Аюп 40:1—24

  • Жахаба дагы суроолорду берет (1—24)

    • Аюп айтар сөзү жок экенин мойнуна алат (3—5)

    • «Менин адилеттүү экенимди талашка саласыңбы?» (8)

    • Кудай бегемоттун канчалык күчтүү экенин айтып өтөт (15—24)

40  Жахаба сөзүн улап, Аюпка:  2  «Адамдын Кудурети Чексиз Кудайдан кынтык издеп, талашып-тартышканга акысы барбы?+ Буга мени айыптагандын өзү жооп берсин»,— деди.+  3  Ошондо Аюп Жахабага:  4  «Мен эч нерсеге арзыбаган пендемин.+ Сага эмне деп жооп бере алам? Эми эч нерсе деп айтпайм.+  5  Кайра-кайра сүйлөдүм, эми унчукпайм,Башка айтар сөзүм жок»,— деди.  6  Ошондо Жахаба катуу шамалдын ичинен Аюпка мындай деди:+  7  «Эми эркектей болуп белиңди бекем буу,Сага суроо берейин, жооп берчи.+  8  Менин адилеттүү экенимди талашка саласыңбы*? Сеники туура болуш үчүн мени айыпка жыгасыңбы?+  9  Сенин күчүң чыныгы Кудайдыкындай кудуреттүүбү?+ Же үнүң аныкына окшоп күн күркүрөгөндөй угулабы?+ 10  Анда өзүңдү атак-даңк, улуулук менен жасалгалачы,Кадыр-барк менен көрктү кийим кылып кийчи. 11  Кайнаган каарыңды төк,Бой көтөргөндөрдүн баарына көз чаптырып, басынт. 12  Бой көтөргөндөрдүн бардыгына көз чаптырып, басмырла. Ыймансыздарды турган жеринен тебеле. 13  Алардын баарын топуракка жашырып,Көргө байлап кой. 14  Эгер ушуларды кыла алсаң,Анда өзүңдү өз күчүң менен сактай аларыңды моюнга алам*. 15  Мына, бегемотту* карачы; сени жараткандай эле, мен аны да жараткам. Ал букага окшоп көк чөп жейт. 16  Анын сандарындагы күчүн,Курсак булчуңдарындагы кубатын карачы! 17  Ал куйругун бал карагайдай катуу кылат;Белиндеги тарамыштары бириктирилип өрүлгөн. 18  Сөөктөрү жез түтүктөрдөй,Дене мүчөлөрү темирден жасалгандай. 19  Ал — мен жараткан нерселердин укмуштуусу*,Ага Жаратканы гана жакындап, кылычын суна алат. 20  Ага тоолор азык камдайт,Жапайы жаныбарлар оюн салган тоолор аны тоюндурат. 21  Ал бадалдардын* түбүнө жатат,Саздак жердеги камыштардын арасына жашынат. 22  Бадалдар көлөкөсү менен калкалап,Өрөөндөгү* теректер аны курчап турат. 23  Дарыя албууттанса да, ал коркуп дүрбөлөңгө түшпөйт. Иордан суусу+ ташкындап, оозу-мурдуна кирсе да, кебелип койбойт. 24  Ал байкап турганда, аны ким кармай алат? Мурдуна ким чүлүк сала алат?

Шилтемелер

Же: «жокко чыгара аласыңбы».
Же: «айтып мактайм».
Сыягы, гиппопотам.
Сөзмө-сөз: «биринчиси».
Сазда өскөн, лотос деп аталган тикенектүү бадалдар.
Же: «Сайдагы».