Башталыш 44:1—34

  • Жусуптун күмүш чөйчөгү Бенжеминдин кабынан табылат (1—17)

  • Жүйүт Бенжемин үчүн суранат (18—34)

44  Бир аздан кийин Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Булардын каптарына алып кете алышынча эгин салып бер да, ар биринин акчасын кайра өзүнүн кабына салып кой.+ 2  Ал эми кичүүсүнүн кабына эгинге төлөгөн акчасы менен кошо күмүш чөйчөгүмдү да салып кой»,— деди. Ал Жусуп айткандай кылды. 3  Эртең менен жарык киргенде, аларды узатып коюшту. Алар эшектерин алып, жөнөп кетишти. 4  Анан шаардан узай электе эле, Жусуп үйүнө көзөмөл кылган кишиге: «Бар, тигилерди кууп жетип: „Эмнеге жакшылыгыбызга жамандык кылдыңар? 5  Эмне үчүн мырзамдын чөйчөгүн уурдап кеттиңер? Ал аны менен төлгө да аччу. Силер жаман иш кылдыңар“,— деп айт»,— деди. 6  Ал тигилерди кууп жетип, ушинтип айтты. 7  Ошондо алар: «Эмнеге мырзам минтип айтып жатат? Кантип эле кулдарыңыз ушундай ишке барсын? 8  Өткөндө каптарыбыздан табылган акчаны сизге Канаан жеринен бери кайра алып келбедикпи.+ Анан кантип мырзаңыздын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек? 9  Чөйчөк кулдарыңыздын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын, калгандарыбыз мырзабызга кул бололу»,— дешти. 10  Ал: «Мейли, айтканыңардай болсун. Кимден табылса, ал мага кул болот, калгандарыңар айыптуу болбойсуңар»,— деди. 11  Алар шаша-буша каптарын жерге түшүрүп, ар бири өз кабынын оозун ачты. 12  Тиги киши улуусунан баштап кичүүсүнө чейин ар биринин кабын жакшылап карап чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды.+ 13  Ошондо алар кийимдерин айрып, жүгүн кайра эшектерине артып, шаарга кайтып келишти. 14  Жүйүт+ менен бир туугандары Жусуптун үйүнө киришсе, ал кете элек экен. Алар анын алдына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты.+ 15  Жусуп: «Бул эмне кылганыңар? Мендей адамдын төлгө ачып эле баарын билип коёрун билген жок белеңер?» — деди.+ 16  Жүйүт: «Мырзабызга эми эмне дей алабыз? Эмне дейбиз? Эмне деп актана алабыз? Чыныгы Кудай кулдарыңыздын айыбын ачты.+ Эми баарыбыз мырзабызга кул болобуз. Биз да, чөйчөк кимден табылган болсо, ошол да кул болот»,— деди. 17  Бирок Жусуп: «Жок, мен андай кылбайм! Чөйчөк кимден табылса, ошол гана мага кул болот.+ Калганыңар атаңарга бара бергиле»,— деди. 18  Ошондо Жүйүт жанына келип, мындай деди: «Мырзам, сиз фараонго тең адамсыз,+ кулуңузга бир ооз сөз айтканга уруксат этиңиз, каардана көрбөңүз. 19  Сиз: „Атаңар же дагы башка бир тууганыңар барбы?“ — деп сураганда, 20  биз: „Карып калган атабыз бар. Анын карыганда көргөн баласы, кенже инибиз,+ бар. Бир энеден экөө төрөлгөн эле, бирок агасы өлүп,+ жалгыз калган.+ Атасы аны жанындай көрөт“,— дегенбиз. 21  Ошондо: „Аны мага алып келгиле, өз көзүм менен көрөйүн“,— дегенсиз.+ 22  Бирок биз сизге: „Инибиз атасын калтырып кете албайт. Эгер калтырып кетсе, атабыз өлүп калат“,— дегенбиз.+ 23  Сиз болсо: „Кенже иниңер силер менен келбесе, көзүмө көрүнбөгүлө“,— дегенсиз.+ 24  Анан атабызга барып, эмне дегениңизди айтып бергенбиз. 25  Кийинчерээк ал: „Дагы барып, бир аз азык-түлүк сатып келгиле“,— деген.+ 26  Бирок биз: „Ал жакка бара албайбыз. Кенже инибиз биз менен барса гана барабыз. Барбаса, тиги кишинин алдына бара албайбыз“,— дегенбиз.+ 27  Ошондо атабыз бизге: „Аялымдын мага эки уул төрөп бергенин билесиңер.+ 28  Бирөөсүн үйдөн кеткен боюнча көргөн жокмун. Ал жырткычка жем болсо керек.+ 29  Эгер муну да алып кетсеңер, анан бул да кырсыкка кабылып, өлүп калса, ак баскан башыма кайгы салып, мени көргө+ киргизесиңер“,— деген.+ 30  Эгер атама жанындай жакшы көргөн бул баласын алып барбасам, 31  баласынын жок экенин көрүп, күйүтүнө чыдабай өлүп калат. Ошондо карыган атабызды кайгыга батырып, өзүбүз эле өлтүрүп алабыз*. 32  Баласын алып кетип баратып атама: „Эгерде аны сизге кайра алып келбесем, өмүр бою алдыңызда айыптуу болоюн“ — деп, жоопкерчиликти өз мойнума алган элем.+ 33  Ошон үчүн инимдин ордуна мырзама мен кул болоюн, ал болсо агалары менен кете берсинчи. 34  Иним жок атама кантип барам? Атамдын башына кайгы түшкөнүн кантип карап турам?»

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «көргө түшүрөбүз». Еврейче шеол. Сөздүктү кара.