Башталыш 13:1—18
13 Ошентип, Ыбрам аялын, бардык мал-мүлкүн алып, Мисирден Негепти+ көздөй жөнөдү. Аны менен кошо Лот да жөнөдү.
2 Ыбрамдын малы, алтыны, күмүшү аябагандай көп эле.+
3 Ал улам бир жерге көчүп-конуп, Негептен Бейтелди көздөй жылып отурду. Ошентип отуруп Бейтел менен Айдын+ ортосундагы мурун чатырын тиккен жерге,
4 мурда курмандык жайын курган жерге, жетти. Анан ошол жерде Жахабага атынан кайрылып сыйынды.
5 Ыбрам менен чогуу жүргөн Лоттун да койлору, бодо малы, чатырлары бар болчу.
6 Ошон үчүн аларга чогуу жашаганга жер тардык кыла баштады. Алардын мал-мүлкү аябай көп болуп, бирге жашай албай калгандыктан,
7 Ыбрамдын малчылары менен Лоттун малчылары талашып-тартыша башташты. (Ошол кезде ал жерде канаандыктар менен периздер жашачу.)+
8 Ошо себептен Ыбрам Лотко:+ «Экөөбүз тууган эмеспизби, талашып-тартышпай эле коёлу. Малчыларыбыз да урушуп-талашпай эле койсун.
9 Бири-бирибизден бөлүнөлү. Мына, каалаган жериңди тандап ал. Эгер сен солго кетсең, мен оңго кетейин. Эгер оңго кетсең, анда мен солго кетейин»,— деди.
10 Лот көз чаптырып, бүт Иордан өрөөнү+ Соарга+ чейин Жахабанын багындай*+ экенин, Мисир жериндей суусу мол экенин көрдү. (Жахаба Содом менен Аморду кыйратканга чейин ушундай болгон.)
11 Анан бүт Иордан өрөөнүн тандап, чыгыш тарапка көчүп кетти. Ошентип, алар бири-биринен бөлүнүп кетишти.
12 Ыбрам Канаан жеринде, ал эми Лот Иордан өрөөнүндөгү шаарлардын+ жанында жашады. Кийинчерээк ал чатырын Содомдун жанына тикти.
13 Содомдо жашагандар Жахабанын көз алдында чоң күнөөлөрдү кылган ыймансыз адамдар эле.+
14 Лот бөлүнүп кеткенден кийин, Жахаба Ыбрамга: «Ушул турган жериңден түндүккө, түштүккө, чыгышка, батышка көз чаптырып карап көр.
15 Сен көрүп турган ушул жердин баарын сага жана тукумуңа түбөлүккө берем.+
16 Укум-тукумуңду жердеги кумдай көбөйтөм. Эгер адам баласы жердеги кумду санай алса, анда сенин тукумуңду да санай алат.+
17 Барып, бул жерди узун-туурасынан аралап чык, себеби аны сага берем»,— деди.
18 Ошентип, Ыбрам көчүп-конуп чатырда жашап жүрдү. Кийинчерээк Хеброндо+ жайгашкан Мамредеги+ бийик дарактардын арасына барып отурукташты. Анан ошол жерге Жахабага арнап курмандык жайын курду.+
Шилтемелер
^ Б. а. Эйден багындай.