Башталыш 23:1—20

  • Сааранын көз жумушу жана коюлган жери (1—20)

23  Саара 127 жыл жашады.+ 2  Ал Кириат-Арбада,+ башкача айтканда, Канаан+ жериндеги Хеброндо+ көз жумду. Ыбрайым күйүт тартып, аны жоктоп ыйлады. 3  Анан маркум жаткан жерден чыгып, Хеттин+ тукумдарына барды да, аларга: 4  «Мен араңарда жашаган келгинмин.+ Аялымдын сөөгүн коюш үчүн, мага жер саткыла»,— деди. 5  Хеттин тукумдары ага: 6  «Мырзам, сөзүбүзгө кулак салыңыз. Сиз биздин арабызда Кудай койгон башчысыз*.+ Аялыңыздын сөөгүн көрүстөнүбүздүн эң жакшысына коё бериңиз. Маркумуңузду койгонго жер бергенден эч кимибиз аянбайбыз»,— дешти. 7  Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин тургундарына, Хеттин+ тукумдарына, таазим кылып: 8  «Эгер аялымдын сөөгүн ушул жерге коюшума макул болсоңор, анда Зохардын уулу Эпрон менен сүйлөшүп бергилечи, 9  ал мага талаасынын четиндеги Махпела үңкүрүн сатсын. Канча турса, ошончо күмүшкө+ силердин көзүңөрчө сатсын. Аны сөөк коё турган жай кылайын»,— деди.+ 10  Ошол жерде Хеттин тукумдарынан болгон Эпрон да отурган. Ал берки Хеттин тукумдарынын жана шаар дарбазасынын+ жанына чогулган бардык элдин көзүнчө Ыбрайымга: 11  «Мырзам, мени уксаңыз. Сизге талааны да, андагы үңкүрдү да берем. Мына, аны сизге ушул элдин көзүнчө берип жатам. Маркумуңузду ошол жерге коё бериңиз»,— деди. 12  Ыбрайым ал жердин тургундарына таазим кылып, 13  алардын көзүнчө Эпронго: «Сөзүмө кулак салчы, эгер кааласаң, талааңдын баасын толук төлөп берейин. Күмүш берейин, аны ал. Анан аялымдын сөөгүн ошол жерге коёюн»,— деди. 14  Ошондо Эпрон ага: 15  «Мырзам, мени уксаңыз, ал жер 400 күмүш акча* турат, бирок аны жөн эле коюңуз. Маркумуңуздун сөөгүн коё бериңиз»,— деди. 16  Ыбрайым Эпрондун айтканын уккандан кийин, ал Хеттин тукумдарынын көзүнчө канча десе, ошончо күмүш тартып берди. Көпөстөрдүн чен-өлчөмү боюнча, 400 күмүш акча тартып берди.+ 17  Ошентип, Эпрондун Мамренин тушундагы Махпеладагы талаасы, андагы үңкүр, ошондой эле ал талаада өскөн бардык дарактар 18  Ыбрайымдын ээлигине өттү. Ал аны Хеттин тукумдарынын жана шаар дарбазасынын жанына чогулган бардык элдин көзүнчө сатып алды. 19  Андан кийин Ыбрайым аялы Саараны Мамренин, тактап айтканда, Канаан жериндеги Хеброндун маңдайындагы Махпела талаасындагы үңкүргө койду. 20  Ошентип, Хеттин тукумдары ал талааны, андагы үңкүрдү Ыбрайымдын ээлигине өткөрүп беришти. Ал аны сөөк коё турган жай кылды.+

Шилтемелер

Же балким: «улуу башчысыз».
Сөзмө-сөз: «400 шекел күмүш». Б14 тиркемесин кара.