Аюп 4:1—21

  • Элипаз биринчи жолу сүйлөйт (1—21)

    • Аюптун кынтыксыздыгына шек туудурат (7, 8)

    • «Кандайдыр бир рухтан» уккандарын айтат (12—17)

    • «Кудай өз кызматчыларына да ишенбейт»,— деп айтат (18)

4  Ошондо темандык Элипаз+ буга мындай деди:  2  «Бирөө сага бир ооз сөз айтканга батынса, көтөрө алар бекенсиң? Бирок мындайда кантип унчукпай коё алам?  3  Сен көптөрдү оң жолго салып,Алсыздарга күч-кубат берчү элең.  4  Кимдир бирөө куласа,Сөзүң менен бутуна тургузуп,Жардамга муктаждарга* дем-күч берчү элең.  5  Эми ушундай күнгө өзүң туш болгондо бүк түшүп калдың. Өз башыңа мүшкүл түшкөндө айлаңды таппай калдың.  6  Кудайдан корккондуктан өзүңдү ишенимдүү сезчү эмес белең? Кудайга болгон берилгендигиң+ сага үмүт берчү эмес беле?  7  Эстеп көрчү, айыпсыз адам деги мезгилсиз өлдү беле? Адилеттүүлөр деги жок кылынды беле?  8  Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер* кыянаттыкты,Жамандык сепкендер жамандыкты оруп алышат.  9  Алар Кудайдын деминен кырылышат,Кайнаган каарынан жок болушат. 10  Арстан аркырайт, жаш арстан арылдайт,Бирок атүгүл күчтүү арстандардын* да тиши сынат. 11  Жем таппаган арстан өлөт,Күчүктөрү каңгып кетет. 12  Мага бир сөз жашыруун айтылды,Кулагыма бир шыбыр угулду. 13  Түн ичинде эл катуу уйкуда жатканда,Алган аяндарым тынчымды кетирди, 14  Ошондо мени калтырак басты,Коркконуман муундарым* калчылдады. 15  Бет алдыман кандайдыр бир рух өттү,Ошондо денемдин түгү тик турду. 16  Анан ал токтоп, туруп калды,Бирок эмне экенин айкын көрө алган жокмун. Көз алдымда кандайдыр бир сөлөкөт турду,Жымжырттык өкүм сүрүп турду, анан бир үн уктум. 17  Ал: „Ажалдуу адам Кудайдан адил боло алабы? Пенде Жаратканынан таза боло алабы?“ — деди. 18  Мына, Кудай өз кызматчыларына да ишенбейт,Периштелеринен* да кемчилик табат. 19  Анда топурактан жаралган,Тек гана чаң+ болгон*,Күбөдөй эле жанчып салса боло турган адамдардын кемчилигин андан бетер көрбөйбү! 20  Адамдар эртең менен бар да, кечинде жок,Алар түбөлүккө жок болот, муну эч ким деле байкабайт. 21  Адамдар жиби чечилип, кулап калган чатырга окшош,Алар акылмандыкка жетпей өлүшөт.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «Тизеси калчылдагандарга».
Же: «ойлогондор».
Же: «жалы бар жаш арстандардын».
Сөзмө-сөз: «сөөктөрүм».
Же: «Кабарчыларынан».
Сөзмө-сөз: «Пайдубалы топуракка салынып, чопо үйлөрдө жашагандардын».