Аюп 20:1—29

  • Сопар экинчи жолу сүйлөйт (1—29)

    • Аюптун сөздөрү намысына тиет (2, 3)

    • Аюпту күнөөкөр кылып көрсөтөт (5)

    • Аюпту кыянатчыл кишидей кылып көрсөтөт (12, 13)

20  Ошондо нааматтык Сопар+ мындай деди:  2  «Ичим уйгу-туйгу болуп жатат,Мунуңа чыдап тура албайм, ошон үчүн жооп берем.  3  Намыска тийген сөздөрүңдү угуп турдум,Эми болсо акылым жооп бергенге үндөп жатат.  4  Сен, эмне, билбейсиңби,Адам* жаратылгандан бери эле,+  5  Күнөөкөрдүн кубанычы кыска эмеспи,Ыймансыздын* сүйүнгөнү убактылуу эмеспи?+  6  Даражасы көккө жетсе да,Төбөсү булутка тийсе да,  7  Ал өз заңындай болуп түбөлүккө жок болот;Аны көрүп жүргөндөр: „Ал кайда?“ — деп сурашат.  8  Ал түш сымал бат эле унутулуп калат, аны кайра эч ким көрбөйт,Түнкү көрүнүштөй жок болуп кетет.  9  Аны көргөн көз кайра көрбөйт,Үйүнөн экинчи көрүшпөйт.+ 10  Балдары жардам сурап жакырларга жалынат,Ал башкалардан тартып алган байлыгын өз колу менен кайтарып берет.+ 11  Ал жаштыктын күчүнө толуп турат,Бирок ошол күчү менен кошо көргө түшөт. 12  Эгер кыянаттык оозунда таттуу сезилсе,Аны тилинин астына салып кармап турса, 13  Эгер жутпай, тамшана соруп,Оозуна кармап туруп алса, 14  Анда анысы ичине түшкөндө ачуу болот,Чекир жыландын* уусундай болуп калат. 15  Ал жутуп алган байлыгын кайра кусат,Кудай аны курсагынан чыгарат. 16  Ал чекир жыландын уусун сорот,Уулуу жыландын* тишинен өлөт. 17  Ал суу агымдарын,Бал менен май аккан дарыяларды эч качан көрбөйт. 18  Мал-мүлкүн пайдасын көрбөй туруп кайтарып берет,Соода-сатыктан чогулган байлыгынын үзүрүн көрбөйт.+ 19  Анткени жакырларды эзип, жардам бербей таштап кеткен,Өзү салбаган үйдү тартып алган. 20  Ошондуктан жан дүйнөсүндө тынчтык болбойт,Байлыгы аны балээден сактап кала албайт. 21  Ал жеп-жутарлык эч нерсе калбайт,Ошон үчүн көпкө жыргабайт. 22  Байлыгы ашып-ташканда, тынчы кетет,Башына балээнин баары үйүлөт. 23  Курсагын тойгузуп жатканда,Кудай ага жалындаган каарын төгүп,Нөшөрдөй кылып жаадырып,Курсагын каарына толтурат. 24  Ал темир куралдан качып баратканда,Аны жез жаанын жебелери тешип өтөт. 25  Ал жебелерди өзүнүн аркасынан сууруп чыгат,Өтүнө сайылган жаркылдаган жебени сууруп чыгат,Анын үрөйү учат.+ 26  Казыналарын коюу караңгылык жутуп кетет,Өзүн болсо эч ким желпип күчөтпөгөн от жалмайт,Чатырында ким аман калса да, аны балээ басат. 27  Асман анын айыбын ачат,Жер ага каршы чыгат. 28  Үйүн сел алып кетет,Кудайдын каары кайнаган күнү ташкындаган суу каптайт. 29  Ыймансыздын Кудайдан алган үлүшү ушундай,Кудайдын ага берген мурасы ушундай».

Шилтемелер

Же: «Адам баласы; Адам ата».
Же: «Кудайдын жолунан четтеп кеткен кишинин».
Кобра.
Чаар жылан.