Аюп 3:1—26

  • Аюп төрөлгөн күнүн каргайт (1—26)

    • Эмнеге кыйналып жатканын сурайт (20, 21)

3  Анан Аюп сөз баштап, төрөлгөн күнүн каргай баштады+ 2  Ал мындай деди:  3  «Мен төрөлгөн күн да,+„Бойго бала бүттү!“ деген түн да курусун.  4  Ошол күндү караңгылык каптасын,Ал күндү Кудай унутуп койсун,Ага күндүн нуру тийбесин.  5  Ал күндү коюу караңгылык* жутуп кетсин,Кара булут каптасын,Жарыгын үрөй учурган караңгылык бассын.  6  Ал түндү караңгылык чулгап калсын,+Жыл ичиндеги күндөрдүн арасында ал түн кубанбасын,Айды түзгөн күндөргө кошулбасын.  7  Ал түнү эч ким төрөлбөсө жакшы болмок,Кубанычтын үнү угулбаса жакшы болмок.  8  Ал күндү каргагандар,Крокодилди* ойгото ала тургандар, ошол түндү каргасын.+  9  Ал түндүн таңкы жылдыздары өчсүн,Анын жарыкты күткөнү бекер болсун,Таңдын нурун көрбөсүн. 10  Анткени ал түн энемдин жатынын жапкан жок,+Мени кайгы-кападан жашырып калган жок. 11  Эмне үчүн төрөлүп жатканда эле өлүп калбадым экен? Эмне үчүн курсактан чыкканда эле чарчап калбадым экен?+ 12  Эмнеге энем мени тизесине алып отурду экен? Эмнеге эмчек берип, эмизди экен? 13  Азыр тынч жатмакмын,+Уктап, эс алып жатмакмын.+ 14  Жер жүзүндөгү падышалар жана алардын кеңешчилери менен,Өздөрүнө азыр урап жаткан жайларды кургандар менен*, жатмакмын, 15  Же үйлөрүн күмүшкө толтурган,Алтыны көп төрөлөр менен жатмакмын. 16  Эмнеге түйүлдүк кезимде эле бойдон түшүп калган жокмун? Эмнеге жарык дүйнөнү көрө электе эле өлүп калган жокмун? 17  Көрдө атүгүл ыймансыздар да тынчып калат,Ал-күчтөн тайгандар эс алышат.+ 18  Ал жакта түрмөдөгүлөрдүн баары тынч жатат,Аларды эч ким жумуш кылганга мажбурлабайт. 19  Ал жакта улук-кичик дебей баары бирдей болот,+Кул кожоюнунан кутулат. 20  Эмнеге Кудай кыйналган адамдын жашашына жол берет*,Жаны кейигенге өмүр берет?+ 21  Эмне үчүн өлүмдү эңсесе да, аларга өлүм келбейт?+ Алар өлүмдү катылган кенчке караганда көбүрөөк издешет, 22  Көргө түшүшсө, аябай сүйүнүп,Маңдайы жарыла кубанышмак. 23  Кудай эмне үчүн жолунан адашкан кишиге,Өзү бардык жагынан жолун тосуп койгон кишиге өмүр берет?+ 24  Үшкүрүк менин тамагым болуп калды,+Өкүрүп-бакырганым+ күркүрөгөн суудай агып турат. 25  Эмнеден үрөйүм учса, башыма ошол түштү,Эмнеден корксом, ошого кабылдым. 26  Менде тынчтык, бейпилдик, эс алуу да болгон эмес,Эми да минтип башыма мүшкүл түшүп отурам».

Шилтемелер

Же: «караңгылык менен өлүмдүн көлөкөсү».
Еврейче лебиатан. Бул крокодил же дагы башка чоң, күчтүү суу жаныбары болушу мүмкүн. Сөздүктү кара.
Же балким: «Өздөрү үчүн ээн жайларды кургандар менен».
Же: «кыйналганга жарыкты көрсөтөт».