Аюп 23:1—17

  • Аюп жооп берет (1—17)

    • Ишин Кудай териштиришин каалайт (1—7)

    • Кудайды таба албай жатканын айтат (8, 9)

    • «Жолунан чыкпай келем» (11)

23  Буга Аюп мындай деди:  2  «Бүгүн да нааразычылыгымды айтам, токтотпойм,+Үшкүрүнүп жатып дарманым калбай калды.  3  Кудайды кайдан табышты билсем кана!+ Анда турак жайына бармакмын.+  4  Анын алдында доомду айтмакмын,Өзүмдү коргоп көп далил келтирмекмин.  5  Мага эмне деп жооп берерин көрмөкмүн,Айткандарын көңүл коюп укмакмын.  6  Ал кудуреттүү күчүн жумшап мени менен соттошот беле? Жок, мага кулак төшөмөк.+  7  Ошондо чынчыл киши Кудай менен ишин териштире алмак,Сотум мени биротоло актамак.  8  Бирок чыгышка барсам деле, ал жок,Кайра келсем да, аны таба албайм.  9  Ал түндүктө эмгектенип жаткан жеринде да көзүмө көрүнбөйт,Ал түштүккө бурулганда да, аны көрө алган жокмун. 10  Бирок ал менин туура жолдо жүргөнүмдү билет,+Мени сынаганда, таза алтындай болуп чыгам.+ 11  Мен анын изи менен келатам,Жолунан чыкпай келем.+ 12  Оозунан чыккан осуятынан четтебейм,Айткандарын өзүмөн талап кылынгандан да жогору баалайм.+ 13  Ал чечим чыгарса, ага ким каршы чыга алат?+ Ал эмнени кааласа, ошону сөзсүз кылат.+ 14  Мага карата ой-ниетин толук аткарат,Анын ошо сыяктуу ой-ниети көп. 15  Мына ошон үчүн анын айынан бушайман болом,Аны ойлогондо ого бетер корком. 16  Кудай жүрөгүмдүн үшүн алды,Кудурети Чексиз Кудай үрөйүмдү учурду. 17  Бирок караңгылык да, жүзүмдү каптаган коюу түн даУнчукпас кылып, оозумду баса алган жок.

Шилтемелер