: «куу; айлакер»; Жашыя 1:8, шилтемеси: «бир аз үн чыгарып»).
-
Башталыш 10:21, шилтемеси: «агасы»; Закарыя 14:21, шилтемеси: «соодагер»).
«Же балким». Сөздүн же сөз айкашынын негизги тексттегиден башкачараак ойду камтыган котормосу ( -
«Сөзмө-сөз». Сөздүн же сөз айкашынын еврей, арамей же грек тилдеринен сөзмө-сөз которулушу же түп нускада камтылган негизги ой (Башталыш 1:26, шилтемеси: «жасайлы»; Чыгуу 13:3, шилтемеси: «кулдардын үйүнөн»).
-
Мааниси жана кошумча маалымат. Аттардын мааниси (Башталыш 3:17, «Адам»; Чыгуу 15:23, «Мара»); чен-өлчөм жана салмак (Башталыш 6:15, «метр»); ат атоочтун кимге тиешелүү экени (Башталыш 38:5, «алар»); тиркемедеги жана сөздүктөгү кошумча маалымат (Башталыш 37:35, «көр»; Матай 5:22, «гээна»).
Китептин баш жагындагы «Ыйык Китепте эмне жөнүндө айтылат?» деген бөлүктө Ыйык Китептеги негизги окуулар жөнүндө маалымат берилет. Ал эми Ыйык Китептин акыркы китебинен кийин «Ыйык Китепке кирген китептер тууралуу кыскача маалымат», «Ыйык Китептеги сөздөрдүн индекси» жана «Сөздүк» жайгашкан. «Сөздүк» окурмандарга Ыйык Китептеги айрым сөздөр менен сөз айкаштарынын маанисин түшүнгөнгө жардам берет. А тиркемеси буларды камтыйт: «Ыйык Китепти которуудагы принциптер», « Кайра каралган чыгарылыштын өзгөчөлүктөрү», «Кудайдын Сөзү бизге кантип жеткен?», «Еврей Жазмаларындагы Кудайдын ысымы», «Грек Жазмаларындагы Кудайдын ысымы», «Таблица: Жүйүт менен Ысрайыл жериндеги пайгамбарлар, падышалар», «Исанын жердеги жашоосундагы орчундуу окуялар». Б тиркемесинде Ыйык Китепти казып изилдегенге жардам боло турган карталар, таблицалар жана башка кошумча маалыматтар бар.
Ыйык Китепке кирген ар бир китеп кыскача мазмуну менен башталат. Анда ойлор жана тийиштүү аяттар тизмеленген. Бул ошол китеп жөнүндө жалпы маалымат алганга жардам берет. Ар бир беттин чекесиндеги тилкеде байланышы бар аяттар тизмеленген. Мурункусуна салыштырмалуу, бул чыгарылышта алардын орчундуулары эле келтирилди.